Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

98-аңгеме: Зайтун тоосунда

98-аңгеме: Зайтун тоосунда

ЫЙСА Зайтун тоосунда отурат. Жанындагы төртөө — элчилери. Алар — ага-инилер Андрей менен Петир жана Жакып менен Жакан. Ары жакта Иерусалим шаары жана андагы Кудайдын ийбадатканасы көрүнүп турат.

Ыйсанын Иерусалимге кодик минип киргенинен эки күн өттү. Бүгүн шейшемби. Эртең менен Ыйса ийбадатканага барган болчу. Ал жерден ыйык кызмат кылуучулар аны кармап алып, өлтүргүсү келет. Бирок элден коркушат, анткени эл аны жакшы көрөт.

Ыйса элчилери менен

«Жыландар, жылан тукумдары!» — дейт Ыйса ал диний жетекчилерге. Ошондой эле жаман иштери үчүн Кудай жазалай турганын да эскертет. Андан кийин Зайтун тоосуна чыгат. Ал жерден төрт элчиси ага суроолорду берет. Эмнеге байланыштуу суроолор экенин билесиңби?

Келечекке байланыштуу. Алар Ыйсанын жердеги бардык жамандыкты жок кыларын билишет, бирок качан экенин билишпейт. Падыша катары башкаруу үчүн Ыйса кайра качан келет?

Ыйса кайра кайтып келгенде жердеги жолдоочулары аны көрө албай турганын билет. Анткени ал асманда боло тургандыктан, аны көрүү мүмкүн эмес болот. Ошондуктан ал асмандан Падыша катары башкара баштаганда жерде кандай окуялар болорун айтат. Алардын айрымдары кайсылар?

Ыйса чоң согуштар, катуу жертитирөөлөр болору, көптөрдүн ооруй турганы, ачарчылыктан кыйналары, кылмышкерлик күч алары тууралуу пайгамбарлык кылат. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар бүт жер жүзүнө таратыларын айтат. Ушунун баары биздин күндөрдө болуп жатабы? Ооба! Ошондуктан Ыйсанын асманда башкарып жатканына толук ишенсек болот. Жакында ал жердеги бардык жамандыкты жок кылат

Матай 21:46; 23:1—39; 24:1—14; Марк 13:3—10.



Суроолор

  • Сүрөттө тартылгандардын кимиси Ыйса жана анын жанындагылар ким?
  • Ыйык кызмат кылуучулар ийбадатканадан Ыйсаны эмне кылууга аракеттенишет жана Ыйса аларга эмне дейт?
  • Элчилер Ыйсадан эмнелер жөнүндө сурашат?
  • Эмне үчүн Ыйса элчилерине асманда Падыша катары башкара баштаганда боло турган айрым окуялар тууралуу айтып берет?
  • Ыйсанын айткандарына ылайык, жердеги бардык жамандык жок кылынардын алдында эмне болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 23:1—39.

    Ыйык Жазмада наамдарды колдонуу туура эмес эсептелбесе да, Ыйсанын Матай 23:8—11-аяттардагы сөздөрү жыйналыштагыларга карата наамдарды колдонуу жөнүндө эмнени көрсөтүүдө? (Элч. 26:25; Рим. 13:7; 1 Пет. 2:13, 14)

    Адамдар Ыйсаны жолдобошу үчүн, фарисейлер эмне кылышкан жана аларга окшоп, азыркы диний жетекчилер кандай ыкмаларды колдонушууда? (Мт. 23:13; Лк. 11:52; Жкн. 9:22; 12:42; 1 Тес. 2:16)

  • Оку: Матай 24:1—14.

    Матай 24:13тө чыдамкайлыктын маанилүүлүгү кандайча баса белгиленген?

    Матай 24:13төгү «акырына чейин» деген сөздөр эмнени билдирет? (Мт. 16:27; Рим. 14:10—12; 2 Кор. 5:10)

  • Оку: Марк 13:3—10.

    Марк 13:10догу кайсы сөздөр кабар айтуу ишинин шашылыш экенин көрсөтүп турат жана Ыйсанын бул сөздөрү бизге кандай таасир этиши керек? (Рим. 13:11, 12; 1 Кор. 7:29—31; 2 Тим. 4:2)

Көбүрөөк билиңиз

ИСА МАШАЯК — ЖОЛ, ЧЫНДЫК, ӨМҮР

«Кайсы белгиден билүүгө болот?»

Машаяктын пайгамбарлыктарынын айрым бөлүктөрү 1-кылымда аткарылган. Алар кийинчерээк бүт жер жүзү боюнча да аткарылат беле?

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ

Акыр заманга аз калдыбы?

Ыйык Китепте жазылган жана акыр замандын аз калганынын белгиси болуп эсептелген төрт нерсе жөнүндө окуп көргүлө.