Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

102-аңгеме: Ыйса тирүү

102-аңгеме: Ыйса тирүү

СҮРӨТТӨГҮ аял жана эки киши кимдер экенин билесиңби? Аял — Ыйсанын досу болгон магдалалык Мариям. Ал эми ак кийимчен экөө — периштелер. Мариям баш багып жаткан бул кичинекей бөлмөгө Ыйсанын сөөгү коюлган. Ал мүрзө деп аталат. Бирок Мариям ал жерден Ыйсанын сөөгүн таппайт. Аны ким алып кеткен? Кел, окуп көрөлү.

Периште магдалалык Мариямга айтат

Ыйса өлгөндө, ыйык кызмат кылуучулар Пилатка келип: «Ыйса тирүү кезинде үч күндөн кийин тирилтилерин айткан эле. Ошон үчүн мүрзөнү кайтарууга буйрук бер. Ошондо шакирттери анын сөөгүн уурдап кетип, аны тирилди деп айта алышпайт!» — дешет. Пилат аларга мүрзөнү кайтарууга аскерлерди жиберүүнү айтат.

Ыйсанын өлгөнүнө үч күн болгондо, эртең менен эрте капысынан Жахабанын периштеси пайда болуп, мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырат. Аскерлер коркконунан катып калышат. Бир канча убакыттан кийин мүрзөнүн ичин карашса — сөөк жок. Айрымдары бул тууралуу ыйык кызмат кылуучуларга билдирүү үчүн шаарды көздөй жөнөшөт. Ыйык кызмат кылуучулардын эмне кылганын билесиңби? Алар аскерлерге акча берип: «Түндө уктап жатканда, шакирттери келип, Ыйсанын сөөгүн уурдап кетишиптир дегиле»,— деп калп айтууга үгүттөшөт.

Ал ортодо мүрзөгө Ыйсаны жолдоп жүргөн бир нече аял келет. Анын ичи бош экенин көрүп абдан таң калышат. Күтүлбөгөн жерден жаркыраган кийимчен эки периште пайда болот. Алар: «Эмнеге Ыйсаны бул жерден издеп жатасыңар? Ал тирилген. Тезирээк барып, бул тууралуу шакирттерине кабарлагыла»,— деп айтышат. Аялдар чуркап жөнөшөт. Бирок жолдон аларды бир киши токтотот. Анын ким экенин билесиңби? Ал — Ыйса. Ал: «Барып менин шакирттериме айткыла»,— деп буйрат.

Аялдар Ыйсанын тирүү экенин жана аны көрүшкөнүн айтышканда, шакирттер ишенишпейт. Петир менен Жакан мүрзөнү көрүү үчүн чуркап барышат да, анын бош экенин көрүп таң калышат. Ал экөө кетет, магдалалык Мариям болсо ошо жерде калат. Ал мүрзөгө баш багып эки периштени көрөт.

Ыйсанын сөөгү эмне болгонун билесиңби? Кудай аны жок кылып койгон. Жахаба Ыйсаны адамдардыкындай денеде тирилткен эмес. Ага асмандагы периштелердикиндей рухий жаңы дене берген. Бирок өзүнүн тирилгенин көрсөтүү үчүн, Ыйса шакирттерине адамдар көрө алгыдай денеде келген. Бул тууралуу кийинки аңгемелерден окуйбуз.

Матай 27:62—66; 28:1—15; Лука 24:1—12; Жакан 20:1—12.



Суроолор

  • Сүрөттөгү аял менен эки киши ким жана алар каерде сүйлөшүп турушат?
  • Эмне үчүн Пилат ыйык кызмат кылуучуларга Ыйсанын мүрзөсүн кайтарууга аскерлерди жиберүүнү айтат?
  • Ыйсанын өлгөнүнө үч күн болгондо, эртең менен эрте периште эмне кылат жана андан кийин ыйык кызмат кылуучулар эмне кылышат?
  • Ыйсанын мүрзөсүнө келген аялдар эмне үчүн таң калышат?
  • Эмне үчүн Петир менен Жакан мүрзөгө чуркап барышат жана эмнени көрүшөт?
  • Ыйсанын сөөгү эмне болгон жана шакирттерине өзүнүн тирүү экенин көрсөтүү үчүн Ыйса эмне кылган?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 27:62—66 жана 28:1—15.

    Ыйса тирилгенде, дин башчылар, фарисейлер жана аксакалдар кантип ыйык рухка каршы күнөө жасашкан? (Мт. 12:24, 31, 32; 28:11—15)

  • Оку: Лука 24:1—12.

    Ыйсанын тирилүүсү тууралуу билдирүүдөн Жахабанын аялдарды ишеничтүү күбө катары эсептээри кандайча көрүнүп турат? (Лк. 24:4, 9, 10; Мт. 28:1—7)

  • Оку: Жакан 20:1—12.

    Ыйык Китептеги кайсы бир пайгамбарлыктын аткарылышын толук түшүнбөй жатсак, Жакан 20:8, 9дагы сөздөр чыдамдуу болуу керектигин түшүнүүгө кандайча жардам берет? (Накыл 4:18; Мт. 17:22, 23; Лк. 24:5—8; Жкн. 16:12)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Тирилгенден кийин көптөргө көрүнөт

Иса Машаяк тирилгенин шакирттерге кантип далилдеген?

Иса пайгамбар адам болуп тирилди беле же периште болуп тирилди беле?

Ыйык Китепте Исанын «рух катары тирилгени» айтылат. Ошондой болсо, шакирттери аны кантип көрө алышкан жана ага кантип колдорун тийгизе алышкан?

Иса Машаяктын өлүмү жана тирилиши. Мунун бизге кандай тиешеси бар?

Кандайча бир кишинин өлүмү көптөрдүн өмүр алышына жол ачарын түшүндүргөн Ыйык Китептеги 6 фактор.