Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 37-БӨЛҮМ

Жесир аялдын уулун тирилтиши

Жесир аялдын уулун тирилтиши

ЛУКА 7:11—17

  • НАИНДЕГИ КЕРЕМЕТ

Машаяк жүз башынын кызматчысын айыктыргандан кийин Капернаумдан чыгып, түштүк-батышты көздөй 32 чакырымдан ашык алыстыкта жайгашкан Наинге жөнөйт. Ал жалгыз эмес. Артынан шакирттери менен көп эл баратат. Алар Наиндин чет-жакасына күүгүм талаш жеткен көрүнөт. Бир маалда шаардан бир жигиттин сөөгүн көтөрүп, бир топ эл чыгат. Алар мүрзөнү көздөй бараткан эле.

Алардын ичинен баарынан да эненин сай-сөөгү сыздап барат. Жесир болгону аз келгенсип, бечара аял медер туткан жалгыз уулунан да ажырап отурат. Күйөөсүнөн айрылганда, жанынан артык көргөн уулу анын кубанычы да, карааны да эле. Басса-турса да бирге жүргөн эне-баланын канчалык ынак болгонун элестетсең. Уулу анын таянар тоосу болчу. Эми ал да жок. Аны ким багат, ким ага тирек болот?

Күйүткө батып, көз жашын көлдөткөн жесирди көргөндө пайгамбардын зээни кейийт. Ал назиктик, ошол эле учурда чечкиндүүлүк менен: «Ыйлаба»,— деп айтат. Анан табытка жакын келип, колун тийгизет (Лука 7:13, 14). Сөөктү узатып бараткан калың эл тык токтоп, пайгамбарды тигиле карап калат. Алар: «Эми ал эмне кылат болду экен?» — деп ойлонгон чыгар.

Машаякты коштоп жүргөндөр анын оорулууларды айыктырганын, башка кереметтерин далай жолу көрүшкөн. Бирок, кыязы, өлгөндөрдү тирилткенин бир да жолу көрүшкөн эмес. Байыркы учурда өлгөндөрдү тирилткен пайгамбарлар болгон. Бирок бул Машаяктын колунан келет беле? (1 Падышалар 17:17—23; 2 Падышалар 4:32—37). Ал: «Жигит, сага айтып жатам, ордуңан тур!» — деп буйруйт (Лука 7:14). Ошондо жигит өйдө болуп, сүйлөй баштайт. Муну көргөндө энеси бир чети кубанса, бир чети таң калат. Эми эне жалгыздыктын азабын тартпайт.

Жигиттин чындап эле тирилгенин өз көзү менен көргөндө айрымдар: «Арабыздан улуу пайгамбар чыкты»,— дешсе, башкалары: «Кудай өз элине назарын салды» — деп, өмүрдүн булагы болгон Кудайды даңкташат (Лука 7:16). Бул кабар шаардын тегерек-четине чагылгандай тез тарайт. Наинден 10 чакырымдай алыс жайгашкан, пайгамбар чоңойгон Назаретте да эл уу-дуу болгон көрүнөт. Бул тууралуу атүгүл түштүктө орун алган Жүйүт аймагындагылар да угушат.

Ал эми Чөмүлдүрүүчү Жакан дагы деле түрмөдө. Ал Машаяктын дагы кандай кереметтерди кыларына кызыкдар. Анын ажайып иштери жөнүндө ага шакирттери айтып келип турушчу. Буга Жакан кандай карайт болду экен?

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Тирилүү деген эмнени билдирет?

Кимдердин тирилери жөнүндө окуп көргүлө.