Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

103-аңгеме: Эшиги бек бөлмөгө кирет

103-аңгеме: Эшиги бек бөлмөгө кирет

ПЕТИР менен Жакан кетет. Мариям мүрзөнүн жанында жалгыз калып, ыйлай баштайт. Анан, мурунку сүрөттө көрсөтүлгөндөй, мүрзөгө баш багып, эки периштени көрөт. Алар: «Эмне үчүн ыйлап жатасың?» — деп сурашат.

«Эгемди алып кетишиптир, бирок каякка экенин билбейм»,— деп жооп берет Мариям. Анан артын караса — бир киши турган болот. Ал: «Кимди издеп жатасың?» — деп сурайт.

Мариям аны бакчы деп ойлойт жана Ыйсанын сөөгүн ал алып кетсе керек деп болжолдойт. Ошондуктан: «Сөөктү сен алып кеткен болсоң, аны каякка койгонуңду айтчы»,— деп суранат. Бирок ал киши Ыйсанын өзү эле. Ал Мариям тааный албагыдай денеде келген. Мариямды атынан чакырганда, ал Ыйсаны тааныйт. Анан шакирттерге чуркап барып: «Мен Эгени көрдүм!» — деп айтат.

Ошол эле күнү Эмаус деген айылга бараткан эки шакиртке жолдон бир киши кошулат. Шакирттер Ыйсанын өлгөнүнө абдан кайгырып баратышкан. Бирок берки киши Ыйык Китептен көп нерселерди түшүндүрүп бергенде, алар бир топ сооронуп калышат. Анан тамактанганы токтогондо, тиги кишинин Ыйса экенин түшүнүшөт. Ошондо ал көрүнбөй калат, шакирттер болсо бул жөнүндө элчилерге айтуу үчүн кайра Иерусалимди көздөй чуркашат.

Ал күнү Ыйса Петирге да көрүнөт. Аны укканда башка шакирттер абдан кубанышат. Анан берки эки шакирт Иерусалимге келип, жолдо баратканда Ыйса аларга да көрүнгөнүн элчилерге айтып беришет. Алар айтып жатканда эмне болгонун билесиңби?

Сүрөттү карасаң. Эшик бек болсо да, бөлмөдө Ыйса пайда болот. Окуучулары кандай гана кубанышат! Ал күн шакирттер үчүн өзгөчө болгонуна кошуласыңбы? Ыйса ошол күнү канча жолу көрүнгөнүн айта аласыңбы? Беш жолу бекен?

Ыйса шакирттерине көрүнөт

Ыйса шакирттерине көрүнгөндө, элчи Томас жок болчу. Ошондуктан алар: «Биз Эгени көрдүк»,— дешкенде, Томас аны өз көзү менен көрмөйүнчө ишенбесин айтат. Сегиз күндөн кийин шакирттер дагы чогулуп, бөлмөнүн эшигин бекитип алышат. Бул жолу Томас да бар эле. Капысынан бөлмөнүн ичинде Ыйса пайда болот. Ошондо Томас да ишенет.

Жакан 20:11—29; Лука 24:13—43.



Суроолор

  • Мариям бакчы деп ойлоп алган кишиге эмне дейт жана анын Ыйса экенин эмнеден улам билет?
  • Эки шакирт Эмаус деген айылга баратканда, эмне болот?
  • Ал эки шакирт элчилерге Ыйсаны көрүшкөнүн айтып берип жатканда, таң калыштуу кандай окуя болот?
  • Ыйса жолдоочуларына канча жолу көрүнөт?
  • Шакирттердин Ыйсаны көрүшкөнүн укканда, Томас эмне дейт, бирок сегиз күндөн кийин эмне болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Жакан 20:11—29.

    Ыйсанын Жакан 20:23төгү сөздөрү адамдардын күнөөлөрдү кечирүүгө укуктуу экенин билдиреби? Түшүндүр. (Заб. 48:3, 8; Ыш. 55:7; 1 Тим. 2:5, 6; 1 Жкн. 2:1, 2)

  • Оку: Лука 24:13—43.

    Жүрөгүбүздү Ыйык Китептеги чындыктарды кабыл алууга кандайча даярдасак болот? (Лк. 24:32, 33; Эзра 7:10; Элч. 16:14; Эвр. 5:11—14)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жүздөгөн шакирттерге көрүнөт

Тирилип, асманга кеткенге чейин Иса Машаяк шакирттерине жакында ыйык рух аларын жана анын жетекчилигине ылайык иш кылышы керектигин көп жолу баса белгилеген.