Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 39-БӨЛҮМ

Тоң моюн муундун башына каран түн түшөт

Тоң моюн муундун башына каран түн түшөт

МАТАЙ 11:16—30; ЛУКА 7:31—35

  • ИСА ПАЙГАМБАР АЙРЫМ ШААРЛАРДЫ АЙЫПТАЙТ

  • АЛ ЭЛДИН ТҮЙШҮГҮН ЖЕҢИЛДЕТИП, СЕРГИТЕТ

Иса пайгамбар Чөмүлдүрүүчү Жаканды абдан сыйлачу. Бирок элдин Жаканга карата көз карашы кандай болгон? Иса пайгамбар мындай деген: «Бул муун базар аянтында отуруп алып, досторуна мындай деп кыйкырып жаткан балдарга окшош: „Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз боздодук, бирок силер кайгыра төшүңөрдү ургулаган жоксуңар“» (Матай 11:16, 17).

Иса пайгамбар эмне деп айткысы келген? Ал ойду мындай деп түшүндүргөн: «Жакан келди: ал жебейт, ичпейт. Муну көргөн эл: „Анын ичинде жин бар“,— деп айтып жатат. Ошондой эле адам Уулу келди: ал жейт, ичет. Баары бир деле эл: „Ал — сугалак, шарапты жакшы көргөн киши, салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн досу“,— деп айтып жатат» (Матай 11:18, 19). Жакан назир болгондуктан жөнөкөй жашачу, атүгүл шарапты оозуна алчу эмес. Бирок ошого карабай эл анын ичинде жин бар дечү (Сандар 6:2, 3; Лука 1:15). Ал эми Машаяк эл катары жашап, чеги менен ичип-жечү. Бирок эл аны да жактырбай, тамаксоо, шарапкор деп айыптаган. Айтор, элге жагуу кыйын болчу.

Иса пайгамбар замандаштарын достору чоор тартса, бийлебей койгон, боздоп ыйлашса, кайгырбай койгон базар аянтындагы балдарга салыштырган. «Кандай дешпесин, адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деген ал (Матай 11:16, 19). Ооба, Жакан менен Иса пайгамбардын жакшы иштери аларга карата айтылган сөздөрдү төгүнгө чыгарган.

Замандаштарынын тоң моюн экенин айткандан кийин Иса пайгамбар Хоразин, Бетсаида, Капернаум шаарларын айыптаган. Ошол шаарларда пайгамбар көп ажайып иштерди жасаган. Эгер ошол кереметтерди Финикиядагы Тир менен Сидон шаарларында жасаса, өзү айткандай, алар эчак күлгө отуруп өкүнүшмөк. Иса пайгамбар өзү бир аз жашап кеткен Капернаумду да айыптаган. Анткени аны Капернаумдун тургундарынын көбү уккан эмес. Ошондуктан: «Сот күнү бул шаардын жазасына караганда Содомдун жазасы жеңилирээк болот»,— деген (Матай 11:24).

Андан ары Иса пайгамбар сөзүн улап, баа жеткис чындыкты даанышмандар менен акылдуулардан жашырып, наристелердей болгон момун кишилерге ачып берген асмандагы Атасын даңктаган (Матай 11:25). Анан карапайым кишилерге мындай деген: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт. Себеби моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил» (Матай 11:28—30).

Иса пайгамбар элди кантип сергиткен? Дин кызматчылар Ишемби күнгө байланыштуу эрежелерди жана башка толгон-токой каада-салттарды ойлоп таап, элдин жонуна оор жүк артып салышкан. Бирок Иса пайгамбар элге Кудай жөнүндөгү чындыкты айтып, түйшүккө батырган каада-салттардан арылтып, сергиткен. Мындан тышкары, ал ырайымсыз бийликтин таман астында онтоп жаткандардын жана күнөөсүнөн улам мүңкүрөп жүргөндөрдүн жүгүн жеңилдеткен. Иса пайгамбар аларга эмненин аркасында күнөөлөрү кечирилерин жана канткенде Кудай менен кайрадан ынак мамиледе боло аларын ачып берген.

Иса пайгамбардын ыңгайлуу моюнтуругун алгандар өмүрүн мээримдүү, ырайымдуу Кудайга арнап, ага кызмат кыла алышат. Кудайга кызмат кылуу эч кимге оордук келтирбейт, анткени анын осуяттарын аткаруу оор эмес (1 Жакан 5:3).

Көбүрөөк билиңиз

Исанын жолдоочулары Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманышы керекпи?

Ишембиге кармануу талап болбосо, эмне үчүн Ыйык Китепте ага байланыштуу мыйзам түбөлүккө түзүлгөн келишим деп айтылат?

«Осуяттардын эң биринчиси кайсы?»

Кудайдын талаптарын жөнөкөй эле сөз менен жыйынтыктоого болот.