Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 35-БӨЛҮМ

Тоодо айтылган белгилүү насаат

Тоодо айтылган белгилүү насаат

МАТАЙ 5:1—7:29; ЛУКА 6:17—49

  • ТООДО АЙТЫЛГАН НАСААТ

Машаяк түнү бою тиленип, 12 элчисин тандайт. Ал аябай чарчаса керек. Бирок эс албастан, эртеси да элге жардам берүүгө ынтызар. Ал, кыязы, Капернаумга жакын жайгашкан бир тоого барат.

Эл туш-тараптан агылып келет. Айрымдары Иерусалим менен Жүйүт жеринин башка аймактарынан келишсе, башкалары түндүк-батыштагы Тир менен Сидон шаарларынан келишет. Тээ алыстан келген эл Иса пайгамбардын сөздөрүн угуп, ооруларынан айыгууну каалайт. Пайгамбар алардын «баарын», анын ичинде «жиндердин айынан азап чегип жүргөндөрдү» да айыктырат (Лука 6:17—19).

Эл тоонун бийигирээк жеринде отурган пайгамбарды тегеректеп калат. Шакирттери жана 12 элчиси анын жанына отурса керек. Ошентип, Машаяк жашоодо чындап пайдалуу боло турган насаатын айта баштайт. Баары аны дит коюп угат. Андан бери кылымдар оошсо да, ал насааттан көптөр пайда алып келишет. Биз да пайда алып жатабыз. Себеби Иса пайгамбар терең ойлорду жөнөкөй, түшүнүктүү кылып айтып берген. Ал көп нерсени күнүмдүк турмуштагы нерселердин жардамы менен түшүндүргөн. Ошо себептен Кудайдын жолуна түшүп, бактылуу болгусу келгендер аны оңой эле түшүнө алышкан. Ошол насаатта зор мааниге ээ болгон кандай ойлор айтылган?

КИМДЕР ЧЫНДАП БАКТЫЛУУ?

Бактылуу болууну каалабаган бир да жан жок. Андыктан Машаяк насаатын кимдер чындап бактылуу экенин айтуудан баштайт. Ошондо элдин аны кунт коюп угуп, айрым ойлоруна таң калганын элестетсең. Ал мындай деген:

«Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык. Кайгыргандар бактылуу, анткени алар сооронушат... Адилдикти эңсегендер бактылуу, анткени алар канааттанышат... Адилдик үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык. Мен үчүн кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар,.. бактылуусуңар. Кубанып-шаттангыла» (Матай 5:3—12).

Чыныгы бакыт деген эмне? Ал тек гана көңүл ачканда күлүп-жайнап, кубанганды билдирбейт. Чыныгы бакыт андан да көптү камтыйт. Чындап бактылуу болуу ток пейил болууну, канааттанып, маңыздуу жашоону билдирет.

Ооба, Машаяк Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөрдү, өзүнүн күнөөлүү экенине кайгыргандарды, Кудайды таанып-билип, ага кызмат кылгандарды чындап бактылуу деген. Алар Кудайдын эркин аткарганы үчүн куугунтукталган күндө да, өздөрүн бактылуу сезишет. Анткени алар Кудайга жакканды кылып жатканын жана өз учурунда зор сыйлык, түбөлүк өмүр, аларын билишет.

Көптөр рахатка батып жашагандар жана байлар гана бактылуу деп ойлошот. Бирок Машаяк мунун туура эмес экенин айткан. Ал элди ойлондуруп, мындай деген: «Байлар, силердин башыңарга каран түн түшөт, анткени алчу нерселериңерди толугу менен алдыңар. Азыр ток жүргөндөр, башыңарга каран түн түшөт, анткени ачка болосуңар. Азыр күлүп жаткандар, башыңарга каран түн түшөт, анткени боздоп ыйлайсыңар. Элдин баары силер жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышса, силерге кайгы. Анткени алардын ата-бабалары да жалган пайгамбарларга ошондой мамиле кылышчу» (Лука 6:24—26).

