Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

110-аңгеме: Тиметей — Пабылдын жаңы жардамчысы

110-аңгеме: Тиметей — Пабылдын жаңы жардамчысы

БУЛ сүрөттө Пабылдын жанында турган жигит — Тиметей. Ал ата-энеси менен Листрада жашайт. Апасынын аты — Ойнике, таенесиники — Лойис.

Бул Пабылдын Листрага үчүнчү жолку келиши. Биринчи жолу ал Барнаба менен бир жылдай мурун кабар айтуу үчүн келген эле. Азыр аны Сылас аттуу жолдошу коштоп келди.

Тиметей менен Пабыл

Пабылдын Тиметейге эмне деп жатканын билесиңби? Ал: «Сылас экөөбүзгө кошулуп, алыскы жерлерде жашаган адамдарга кабар айткың келеби?» — деп сурап жатат.

«Ооба, баргым келет»,— деп жооп берүүдө Тиметей. Көп өтпөй ал үйүндөгүлөрүн калтырып, элчилер менен кетет. Алардын саякаты жөнүндө билерден мурун, Пабылдын эмнелерди башынан өткөргөнү тууралуу окуп көрөлү. Дамаскка бараткан жолдо Ыйсанын ага көрүнгөнүнөн 17 жылдай өттү.

Эсиңдеби, Пабыл ал жакка Ыйсанын шакирттерин куугунтуктоо үчүн бараткан болчу. Эми болсо өзү — Ыйсанын шакирти. Ыйса жөнүндө окутуп жүргөнүн жактырбагандыктан душмандарынын айрымдары аны өлтүрүүнү ойлошот. Бирок шакирттер аны себетке салып, шаарды курчаган дубалдын боору менен түшүрүп, качырып жиберишет.

Андан кийин Пабыл кабар айтуу үчүн Антийохеяга барат. Чыныгы Кудайга сыйынган адамдар ушу шаарда биринчи жолу Ыйсанын жолдоочулары деп аталышкан. Ал жерден Пабыл менен Барнаба алыскы өлкөлөргө кабар айтууга жиберилет. Алар кыдырган жерлердин бири Тиметей жашаган Листра шаары болгон.

Эми, бир жылдай өткөндөн кийин, Пабыл Листрага экинчи сапары менен келет. Бул анын Листрага үчүнчү жолку келиши. Тиметей элчилерге кошулгандан кийин алардын каякка барышканын билесиңби? Кел, картадан алар кыдырган жерлердин айрымдарын карап көрөлү.

Алгач алар Листранын жанындагы Иконияга, анан Антийохея деп аталган экинчи шаарга барышат. Андан соң Троас, Филипи, Тесалоника жана Бероя шаарларында болушат. Картадан Афин шаарын көрүп жатасыңбы? Пабыл ал жерде да кабар айтат. Андан кийин алар бир жарым жыл Корунтта кабар айтышат. Сапарынын аягында бир аз убакытка Эфеске токтошот. Анан кеме менен Кейсареяга кайтып, аяктан Антийохеяга барышат да, Пабыл ал жерде калат.

Ошентип, Тиметей Пабыл менен жүздөгөн километрди басып өтүп, жакшы кабар таратууда жана көптөгөн жыйналыштарды уюштурууда жардам берет. Чоңойгондо, Тиметейге окшоп, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болосуңбу?

Элчилер 9:19—30; 11:19—26; 13—17-бөлүмдөр; 18:1—22.

карта

1. Рим; 2. Мелит; 3. Бероя; 4. Тесалоника; 5. Корунт; 6. Филипи; 7. Афин; 8. Крит; 9. Троас; 10. Эфес; 11. Милет; 12. Колоса; 13. Антийохея; 14. Икония; 15. Листра; 16. Кипр; 17. Антийохея; 18. Кейсарея; 19. Жапа; 20. Дамаск; 21. Иерусалим; 22. Улуу деңиз (Жер ортолук деңиз)



Суроолор

  • Сүрөттөгү жигит ким, ал каякта жашайт жана анын апасы менен таенесинин аты ким?
  • Пабыл Тиметейден Сылас экөөнө кошулуп, алыс жакта жашаган адамдарга кабар айтууну каалаар-каалабасын сураганда, Тиметей эмне дейт?
  • Кудайдын кызматчылары биринчи жолу кайсы шаарда Ыйсанын жолдоочулары деп аталышкан?
  • Пабыл менен Барнаба Антийохеядан кеткенден кийин кыдырган шаарлардын айрымдары кайсылар?
  • Тиметей Пабылга кандай жардам берген жана бүгүнкү жаштар өздөрүнө кайсы суроону бериши керек?

Кошумча суроолор

  • Оку: Элчилер 9:19—30.

    Каршылыктарга дуушар болгондо элчи Пабыл кандайча кыраакылык көрсөткөн? (Элч. 9:22—25, 29, 30; Мт. 10:16)

  • Оку: Элчилер 11:19—26.

    Кабар айтуу иши Жахабанын рухунун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жатканын Элчилер 11:19—21, 26-аяттар кандайча көрсөтүп турат?

  • Оку: Элчилер 13:13—16, 42—52.

    Шакирттердин каршылыктарга карабай ынталуу кызмат кыла беришкени Элчилер 13:51, 52ден кандайча көрүнүүдө? (Мт. 10:14; Элч. 18:6; 1 Пет. 4:14)

  • Оку: Элчилер 14:1—6, 19—28.

    «Аларды өздөрү ишенген Теңирге тапшырышты» деген сөздөр бизге жаңыларга көмөк кылууда ашыкча тынчсызданбоого кандайча жардам берет? (Элч. 14:21—23; 20:32; Жкн. 6:44)

  • Оку: Элчилер 16:1—5.

    Тиметейдин сүннөткө отургузулууга даярдуулук менен макул болгону жакшы кабар үчүн баарын кылуу маанилүү экенин кандайча көрсөтүүдө? (Элч. 16:3; 1 Кор. 9:23; 1 Тес. 2:8)

  • Оку: Элчилер 18:1—11, 18—22.

    Элчилер 18:9, 10до Ыйсанын кабар айтуу ишиндеги ролу тууралуу эмне айтылат жана бул бизди эмнеге ынандырат? (Мт. 28:20)

Көбүрөөк билиңиз

Тиметей жардам берүүгө даяр болгон

Жашооң Тиметейдикиндей абдан кызыктуу болуп, бактылуу өмүр сүргүң келсе, эмне кылышың керек?