Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 32-БӨЛҮМ

Ишембиде эмнелерди кылууга болот?

Ишембиде эмнелерди кылууга болот?

МАТАЙ 12:9—14; МАРК 3:1—6; ЛУКА 6:6—11

  • ИШЕМБИ КҮНҮ КОЛУ СЕНЕК КИШИНИ АЙЫКТЫРАТ

Ишемби күнү Иса пайгамбар, кыязы, Галилеядагы синагогага барат. Ал жерден оң колу сенек бир кишини жолуктурат (Лука 6:6). Китепчилер менен фарисейлер Иса пайгамбардан көзүн албай карап турушат. Эмне үчүн? Алардын: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?» — деген суроосунан чыныгы ниети ачыкка чыгат (Матай 12:10).

Жүйүт диний жетекчилери өмүрү коркунуч алдында турган кишини гана Ишемби күнү айыктырса болот деп ойлошчу. Мисалы, киши өлүп кала турганчалык абалга жетпесе, анда Ишемби күнү анын чыгып кеткен сөөгүн ордуна салууга же эти чоюлуп калган жерин таңууга тыюу салынчу. Китепчилер менен фарисейлер жогорудагы суроону бечара кишиге боор ооругандыктан эмес, Иса пайгамбарды айыпка жыгыш үчүн беришкен.

Бирок алардын арам ою Иса Машаякка айкын болгон. Ал алардын Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманууда өтө эле аша чаап кетишкенин жана Ыйык Жазмага таптакыр карама-каршы келген көз карашка карманышарын билген (Чыгуу 20:8—10). Иса пайгамбар буга чейин эле жакшы иш кылганы үчүн айыпталган болчу. Ошондуктан ал ниети бузук китепчилер менен фарисейлерди ашкерелеш үчүн колу сенек кишиге: «Ордуңан туруп, ортого чык»,— дейт (Марк 3:3).

Анан китепчилер менен фарисейлерди карап: «Араңардан кимиңер, жалгыз кою ишембиде аңга түшүп кетсе, аны алып чыкпай коёт?» — деп сурайт (Матай 12:11). Койдон жакшы киреше түшкөндүктөн, Ишемби күнү кой аңга түшүп кетсе, ээси аны кийинки күнгө чейин калтырып коймок эмес. Болбосо кой өлүп калып, ээси чыгым болмок. Мындан тышкары, Ыйык Жазмада: «Адил адам малынын жанына кам көрөт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 12:10).

Иса пайгамбар жүйөлүү мисалын андан ары улап: «Койго караганда адам алда канча баалуу эмеспи! Демек, ишемби күнү жакшылык кылууга болот»,— дейт (Матай 12:12). Кишини айыктырганда ал, чынында, Ишемби күнгө байланыштуу мыйзамды бузган эмес. Андыктан диний жетекчилер анын күчтүү далилине каршы эч нерсе айта албай, кылган ишинин боорукердикке жатарын четке кага албай, үндөбөй туруп калышат.

Иса пайгамбар алардын мерездигине бир чети ачууланса, бир чети кайгырат. Анан тегерегиндегилердин баарын сыдыра карап, колу сенек кишиге: «Колуңду сун»,— дейт (Матай 12:13). Ал сунганда, колу айыгып калат. Тиги киши төбөсү көккө жете сүйүнөт. Бирок арам ойлуу кишилерге бул кандай таасир этет?

Кубанычына ортоктош болгондун ордуна, фарисейлер тышка чыгып, Иса пайгамбарды «өлтүрүш үчүн Ироддун жактоочулары менен кеңеше башташат» (Марк 3:6). Ироддун саясий топту түзгөн жактоочуларына, калыбы, садукейлер деп аталган диний жетекчилердин айрымдары кирген. Негизи, садукейлер менен фарисейлер бири-бири менен тирешип келишкен. Бирок бул жолкусунда алар бириге калып, Машаякка каршылык көрсөтө башташкан.

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Исанын жолдоочулары Ишембиге байланыштуу мыйзамга карманышы керекпи?

Ишембиге кармануу талап болбосо, эмне үчүн Ыйык Китепте ага байланыштуу мыйзам түбөлүккө түзүлгөн келишим деп айтылат?