Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 55-БӨЛҮМ

Машаяктын көптөрдү аң-таң кылышы

Машаяктын көптөрдү аң-таң кылышы

ЖАКАН 6:48—71

  • МАШАЯКТЫН ДЕНЕСИН ЖЕП, КАНЫН ИЧҮҮ

  • КӨПТӨР МҮДҮРҮЛҮП, АНЫН ЖОЛУН ЖОЛДОБОЙ КАЛАТ

Иса Машаяк Галилея деңизинин чыгышынан келген, керемет жолу менен курсагын тойгузган элге өзүнүн асмандан келген «нан» экенин айтты. Эми ал Капернаумдагы синагогада ушул туурасында сөзүн улап, мындай дейт:

«Ата-бабаларыңар чөлдө манна жегени менен, баары бир өлүшкөн. Ал эми асмандан келген нанды жеген адам өлбөйт. Мен асмандан келген тирүү нанмын. Ким бул нандан жесе, түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан — адамзаттын өмүрү үчүн бериле турган денем» (Жакан 6:48—51).

Ал б.з. 30-жылы жазында Никедимге Кудай дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн аларды өлүмдөн куткарыш үчүн өз Уулун бергенин айткан болчу. Эми көпчүлүккө анын денесин жеш керектигин — денесин курмандыкка берерине ишениши керектигин — баса белгилейт. Мына, түбөлүк өмүргө жетүүнүн бирден бир жолу — ушул.

Бирок эл анын айткандарын жактырбай: «Бул кантип өз денесин бизге жегенге берсин?» — деп, нааразы болот (Жакан 6:52). Иса пайгамбар болсо алардын бул сөздөрүн түзмө-түз эмес, каймана мааниде айтылганын түшүнүшүн каалайт. Ошондуктан айткандарынын маанисин түшүндүрүп берет.

«Адам Уулунун денесин жеп, канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар. Ким менин денемди жеп, канымды ичсе, түбөлүк өмүргө ээ... Анткени менин денем — чыныгы азык, ал эми каным — чыныгы суусундук. Ким денемди жеп, канымды ичсе, ал мени менен биримдикте болот»,— дейт ал (Жакан 6:53—56).

Бул сөздөрдү уккан жүйүттөрдүн иренжигенин элестетип көрсөң. Алар Иса Машаяк кишинин этин жегенге жана Кудайдын канга байланыштуу мыйзамдарын бузууга түртүп жатат деп ойлошсо керек (Башталыш 9:4; Лебилер 17:10, 11). Бирок пайгамбар кадимки дене менен кан жөнүндө сөз кылган эмес болчу. Ал тек гана түбөлүк өмүргө ээ болгусу келген ар бир киши анын жеткилең денесин курмандыкка берерине жана төгүлө турган канына ишениши керектигин айткысы келген. Бул сөздөрдү атүгүл шакирттери да түшүнбөй калат. Айрымдары: «Бул эмне дегени?! Муну ким угуп тура алат?» — деп ачууланышат (Жакан 6:60).

Иса пайгамбар айрым шакирттеринин наалып жатканын билип: «Ушул сөздөргө мүдүрүлүп жатасыңарбы? Анда адам Уулунун келген жагына көтөрүлүп баратканын көрсөңөр, эмне кыласыңар?.. Силерге айткан сөздөрүм ыйык рухтан жана алар өмүр берет. Бирок араңарда ишенбегендер да бар»,— деп айтат. Ошондон кийин көп шакирттер аны таштап, жолун жолдобой калышат (Жакан 6:61—64).

Андыктан Иса пайгамбар 12 элчисинен: «Балким, силердин да кеткиңер келип жаткандыр?» — деп сурайт. Петир: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да. Биз сенин Кудайдын Ыйыгы экениңди билип, ишенип калдык»,— деп жооп берет (Жакан 6:67—69). Ооба, Петир менен башка элчилердин Устатынын сөздөрүн толук түшүнүшпөгөнүн эске алганда, алардын берилгендигине суктанбай койбойсуң.

Мырзасы Петирдин жообуна ыраазы болот, бирок ошол эле учурда: «Мен он экиңерди тандаган эмес белем? Бирок араңардан бирөө Ибилиске окшош»,— деп айтат (Жакан 6:70). Ал Жүйүт Искариот жөнүндө айтып жаткан эле. Кыязы, Иса пайгамбар так ошол учурда Жүйүттүн жүрөгү бузулуп, туура эмес жолго кадам таштай баштаганын байкаса керек.

Бирок Петир менен башка элчилердин баш тартып кетпей, өзү чыйыр салган, өмүр бере турган ишке катышууга дилгир экенин көрүп, абдан ыраазы болгону шексиз.