Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 23-БӨЛҮМ

Капернаумдагы ажайып иштери

Капернаумдагы ажайып иштери

МАТАЙ 8:14—17; МАРК 1:21—34; ЛУКА 4:31—41

  • ИСА ПАЙГАМБАР ЖИНДЕРДИ КУУП ЧЫГАРАТ

  • ПЕТИРДИН КАЙНЕНЕСИН АЙЫКТЫРАТ

Иса пайгамбар 4 шакиртин — Петирди, Андрести, Жакыпты жана Жаканды — адам уулоочу болууга чакырды. Ишемби күнү баары Капернаумдагы синагогага барышат. Ал жерден Иса Машаяк элди окута баштайт. Анын окутканына суктанган элдин таң калганы таң калган. Анткени ал китепчилердей эмес, бийлиги бар кишидей окутчу.

Ишемби күнү синагогага ичинде жини бар киши да келген эле. Ал ошол жерден: «Назареттик Иса, бизди жайыбызга кой. Бизди жок кылганы келдиңби? Сенин ким экениңди билем: сен Кудайдын Ыйыгысың»,— деп кыйкырып кирет. Бирок Иса аны тыйып: «Үнүңдү бас да, чыгып кет!» — деп буйруйт (Марк 1:24, 25).

Ошондо жин тиги кишинин дене боюн карыштырып, болгон күчү менен кыйкырат да, ага эч зыян келтирбей ичинен чыгып кетет (Лука 4:35). Синагогадагы эл аң-таң болуп: «Бул эмнеси?.. Мунун жиндерге да буйрук берүүгө бийлиги бар экен. Алар болсо баш ийип жатышат»,— деп күрү-күү түшөт (Марк 1:27). Бул адаттан тыш иш жөнүндөгү сөздөр бүтүндөй Галилеяга желдей тарайт.

Синагогадан чыккандан кийин Иса Машаяк шакирттери менен Симон Петирдин үйүнө барат. Петирдин кайненесинин эти ысып, катуу ооруп жаткан болчу. Алар Устатынан аны айыктырышын өтүнүшөт. Ал аялдын жанына келип, колунан кармап тургузат. Аял ошол замат айыгып, Иса пайгамбар менен анын шакирттерине кызмат кыла баштайт. Кыязы, ал дасторкон жайып, аларды коноктосо керек.

Күн батып баратканда, эл Иса Машаякка бардык оорулууларды алып келе баштайт. Көп өтпөй эшиктин алдына шаардагылардын баары чогулуп калат. Эмне үчүн? Анткени алар ооруларынан сакайгысы келет. Ошентип, «Исага ар кандай оорулууларды алып келишет». «Ал ар биринин үстүнө колун коюп, баарын айыктырат» (Лука 4:40). Пайгамбарлар алдын ала айткандай, Иса Машаяк айыктыра албаган бир да оору болбойт (Ышая 53:4). Ал атүгүл көптөрдүн ичинен жиндерди да кууп чыгарат. Кишинин ичинен чыгып баратканда жиндер: «Сен Кудайдын Уулусуң»,— деп кыйкырышчу (Лука 4:41). Алар анын Машаяк экенин жакшы билишкен, бирок Иса пайгамбар аларга буйрук берип, сүйлөгөнгө тыюу салчу. Анткени жиндердин өздөрүн Жахаба Кудайга кызмат кылып жаткандай кылып көрсөтүшүн каалаган эмес.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Шайтан адамдарды башкарышы мүмкүнбү?

Шайтан адамдарга кантип таасир этет? Канткенде анын кылтагына түшпөйбүз?