Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

99-аңгеме: Үстүнкү бөлмөдө

99-аңгеме: Үстүнкү бөлмөдө

ЫЙСАНЫН төрт элчиси менен сүйлөшкөнүнөн эки күн өттү. Бүгүн бейшемби. Кеч. Ыйса Пасах тамагын жегени 12 элчиси менен бул чоң бөлмөгө келет. Чыгып бараткан кишини көрдүңбү? Ал — Жүйүт Искариот. Ыйсаны кармоого жардам берүү үчүн ал ыйык кызмат кылуучуларга кетип баратат.

Эгенин кечки тамагы

Бир күн мурун Жүйүт аларга барып: «Ыйсаны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» — деп сураган. Алар отуз күмүш теңге сунуш кылышкан эле. Эми Жүйүт Ыйсанын каякта экенин көрсөтүп берүү үчүн баратат. Ал кандай гана жаман иш кылганы жатат.

Пасах тамагынан кийин Ыйса башка — өзгөчө — тамакка киришет. Ал нан сындырат да, элчилерине: «Алып жегиле. Бул нан силер үчүн бериле турган денемди билдирет»,— дейт. Анан шарап куюлган чөйчөктү алып: «Ичкиле. Бул — силер үчүн төгүлө турган каным»,— деп айтат. Ыйык Китепте бул кечки тамак Эгенин кечки тамагы деп аталат.

Ысрайылдыктар Мисирде жүргөндө Кудайдын периштеси алардын үйүнөн «кыя өтүп», мисирликтердин үйүндөгү тундарды өлтүргөн. Муну эске салып туруу үчүн ысрайыл эли Пасах тамагын жешчү. Эми болсо Ыйса жолдоочуларынын анын өзүн жана адамзат үчүн өлгөнүн эстеп жүрүшүн каалайт. Ошондуктан ал бул өзгөчө кечени жыл сайын белгилеп турууну буйрат.

Эгенин кечки тамагын жегенден кийин Ыйса элчилерин ишенимдерин бекем сактоого, тайманбас болууга чакырат. Аягында баары Кудайды мактап ырдашат да, ал жерден кетишет. Түн жарымынан ооп калган эле. Эми алар каякка барышат? Кел, билели.

Матай 26:14—30; Лука 22:1—39; Жакан 13—17-бөлүмдөр; 1 Корунттуктарга 11:20.



Суроолор

  • Сүрөттө тартылгандай, Ыйса 12 элчиси менен бул чоң бөлмөгө эмне үчүн келет?
  • Чыгып бараткан ким жана ал эмне кылганы жатат?
  • Пасах тамагын ичип бүткөн соң Ыйса кайсы өзгөчө тамакка киришет?
  • Пасах учурунда ысрайылдыктар кайсы окуяны эстешчү, ал эми бул өзгөчө тамак Ыйсанын жолдоочуларына эмнени эстетип турмак?
  • Эгенин кечки тамагын жегенден кийин Ыйса элчилерине эмне деп айтат жана алар эмне кылышат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 26:14—30.

    Матай 26:15тен Жүйүттүн Ыйсаны сатып жибергени алдын ала ойлонуштурулган иш болгону кандайча көрүнүп турат?

    Ыйсанын каны кайсы эки максат үчүн төгүлгөн? (Мт. 26:27, 28; Жер. 31:31—33; Эф. 1:7; Эвр. 9:19, 20)

  • Оку: Лука 22:1—39.

    Кандай мааниде Шайтан Жүйүттүн ичине кирген? (Лк. 22:3; Жкн. 13:2; Элч. 1:24, 25)

  • Оку: Жакан 13:1—20.

    Жакан 13:2деги сөздөрдү эске алганда, Жүйүттү кылган иши үчүн күнөөлөөгө болобу жана Кудайдын кызматчылары мындан кандай сабак алса болот? (Башт. 4:7; 2 Кор. 2:11; Гал. 6:1; Жкп. 1:13, 14)

    Ыйса кандай зор үлгү калтырган? (Жкн. 13:15; Мт. 23:11; 1 Пет. 2:21)

  • Оку: Жакан 17:1—26.

    Ыйса элчилеринин кандай мааниде «бир болушун» сурап тиленген? (Жкн. 17:11, 21—23; Рим. 13:8; 14:19; Кол. 3:14)