Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

115-аңгеме: Калыбына келтирилген бейиш

115-аңгеме: Калыбына келтирилген бейиш

БУЛ сүрөттөгү чоң дарактарды, түркүн түстүү гүлдөрдү жана асман тиреген тоолорду карачы. Абдан кооз жер бекен? Карасаң, эликтин баласы кичинекей баланын колунан бир нерсе жеп жатат. Ары жактагы арстандарды жана көк шиберде оттоп жүргөн аттарды көрдүңбү? Ушундай жерде жашагың келеби?

Кудай сенин жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашыңды каалайт. Адамдар бүгүн ар кандай оорулардан азап чегишүүдө. Бирок Кудай сенин аларга окшоп кыйналышыңды каалабайт. Келечектеги бейиште жашай тургандар үчүн Ыйык Китепте мындай убада камтылат: «Кудай алар менен болот. Өлүм, ый, өкүрүк, оору дегендер таптакыр болбойт. Анткени мурункунун баары өтүп кетет».

Ыйса ушундай сонун өзгөрүүлөрдүн болушуна кам көрөт. Ал убак качан келерин билесиңби? Туура, Ыйса жамандыкты жана бузулган адамдардын баарын жок кылгандан кийин. Жерде жүргөндө анын адамдарды ар кандай оорулардан айыктырганы, атүгүл өлгөндөрдү тирилткени эсиңдеби? Ал кереметтерди Ыйса Кудай дайындаган падыша катары бийлик кыла баштаганда бүт жер жүзү боюнча эмнелерди кыларын көрсөтүү үчүн жасаган.

Бейиштеги жашоо кандай гана ыракаттуу болорун элестетсең! Ыйса өзү тандап алган адамдар менен асмандан башкарат. Алар жерде жашаган ар бир адамдын бактылуу болушуна кам көрөт. Кел анда, Кудай орното турган ошол бейиште түбөлүк өмүр сүрүү үчүн эмне кылышыбыз керектигин билели.

Аян 21:3, 4; 5:9, 10; 14:1—3.

Бейиштеги жашоо


Суроолор

  • Ыйык Китепке ылайык, бейиште жашоо кандай болот?
  • Ыйык Китепте келечектеги бейиште жашай тургандар үчүн кандай убада камтылат?
  • Ыйса ушул айтылган кереметтүү өзгөрүүлөрдү качан жасайт?
  • Жерде жүргөндө Ыйса Кудай дайындаган Падыша катары бийлик жүргүзгөндө эмнелерди кыларын көрсөтүү үчүн кандай иштерди жасаган?
  • Ыйса жана анын кошо башкаруучулары жер үстүнөн бийлик кылганда эмнеге кам көрүшөт?

Кошумча суроолор

  • Оку: Аян 5:9, 10.

    Миң жыл башкара турган падышалар менен ыйык кызмат кылуучулардын боорукердик жана мээримдүүлүк менен бийлик кыларына эмне үчүн шектенбесек болот? (Эф. 4:20—24; 1 Пет. 1:7; 3:8; 5:6—10)

  • Оку: Аян 14:1—3.

    Атанын жана Козунун ысмы 144000 адамдын чекесине жазылганы эмнени билдирет? (1 Кор. 3:23; 2 Тим. 2:19; Аян 3:12)

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Кудайдын Падышалыгы башкарганда, жерде кандай өзгөрүүлөр болорун окуп көрүңүз.