Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

107-аңгеме: Степан ташбараңга алынат

107-аңгеме: Степан ташбараңга алынат

TИЗЕЛЕП турган бул кишинин аты — Степан. Ал — Ыйсанын ишенимдүү шакирти. Адамдар аны эмне кылышууда? Чоң таштар менен уруп жатышат. Эмне себептен алар Степанга мынчалык жаман мамиле жасашууда? Кел, окуп көрөлү.

Степанды таш бараңга алышат

Кудай Степанга укмуштай кереметтерди жасоого жардам берет. Бул тигил адамдарга жакпайт. Ошондуктан алар Степан менен талашып-тартышып, аны башкаларга жалган нерселерди үйрөтүп жатат деп күнөөлөшөт. Бирок Кудай Степанга зор акылмандык бергендиктен, ал, тескерисинче, тигилердин окуткан нерселери жалган экенин көрсөтөт. Буга алардын кыжыры кайнап Степанды кармап алышат да, жалган күбөлөрдү табышат.

Башкы ыйык кызмат кылуучу Степандан: «Булардын айткандары чынбы?» — деп сурайт. Степан жооп берүүдө Ыйык Китепте жазылгандардын негизинде сонун сөз сүйлөйт. Сөзүнүн аягында байыркы убактарда жаман адамдар Жахабанын пайгамбарларын канчалык жек көрүшкөнүн айтат. Анан: «Силер ошол адамдарга окшошсуңар. Кудайдын кызматчысы Ыйсаны өлтүрдүңөр. Кудайдын мыйзамдарына баш ийген жоксуңар»,— дейт.

Диний жетекчилер аябай ачууланып, тиштерин кычыратышат. Степан башын көтөрүп: «Карасаңар! Мен асманда Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрүп жатам»,— дейт. Тигилер болсо кулактарын колдору менен жаап, аны көздөй жулкунушат. Анан кармап алып, шаардын сыртына сүйрөп чыгышат.

Ал жерден өздөрүнүн сырткы кийимдерин чечип, Шабыл деген жигитке кайтартып коюшат. Аны сүрөттөн көрүп турасыңбы? Анан айрымдары Степанды таш менен сого баштайт. Ал болсо, сүрөттөн көрүп турганыңдай, тизелеп алып: «Жахаба, буларды бул жаман иши үчүн жазалаба»,— деп тиленет. Себеби кээ бирлери диний жетекчилерге алданганын билет. Анан Степан өлөт.

Кимдир бирөө сага жаман мамиле жасаса, андан өч алууга аракет кыласыңбы? Же Жахабадан аны жазалоону суранасыңбы? Степан да, Ыйса да анткен эмес. Алар атүгүл өзүлөрүнө жаман мамиле жасаган адамдарга да жакшы мамиле кылышкан. Кел, дайыма алардан үлгү алалы.

Элчилер 6:8—15; 7:1—60.



Суроолор

  • Степан деген ким жана Кудай ага эмне кылууга жардам берген?
  • Диний жетекчилер Степандын кайсы сөзүнө абдан ачууланышат?
  • Адамдар Степанды шаардын сыртына сүйрөп чыгып, эмне кылышат?
  • Сүрөттө кийимдердин жанында турган жигит ким
  • Өлөр алдында Степан Жахабага эмне деп тиленет?
  • Башкалар бизге жаман бир нерсе кылганда, Степанга окшоп, эмне кылышыбыз керек?

Кошумча суроолор

  • Оку: Элчилер 6:8—15.

    Диний жетекчилер Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишин токтотуу максатында кандай амалдарды колдонушат? (Элч. 6:9, 11, 13)

  • Оку: Элчилер 7:1—60.

    Синедриондун алдында жакшы кабарды ийгиликтүү жактоого Степанга эмне жардам берген жана биз андан эмнеге үйрөнө алабыз? (Элч. 7:51—53; Рим. 15:4; 2 Тим. 3:14—17; 1 Пет. 3:15)

    Кабар айтуу ишибизге каршы болгондорго карата кандай көзкараш өрчүтүшүбүз керек? (Элч. 7:58—60; Мт. 5:44; Лк. 23:33, 34)