Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 47-БӨЛҮМ

Кыздын тирилиши

Кыздын тирилиши

МАТАЙ 9:18, 23—26; МАРК 5:22—24, 35—43; ЛУКА 8:40—42, 49—56

  • ИСА МАШАЯК ЖАЙЫРДЫН КЫЗЫН ТИРИЛТЕТ

Жайыр кан агуудан азап чеккен аялдын сакайып калганын өз көзү менен көрдү. Кызы «алигече өлүп калды болуш керек» деп ойлосо да, пайгамбардын жардам берерине кенедей да шектенбейт (Матай 9:18). Бир нерсе кылса болор бекен?

Иса пайгамбар жаңы эле айыккан аял менен сүйлөшүп турганда, Жайырдын үйүнөн бир киши келип: «Кызың өлүп калды»,— деп кабарлайт. Анан: «Эми устатты убара кылбай эле кой»,— деп кошумчалайт (Марк 5:35).

Ата-эне үчүн мындан өткөн суук кабар барбы?! Эл ичинде урмат-сыйга ээ болгон ал киши нес болуп туруп калат. Андан башка аргасы барбы? Шум ажал анын жападан жалгыз кызын колунан сууруп кетти. Суук кабарды уккан пайгамбар Жайырды: «Коркпо. Болгону эле, ишен»,— деп кайраттандырат (Марк 5:36).

Ошентип, Иса пайгамбар Жайырдын үйүнө барат. Келишсе эле, эл чуру-чуу түшүп жатыптыр. Кайда караба, кызды жоктоп ыйлап, төшүн ургулаган эле кишилер. Пайгамбар босогону аттап кирип, элди таң калтыра: «Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,— дейт (Марк 5:39). Муну укканда алар шылдыңдап күлө башташат, анткени кыздын өлүп калганын билишкен. Бирок Иса Машаяк Кудай берген зор күчүн колдонуп, катуу уйкуда жаткан кишини ойготкон сымал, өлгөн адамды да тирилте аларын көрсөтөт.

Ал баарын тышка чыгарып, кыздын ата-энесин, кошо келген Петирди, Жакыпты жана Жаканды ээрчитип, кыз жаткан бөлмөгө кирет. Анан кызды колунан алып: «Талита куми»,— дейт. Бул сөздөр: «Кыз, сага айтам: тур»,— дегенди билдирет (Марк 5:41). Кыз ошол замат туруп, баса баштайт. Жайыр менен анын аялынын ушунчалык сүйүнгөнүн элестетсең! Кыздын чын эле тирилгенин тастыкташ үчүн Иса пайгамбар ага тамак берүүнү буйруйт.

Ал мурун да кылган кереметтери жөнүндө эч кимге жар салбоонун буйручу, мунусунда да кыздын ата-энесине тыюу салат. Бирок ошого карабай кыздын ата-энеси жана күбө болгон башка кишилер «ошол аймактагылардын баарына» жар салышат (Матай 9:26). Жакшы көргөн жакын тууганыңдын тирилгенин көргөндө сен да сүйүнгөнүңөн элдин баарына жар салмак болушуң керек. Бул — Иса Машаяктын кимдир бирөөнү тирилткени жөнүндөгү Инжилдеги экинчи билдирүү.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Өлгөн адамдар кайра жашайбы?

Жакыныңыздан айрылдыңыз беле? Кудайдын Ыйык Китепте жазылган убадасы сизди сооротот.