Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 51-БӨЛҮМ

Туулган күндө бирөөнүн өмүрүнүн кыйылышы

Туулган күндө бирөөнүн өмүрүнүн кыйылышы

МАТАЙ 14:1—12; МАРК 6:14—29; ЛУКА 9:7—9

  • ИРОД ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ ЖАКАНДЫН БАШЫН АЛДЫРАТ

Иса пайгамбардын элчилери Галилеяда кабар айтып жүргөндө, элди Иса Машаяктын келишине даярдаган киши түрмөдө отурган. Ал Чөмүлдүрүүчү Жакан эле. Анын эркинен ажыратылганына дээрлик эки жылдай болуп калган.

Ирод Антиппа падыша бир тууганы Филиптин аялы Иродияны аялдыкка алып алган. Ошон үчүн Жакан аларды ачык эле айыптачу. Ирод Иродияга үйлөнүш үчүн биринчи аялын кетирген эле. Ал Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык жашайм деп айтчу. Бирок, Мыйзамга ылайык, алардын никеси ойноштукка жаткан жана Кудайдын көз алдында мыйзамсыз болчу. Жакан аларды ачык эле ашкерелегени үчүн, кыязы, Иродиянын тукуругу менен Ирод Жаканды түрмөгө каматкан.

Ирод Жаканды эмне кылышты билбей жүргөн, «анткени эл Жаканды пайгамбар деп эсептечү» (Матай 14:5). Ал эми Иродия болсо эмне кылышты эң сонун билген. Ал «Жаканга кек сактап», көзүн тазалоонун амалын таппай жүргөн (Марк 6:19). Ошентип, арам оюн ишке ашыра турган күн да келет.

Б.з. 32-жылы өткөрүлгөн Пасах майрамынын астында Ирод туулган күнүн белгилеп, чоң той өткөрөт. Тойго Ироддун ак сарайында кызмат кылган жогорку даражалуу кызматкерлер, аскер башчылар, Галилеянын аттуу-баштуу кишилери келишет. Тойдо Иродиянын Филиптен төрөлгөн Саломе деген кызы конокторго бийлеп берет. Бул баарына аябай жагып калат.

Өгөй кызына абдан ыраазы болгон Ирод ага: «Каалаганыңды сура, баарын берем»,— дейт. Анан: «Сураганыңдын баарын, атүгүл падышалыгымдын жарымын да берем»,— деп ант берет. Жооп берерден мурда Саломе апасына барып: «Эмне сурайын?» — дейт (Марк 6:22—24).

Мына, Иродиянын көктөн издегени жерден табылды! Көкүрөк өчүн кандырууну көксөп жүргөн неме буйдалбастан: «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын сура»,— деп айта салат. Саломе дароо падышага барып: «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын табакка салып, мага азыр алып келишсин»,— дейт (Марк 6:24, 25).

Муну укканда Ирод аябай капаланат, бирок ал Саломеге элдин көзүнчө ант берип койгон эле. Эми жазыксыз кишинин канын төгүүгө туура келсе да, антын аткарышы керек. Болбосо элге уят болот. Ошондуктан Ирод төбө чачты тик тургузган буйрук берип, жан сакчыларын түрмөгө жөнөтөт. Бир аздан соң сакчылар Жакандын башын табакка салып алып келишет. Ирод аны Саломеге берет, ал аны апасына алып жөнөйт.

Муну уккан Жакандын шакирттери анын сөөгүн алып кетип, жерге беришет. Андан соң баарын Иса пайгамбарга айтып беришет.

Кийинчерээк Ирод падыша Иса Машаяктын элдерди айыктырып, жиндерди кууп чыгарып жатканын угат. Ошондо аны коркунуч басат. Анткени ал ажайып иштерди жасап жүргөн Иса Машаякты тирилген Жакан деп ойлоп алган болчу (Лука 9:7). Андыктан Ирод Иса Машаякты аябай көргүсү келет. Бирок ал анын кабарын угуш үчүн эмес, коркууга себеп барбы же жокпу, ошону билиш үчүн эле жолуккусу келет.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү туулган күндү эмне үчүн белгилешпейт?

Туулган күндү белгилөө Кудайга жакпай турганын далилдеген 4 нерсени окуп көргүлө.

Чындык жолуна түш

Башкаларга ишенимиң тууралуу айтууда кандай кыйынчылыктарга кабылышың мүмкүн? Көз карашыңды алардын көңүлүн оорутпагыдай кылып кантип түшүндүрүп берсең болот?