Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

97-аңгеме: Ыйса Иерусалимге падыша катары кирет

97-аңгеме: Ыйса Иерусалимге падыша катары кирет

ЭКИ сокур кишини айыктыргандан бир нече убакыт өткөндөн кийин Ыйса Иерусалимдин жанындагы кичинекей айылга келет. Анан эки шакиртине: «Айылга барсаңар, байланып турган кодикти көрөсүңөр. Чечип алып, мага алып келгиле»,— деп айтат.

Кодикти алып келишкенде, Ыйса ага минип Иерусалимди көздөй жол тартат. Шаардын жанынан аны топ эл тосуп чыгат. Көптөрү сырткы кийимдерин, башкалары пальма дарагынын бутактарын жолго төшөшөт да: «Жахабанын атынан келе жаткан падышага Кудай батасын берсин!» — деп кубанычтуу кыйкырышат.

Элдер Ыйсаны кубанып тосуп алышат

Байыртан бери ысрайыл элинин жаңы падышасы өзүн элге көрсөтүү үчүн Иерусалимге кодик минип кирчү. Ыйса так ошентет. Эл болсо анын падыша болушун каалап жатканын көрсөтүүдө. Бирок муну каалабагандар да бар. Аны ийбадатканада болгон окуядан көрөбүз.

Ийбадатканага келип, Ыйса сокур, аксактарды айыктырат. Муну көргөн жаш балдар аны мактап-даңкташат. Ыйык кызмат кылуучулар аябай ачууланып, Ыйсага: «Балдардын эмне дегенин угуп жатасыңбы?» — дешет.

Ыйса: «Ооба, угуп жатам. Ыйык Китептен: "Наристелерге Өзүңдү даңктаттың“,— деген сөздөрдү окуган эмес белеңер?» — деп жооп берет. Балдар болсо Кудай дайындаган падышаны даңктай беришет.

Биз да ошол балдардай болгубуз келбейби? Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтканыбызда, кээ бирөөлөр бизге тоскоолдук кылышы мүмкүн. Бирок Ыйсанын адамдар үчүн кандай сонун нерселерди жасай турганы жөнүндө айтууну уланта берсек, туура иш кылган болобуз.

Ыйса жерде жүргөн кезде, анын падыша катары башкара турган убагы келе элек болчу. Ал убак качан келет? Муну Ыйсанын шакирттери да билгиси келген. Бул тууралуу кийинки аңгемеден окуйбуз.

Матай 21:1—17; Жакан 12:12—16.



Суроолор

  • Иерусалимдин жанындагы кичинекей айылга келгенде Ыйса элчилерине эмне кылууну айтат?
  • Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Ыйса Иерусалимге жакындаганда эмне болот?
  • Ыйсанын сокур, аксактарды айыктырганын көргөндө балдар эмне кылышат?
  • Ачуусу келген ыйык кызмат кылуучуларга Ыйса эмне дейт?
  • Ыйсаны даңктаган балдарды кандайча туурай алабыз?
  • Ыйсанын шакирттери эмнени билүүнү каалашат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 21:1—17.

    Ыйсанын Иерусалимге падыша катары кириши ошол учурдагы жеңишке ээ болгон аскер башчылардын киришинен эмнеси менен айырмаланган? (Мт. 21:4, 5; Зах. 9:9; Флп. 2:5—8; Кол. 2:15)

    Ыйса ийбадатканага киргенде 117-забурдагы сөздөрдү жатка айткан ысрайылдык балдардан бүгүнкү балдар эмнеге үйрөнө алышат? (Мт. 21:9, 15; Заб. 117:25, 26; 2 Тим. 3:15; 2 Пет. 3:18)

  • Оку: Жакан 12:12—16.

    Элдердин Ыйсаны тосуп алууда пальма дарагынын бутактарын колдонушканы келечектеги кайсы нерсени символдоштурган? (Жкн. 12:13; Флп. 2:10; Аян 7:9, 10)

Көбүрөөк билиңиз

Падышанын Иерусалимге кодик минип кириши

Иса Машаяк 500 жыл мурун айтылган пайгамбарлыкты аткарган.