 Эмне үчүн бай болуу, көңүл ачуу же мактоо сөздөрдү угуу кайгы алып келет? Анткени жалаң эле ушуларга умтулган киши Кудайдын эркин четке кагып, бактысыз болуп калат. Иса пайгамбар жарды же ачка болсоң эле, бактылуу болосуң дегиси келген эмес. Адатта, карапайым кишилер Машаяктын сөзүнө кулак кагып, чыныгы бакытка ээ болушат.

Машаяк шакирттерине: «Силер жердин тузусуңар»,— деген (Матай 5:13). Албетте, алар түз мааниде туз эмес. Туз кайсы бир нерсени бузулуп кетүүдөн сактай турган касиетке ээ. Байыркы учурда ибадатканадагы курмандык жайынын жанында чоң үймөк туз жатчу. Курмандыктар туз себилгенден кийин гана чалынчу. Туз бузулуп, чирип кетүүгө туруштук берүүнү да туюнтат (Лебилер 2:13; Жезекиел 43:23, 24). Анда Машаяктын жолдоочулары кандай мааниде «жердин тузу»? Алар башкаларга Кудай менен болгон мамилесин бузуп албоого, адеп-ахлактык жактан бузулуп кетпөөгө жардам беришет. Ооба, алардын кабарын уккандар өмүрүн сактап калышат.

Иса пайгамбар шакирттерине: «Силер дүйнөнүн жарыгысыңар»,— деп да айткан. Адатта, чырактын үстүнө идишти көмкөрүп коюшпайт, аны чыракпаяга коюшат. Ошондо жарык бүт бөлмөгө тиет. Андыктан Машаяк: «Башкалар жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн, силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун»,— деген (Матай 5:14—16).

БИЙИК НОРМАЛАР

Диний жетекчилер Иса пайгамбарды Мыйзамды бузду деп айыптап, өлтүрүүнү көздөшкөн. Андыктан пайгамбар тайманбастан: «Мени Мыйзамды же пайгамбарлардын сөздөрүн жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим»,— деген (Матай 5:17).

Иса Мыйзамды өзү да баалаган, башкаларга да аны баалоого түрткү берген. Ал: «Кимде-ким андагы эң кичинекей осуяттардын бирин бузса жана башкаларды да ошого үйрөтсө, ал асман Падышалыгына кирүүгө татыксыз болот»,— деген. Бул андай кишинин Падышалыкка таптакыр кирбей турганын билдирет. Ал андан ары: «Ал эми ким аларды аткарса жана башкаларды да ошого үйрөтсө, ал асман Падышалыгына кирүүгө татыктуу деп табылат»,— деген (Матай 5:19).

 Ал атүгүл Мыйзамды бузууга түртө турган ойлордун тамырын кыя чабууга жардам бере турган кеңеш берген. Мыйзамда: «Киши өлтүрбө»,— деп жазылганын айткан соң ал: «Бир тууганына каарданганын токтотпогон ар бир адам сот алдында жооп берет»,— деген (Матай 5:21, 22). Бирөөгө каарданып жүрө берүү кооптуу. Бул атүгүл киши өлтүрүүчүлүккө түртүшү мүмкүн. Ошондуктан пайгамбар тынчтыкка умтулушубуз керектигин мындайча баса белгилеген: «Курмандык жайына курмандык алып келгениңде, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал» (Матай 5:23, 24).

Мыйзамда ойноштукка байланыштуу да осуят бар болчу. Иса пайгамбар бул туурасында: «Силер: „Ойноштук кылба“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай дейм: аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деген (Матай 5:27, 28). Ал жаман ойдун кылт эткени жөнүндө эмес, кечке эле «карай берүү» жөнүндө сөз кылган. Кимдир бирөөнү «карай берүү» кумарды күчөтөт. Анан адам ыгы келе калганда ойноштук кылышы мүмкүн. Мындан канткенде сак боло алабыз? Ан үчүн чечкиндүү иш-аракет кылуу талап кылынат. Иса пайгамбар: «Сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер... Ошондой эле оң колуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал да, ыргытып жибер»,— деп айткан (Матай 5:29, 30).

