Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 46-БӨЛҮМ

Машаяктын кийимине тиери менен айыгат

Машаяктын кийимине тиери менен айыгат

МАТАЙ 9:18—22; МАРК 5:21—34; ЛУКА 8:40—48

  • ИСА ПАЙГАМБАРДЫН КИЙИМИНЕ ТИЙГЕН АЯЛ АЙЫГАТ

Иса пайгамбардын Декаполистен кайтып келгени жөнүндөгү кабарды Галилея деңизинин түндүк-батышында жашаган жүйүттөрдүн баары угат. Анын деңиздеги шамалды тынчытканын көптөр уккан. Айрымдары анын жин бийлеп алган кишини айыктырганын да укса керек. Ошондуктан, кыязы, Капернаумдун аймагындагы деңиз жээгине «көп эл» чогулат (Марк 5:21). Пайгамбар жээкке чыкканда, чыдамсыздык менен күтүп турган эл аны тосуп алат.

Аны көрүүгө куштар болгондордун арасында, калыбы, Капернаумдагы бир синагоганын башчысы Жайыр да бар. Ал киши Иса пайгамбардын бут алдына жыгылып: «Кызым катуу ооруп жатат. Айыгып, тирүү калышы үчүн, барып, үстүнө колуңду койчу»,— деп кайра-кайра жалбарат (Марк 5:23). Жанындай көргөн 12 жашар жалгыз кызын аман алып калышын сурап жалбарган кишинин өтүнүчүн Иса пайгамбар аткарабы? (Лука 8:42).

Ал Жайырдын үйүн көздөй бет алат. Жолдон жүрөк козгоорлук бир окуя болот. Аны ээрчиген көп эл дагы бир керемет көрөбүз деп, өзүнчө эле толкуп алган. Бирок калың элдин арасында бир аялдын жаны кейип барат. Ал оорусунан айыгууга зар болуп, оюнун баары эле ошондо.

Бечара жүйүт аял 12 жылдан бери кан агуудан азап чегип келген. Ал улам бир дарыгерге көрүнүп, барбаган жери калган эмес. Колундагы каражатынын баарын жумшаса да, эч жылыш болбой, абалы начарлагандан начарлай берген (Марк 5:26).

Аял азаптуу оорунун айынан алдан-күчтөн тайгандан тышкары, чүнчүп, басырынып да бүткөн. Ким эле ушундай оорусу жөнүндө элдин көзүнчө ачык айта алсын? Анын үстүнө, Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, кан агып жаткан учурда аял таза эмес болуп, сыйынууга байланыштуу иштерге катыша алчу эмес. Кимде-ким андай аялга же анын кан болуп калган кийимине тийсе, жуунушу керек болчу жана кечке чейин таза эмес болуп эсептелчү (Лебилер 15:25—27).

Ал аял Иса пайгамбар жөнүндө угар замат аны издеп жөнөйт. Таза эмес болгондуктан эч кимдин көзүнө илинбегенге аракет кылып, ичинен: «Сырт кийимине эле колумду тийгизсем, айыгып калам»,— деп ойлонот. Пайгамбардын кийиминин этегине колун тийгизер замат кан агуусу токтоп, азаптуу оорусунан айыкканын сезет (Марк 5:27—29).

Иса пайгамбар элди карап: «Cырт кийимиме ким колун тийгизди?» — деп сурайт. Бул сөздөрдү укканда байкуш аялдын кандай сезимде болгонун элестетсең. Элчи Петир: «Сени эл тегеректеп, кысып баратпайбы»,— дейт. Анан: «„Мага ким колун тийгизди?“ — дегениң кандай?» — деп, анча жактыра бербейт. Устаты болсо: «Мага кимдир бирөө колун тийгизди, анткени өзүмдөн күч чыкканын сездим»,— деп түшүндүрөт (Лука 8:45, 46). Ооба, тиги аял айыкканда, Иса пайгамбар өзүнөн күч чыкканын кадимкидей сезген.

Байкап калышканын көргөндө аял коркконунан калтырап-титиреп, Иса пайгамбардын алдына келип жыгылат. Анан баарынын көзүнчө эч жашырбай, азапка салган оорудан жапа чегип жүргөнүн жана айыкканын айтып берет. Ошондо Иса пайгамбар аны жумшактык менен: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер. Азаптуу ооруңдан айыгып, дениң сак болсун»,— деп жубатат (Марк 5:34).

Ооба, Кудай жер бетин башкарууга дайындаган Падыша — боорукер, кайрымдуу Падыша. Ал биздин камыбызды ойлоп эле койбостон, жардам берүүгө да кудуреттүү.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Азап-кайгыдан арылабызбы?

Ыйык Китепте Кудайдын адилетсиздиктин болушун каалабай турганы жана адамдарга чындап кам көрөрү айтылат. Муну билүүнүн сизге кандай пайдасы бар?

Машайактын сүйүүсүн таанып-билүү

Ыйсанын кайсы үч жактан Атасынын сүйүүсүн жеткилең түрдө чагылдырганын окуп көргүлө.