Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 64-БӨЛҮМ

Кечирүүнүн маанилүүлүгү

Кечирүүнүн маанилүүлүгү

МАТАЙ 18:21—35

  • ЖЕТИ ЭЛЕ ЖОЛУ КЕЧИРИШ КЕРЕКПИ?

  • ЖАМАН КУЛ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

Элчи Петир Устатынын бир туугандардын ортосундагы келишпестикти жекеме-жеке чечүү керектигине байланыштуу кеңештерин кунт коюп укту. Бирок ал жаза басып, жаңылган кишини канча жолу кечириш керектигин тактагысы келген сыяктанат.

Андыктан: «Мырзам, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» — деп сурайт. Диний жетекчилердин айрымдары күнөөкөрдү үч жолу кечириш керек деп окутушчу. Ушуну эске алган элчи Петир бир тууганын «жети жолу» кечирсе, айкөл киши болом деп ойлогон көрүнөт (Матай 18:21).

Бирок ката-кемчиликтерди эсептей берүү Машаяктын айткандарына карама-каршы келет. Ошондуктан ал: «Сага айтып коёюн, жети жолу эмес, жетимиш жети жолу» — деп, элчисинин оюн оңдойт (Матай 18:22). «Жетимиш жети жолу» деген сөздөр кечирүүдө чек болбошу керектигин билдирген. Ооба, элчи Петир бир тууганын чексиз кечириши керек болчу.

Андан соң Иса пайгамбар бир мисал келтирип, башкаларды кечирүүгө ар бир киши милдеттүү экенин баса белгилейт. Мисалда бир падыша кулдары менен эсептешет. Кулдарынын бири ага 10 000 талант [60 000 000 динар] карыз болчу. Ал аябай көп акча болгондуктан, андан кутулуу таптакыр мүмкүн эмес эле. Падыша ал кулдун өзүн да, аялы менен балдарын да сатып, карызды төлөп берүүнү буйруйт. Ошондо кул падышанын бут алдына жыгылып: «Бир аз сабыр эте туруңуз, мен баарын төлөп берем»,— деп жалбарат (Матай 18:26).

Боору ооруган падыша ырайым кылып, тоодой карызын кечип коёт. Кул болсо эшикке чыгары менен өзүнө 100 динар карыз болгон башка кулду издеп табат. Анан аны алка-жакадан алып: «Карызыңды төлө» — деп, муунтуп кирет. Байкуш кул жүзтөмөндөп жыгылып: «Бир аз сабыр эте тур, төлөп берем»,— деп жалбара баштайт (Матай 18:28, 29). Бирок карызы кечирилген кайрымы жок кул ырайымдуу падышадай иш кылбайт. Ал кенедей эле карызы бар кулду, баарын төлөп бергиче, түрмөгө каматып салат.

Муну көргөн башка кулдар падышага баарын төкпөй-чачпай айтып барышат. Ачууланган падыша тиги кулду чакыртып: «Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңда бүт карызыңды кечтим эле го. Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылышың керек эмес беле?» — деп жинденет. Анан каары кайнап, таш боор кулду, бүт карызын төлөп бермейин, түрмө сакчыларынын колуна тапшырат. Мисалын жыйынтыктап, Иса пайгамбар: «Эгерде ар бириңер бир тууганыңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге ушундай мамиле кылат»,— деп айтат (Матай 18:32—35).

Бул мисал кечиримдүү болуунун маанилүүлүгүн кандай гана таамай баса белгилеп турат! Кудай биздин тоодой болгон карыздарыбызды, башкача айтканда, күнөөлөрүбүздү күн сайын кечирет. Бир тууганыбыз бизге каршы кандай гана жаман иш кылбасын, анын кылганы өзүбүздүн күнөөлөрүбүзгө салыштырмалуу кенедей эле болуп калат. Жахаба бизди өмүр бою эле кечирип келатат. Андыктан нааразы болууга себеп бар болгон күндө да, бир тууганыбызды кечиришибиз керек. Иса Машаяктын тоодо айткан насаатына ылайык, Кудай карыздарыбызды — күнөөлөрүбүздү — биз башкалардын күнөөлөрүн кечиргенде гана, кечирет (Матай 6:12).

Көбүрөөк билиңиз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ (ЖӨНӨКӨЙЛӨТҮЛГӨН ЧЫГАРЫЛЫШЫ)

Бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирели

Канткенде Жахабаны туурап, кечирүүгө даяр боло алабыз?