Айрымдар өмүрүн сактап калыш үчүн колун же бутун кестирип салууга да даяр. Андыктан жаман ойлорго алдырып, азабын тарткандан көрө, баарынан, атүгүл баалуу болгон көздөн же колдон «айрылуу» алда канча артык. Машаяк: «Бүт денең гээнага ташталгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы»,— деген. Гээна Иерусалимдин жанындагы таштандылар ыргытылган, дайыма күйүп турган жер болчу. Ал биротоло жок болууну билдирет.

Иса пайгамбар бизди таарынткандарга же зыян келтиргендерге кандай мамиле кылышыбыз керектигин да айткан. Ал: «Жаман адамга каршылык көрсөтпө, тескерисинче, оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тосуп бер»,— деген (Матай 5:39). Бул үй-бүлөбүзгө же бизге кол салышса, таптакыр коргонбошубуз керектигин билдирбейт. Адатта, бирөө өлтүрүш үчүн же зыян келтириш үчүн эмес, басынтып, кордош үчүн жаакка чабат. Машаяктын сөздөрү бизди, чатак чыгарыш үчүн же мушташыш үчүн, жаакка чабышабы же сөз менен басынтышабы, жооп кайтарбашыбыз керектигин билдирет.

Бул кеңеш жакыныбызды сүйүүгө байланыштуу мыйзамга шайкеш келет. Машаяк: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деген. Мунун себебин ал: «Ошондо  асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар, себеби ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат»,— деп түшүндүргөн (Матай 5:44, 45).

Иса Машаяк насаатынын бул бөлүгүн: «Асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болгула»,— деп корутундулаган (Матай 5:48). Албетте, биз толук мааниде жеткилең боло албайбыз. Бирок Кудайды туурасак, күчтүү сүйүү өрчүтө алабыз. Мунун аркасында атүгүл душмандарыбызды да сүйө алабыз. Ушул эле ой: «Асмандагы Атаңар кандай кайрымдуу болсо, силер да ошондой кайрымдуу болгула»,— деп да берилген (Лука 6:36).

ТИЛЕНҮҮ ЖАНА КУДАЙГА ТАЯНУУ

Иса пайгамбар насаатын: «Башкаларга көрүнүш үчүн эле адил болуудан сак болгула»,— деп улаган. Ал анткорлонуп, Кудайга берилгендей болуп көрүнүүгө аракет кылуунун туура эмес экенин баса белгилеп: «Кайыр берип жатканыңда, элге жарыялап, сурнай тартпа»,— деген (Матай 6:1, 2). Ооба, жакшылыкка жаткан иштерди эч кимге жар салбай кылганыбыз жакшы.

Машаяк дагы мындай деген: «Тиленип жатканыңарда да эки жүздүүлөрдөй болбогула, анткени алар башкаларга көрүнүш үчүн синагогаларда, чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып тиленгенди жакшы көрүшөт... Сен болсо тиленерде өз бөлмөңө кирип, эшикти жап да, көрүнбөгөн жайдагы Атаңан тилен. Ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың» (Матай 6:5, 6). Иса пайгамбар таптакыр эл алдында тиленбешибиз керектигин айткан эмес. Өзү да эл алдында көп жолу тиленген. Ал элди суктандырып, мактоо сөздөрдү угуш үчүн тиленүүнүн туура эмес экенин айткан.

