Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

114-аңгеме: Жамандыктын баары жок кылынат

114-аңгеме: Жамандыктын баары жок кылынат

БУЛ сүрөттөн эмнени көрүп жатасың? Туура, ак атчан аскерлерди. Алардын каяктан келатканын карасаң. Асмандан, булуттардын үстү менен чаап келатышат. Асманда да аттар барбы?

Ыйса асманда падыша

Жок. Булар кадимки аттар эмес. Себеби алар булуттун үстү менен чуркай албайт да. Бирок Ыйык Китепте асмандагы аттар жөнүндө айтылат. Эмне үчүн экенин билесиңби?

Себеби мурун аттар согушта көп колдонулчу. Ошондуктан Кудайдын жердеги адамдар менен согушарын билдирүү үчүн, Ыйык Китепте асмандан чаап келаткан атчандар жөнүндө айтылат. Кудайдын согушу боло турган жердин кантип аталарын билесиңби? Ал Армагедон деп аталат. Кудайдын согушунда жердеги жамандыктын баары жок кылынат.

Армагедондо боло турган согушту Ыйса жетектейт. Эсиңдеби, Жахаба аны Өзүнүн падышалыгында падыша болууга дайындаган. Ошондуктан Ыйсанын башында падышанын таажысы бар. Ал эми колундагы кылыч анын Кудайга каршы чыккандардын баарын жок кыларын көрсөтүп турат. Кудайдын жаман адамдардын баарын жок кыларына таң калышыбыз керекпи?

10-аңгемени карасаң. Ал жерден эмнени көрүп турасың? Туура, Топон суу жүрүп, жаман адамдар жок кылынган. Аны ким каптаткан? Жахаба Кудай. Эми 15-аңгемени карап көрсөң. Ал жерде эмне болуп жатат? Жахаба Содом жана Аморду от менен кыйратууда.

Эми 33-аңгемеге көңүл бурсаң. Мисирликтердин аттары менен арабалары эмне болуп жатканын көрүп турасыңбы? Аларды ким чөктүргөн? Жахаба. Ал ошентип өз элин коргогон. Эми 76-аңгемени карасаң. Ал жерден Жахаба атүгүл өз элин, ысрайылдыктарды, жаман иштери үчүн жазалаганын көрөсүң.

Ошондуктан анын асмандагы аскерлерин жиберип, жердеги жамандыктын баарын жок кыларына таң калбашыбыз керек. Элестетсең, андан кийин жашоо кандай сонун болот! Кел, ал тууралуу кийинки беттен окуйлу.

Аян 16:16; 19:11—16.



Суроолор

  • Эмне үчүн Ыйык Китепте асмандагы аттар жөнүндө айтылат?
  • Кудайдын жердеги жаман адамдарга каршы жүргүзө турган согушу эмне деп аталат жана ал эмне үчүн болот?
  • Сүрөттө тартылгандай, ал согушту ким жетектейт, ал эмне үчүн таажы кийип алган жана колундагы кылыч эмнени көрсөтүп турат?
  • 10- жана 15-аңгемеде айтылгандарды эске алганда, Кудайдын жаман адамдарды жок кыларына эмне үчүн таң калбашыбыз керек?
  • Кудай жаман адамдарды, алар ага сыйынабыз деп айтышса да, жок кыларын 33-, 36- жана 76-аңгемелер кандайча көрсөтүп турат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Аян 19:11—16.

    Ыйык Жазмада Ыйса Машайактын ак ат чаап баратканы кандайча айкын көрсөтүлгөн? (Аян 1:5; 3:14; 19:11; Ыш. 11:4)

    Ыйсанын кийиминин канга боёлгону анын сөзсүз жана толук жеңерин кандайча көрсөтүүдө? (Аян 14:18—20; 19:13; Ыш. 63:1—6)

    Ак атчан Ыйсаны ээрчиген аскерлерге, сыягы, кимдер кирет? (Аян 12:7; 19:14; Мт. 25:31, 32).