Ал: «Тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайталай бербе, себеби алар көп сөз айтканда Кудай угат деп ойлошот»,— деп да айткан (Матай 6:7). Ал бир нерсе жөнүндө кайра-кайра тиленүүнү туура эмес деп айткан эмес. Анын сөздөрүнөн тиленүүнү жаттап алып, эч ойлонбой эле кайталай берүүнү туура көрбөгөнүн билүүгө болот. Ал кантип тилениш керектигин үлгү иретинде көрсөткөн. Ошол тиленүүдөгү 7 өтүнүчтүн үчөө Кудайдын ой-ниетине жана эгедерлигине, тактап айтканда, ысмынын ыйыкталышына, Падышалыгынын келишине жана эркинин аткарылышына байланыштуу. Биз ушулар жөнүндө тиленгенден кийин гана Кудайдан күнүмдүк наныбызды беришин, күнөөлөрүбүздү кечиришин, көтөрө алгыс сыноолорго жол бербешин жана Кара өзгөйдөн сакташын сурансак болот.

Ал эми байлык жашоодо кайсы орунда турушу керек? Иса пайгамбар элди: «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула. Жерде аны күбө жейт, дат басат, уурулар кирип, уурдап кетишет»,— деп үндөгөн. Кандай гана даанышман сөздөр! Дүнүйө-мүлк бүгүн бар — эртең жок. Буга турмуш өзү күбө. Анын үстүнө, байлык  Кудайдын алдында кишинин беделин көтөрө албайт. Андыктан Иса пайгамбар: «Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула»,— деп айткан. Эгер кызматты биринчи орунга койсок, байлыкты асманга топтогон болобуз. Чынында эле, эч ким бизди Кудайдын ырайымынан ажырата албайт, сыйлыгыбызды, түбөлүк өмүрдү, да тартып ала албайт. Ооба: «Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот»,— деген сөздөрдө калет жок (Матай 6:19—21).

Байлыкты туу тутуунун туура эмес экени бул мисалдан да көрүнүп турат: «Дененин чырагы — көз. Эгер көзүң бир эле нерсеге багытталса, бүт денең жарык болот. Эгер көзүң жаман нерсеге багытталса, бүт денең караңгы болот. Сендеги жарык, чынында, караңгылык болсо, анда ал караңгылык кандай гана коюу!» (Матай 6:22, 23). Жакшы, айкын көргөн каймана көз дене үчүн жарык сыяктуу. Бирок ан үчүн «көз» бир эле нерсеге багытталышы керек, болбосо бардык нерсеге туура эмес баа бере башташыбыз мүмкүн. «Көзүбүздү» Кудайдын ишине эмес, байлыкка багыттасак, «бүт денебиз» караңгы болуп, караңгылыкка таандык шектүү иштерге тартыла баштайбыз.

Иса пайгамбар: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар» — деп, дагы бир таасирдүү мисал айткан (Матай 6:24).

Ошондо эл жашоодогу зарыл нерселерге кандай көз карашта болушу керектигин ойлогон чыгар. Андыктан Машаяк, биринчи кезекте Кудайдын ишин кылууга умтулсак, тынчсызданбай эле койсок болорун айткан. «Көктө учкан канаттууларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага да жыйнабайт, ошентсе да асмандагы Атаңар аларды азыктандырат»,— деген ал (Матай 6:26).

 Ал эми «лилия гүлдөрү» тууралуу Иса пайгамбар: «Атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун, алардын бириндей да кийинген эмес»,— деген. Бул эмнени көрсөтүп турат? Эгер «бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе», анда бизди кантип кийиндирбей койсун?! (Матай 6:29, 30). Ошондуктан Иса пайгамбар мындай деп үндөгөн: «„Эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла... Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (Матай 6:31—33).

ТҮБӨЛҮК ӨМҮРГӨ ЭЭ БОЛУШ ҮЧҮН...

Элчилер жана башка жүрөгү таза кишилер Кудайга жаккыдай жашоого умтулушкан. Бирок бул оңой болгон эмес. Мисалы, фарисейлер кыйкым издеп, соттогонго маш келген. Андыктан Машаяк: «Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла. Себеби башкаларды кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар»,— деген (Матай 7:1, 2).

Жумурткадан кыр издеген фарисейлерди тууроо кооптуу болгон. Иса пайгамбар: «Сокур сокурду жетелеп жүрө алабы? Экөө тең аңга түшүп кетпейби?!» — деген. Демек, биз башкаларды сындоодон алыс болушубуз керек. Анткени бул — олуттуу күнөө. Иса пайгамбар мындай суроо узаткан: «Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң? Өз көзүңдөгү дөңгөчкө көңүл бурбай, бир тууганыңа: „Бир тууганым, кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын“,— деп кантип айтасың? Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салыш керектигин көрөсүң» (Лука 6:39—42).

Башкаларды сындабаш керек деген такыр эле баамчыл болбошубуз керектигин билдирбейт. Иса пайгамбар: «Берметиңерди чочколордун алдына таштабагыла»,— деген (Матай 7:6). Ыйык Китептеги чындык баалуу берметке салыштырылат. Жаныбарлар берметти баалабагандай эле, айрымдар баа жеткис чындыкты баалашпайт. Андыктан аларга убакыт коротпой, чындыкты баалагандарды издешибиз керек.

Машаяк тиленүү жөнүндө кайрадан сөз кылып, үзгүлтүксүз тиленүүнүн маанилүүлүгүн айткан. «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет»,— деген ал. Кудай андай тиленүүлөрдү жоопсуз калтырбайт. Пайгамбар мындай деген: «Араңардан ким, уулу нан сураса, таш берет?.. Эгер силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерселерди кантип бербей койсун?!» (Матай 7:7—11).

Андан ары Иса пайгамбар: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» — деп, жүрүм-турумдун мыкты эрежесин берген. Кийин ал абдан белгилүү эреже болуп калган. Баарыбыз ушул даанышман кеңешке ылайык иш кылышыбыз керек. Бирок бул оңой эмес. Мунун себебин пайгамбар:  «Тар дарбазадан киргиле, анткени чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат. Ал жолдо бараткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз»,— деп түшүндүргөн (Матай 7:12—14).

Бизди өмүр жолунан буруп кете тургандар көп. Ошондуктан Иса Машаяк: «Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар — жырткыч карышкырлар»,— деп эскерткен (Матай 7:15). Дарактын жакшы же жаман экенине жемишине карап баа бергенибиздей эле, адамдарды да ошентип айырмалай алабыз. Демек, жалган пайгамбарларды окутуусунан же ишинен аңдап билебиз. Ооба, адам Машаяктын чыныгы жолдоочусу экенин сөзү менен эле эмес, иши менен да далилдеши керек. Айрымдар Машаякты Мырзасы катары эсептешет, бирок алар Кудайдын эркин аткарып жатышабы? Машаяк: «Аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтам»,— деген (Матай 7:23).

Акырында Иса пайгамбар насаатын: «Ушул сөздөрүмдү угуп, аткаргандардын баары үйүн аска таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош. Шамал согуп, жамгыр төгүп, сел жүрүп, ал үйдү каптады. Бирок ал ураган жок, анткени аска таштын үстүнө курулган болчу»,— деп корутундулаган (Матай 7:24, 25). Ал үй эмне үчүн ураган эмес? Анткени мисалдагы киши «жерди терең казып, пайдубалын аска таштын үстүнө тургузган» (Лука 6:48). Ооба, Иса пайгамбардын сөздөрүн окуп коюу эле жетишсиз. Биз аларды аткарышыбыз керек.

Ал эми анын сөздөрүн угуп, бирок аткарбагандар «үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош» (Матай 7:26). Жамгыр төгүп, шамал согуп, сел жүрсө, үйү талкаланат.

Ошентип, Иса пайгамбар сөзүн аяктаганда, эл абдан таң калат. Ал диний жетекчилердей эмес, бийлиги бар кишидей сүйлөгөн. Андыктан насаатты уккан көптөгөн кишилер анын шакирти болушкан көрүнөт.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жашоонун маңызы жөнүндө ал эмне деген?

Иса пайгамбардын айткандарына ылайык иш кылгандардын жашоосу маңыздуу болорун тастыктаган жашоодон алынган мисалдар.