Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

96-аңгеме: Ыйса оорулууларды айыктырат

96-аңгеме: Ыйса оорулууларды айыктырат

ЫЙСА жер-жерлерди кыдырып, оорулууларды айыктырууда. Бул жөнүндө тегеректеги шаар-кыштактардын баарына угулат. Ошондуктан эл аксак, сокур, дудук жана башка оорулууларды ага алып келишет. Ыйса бардыгын айыктырат.

Жакан аны чөмүлдүргөндөн бери үч жылдан ашык убакыт өттү. Эми Ыйса элчилерине Иерусалимге барганы жатканын, ал жактан өлтүрүлөрүн жана кайра тирилтилерин айтат. Азыр болсо ал оорулууларды айыктырып жүрөт.

Ыйса оорукчан аялды айыктырат

Бир жолу ал элди ишембиде окутуп жаткан болот. Ишемби күнү жүйүттөр эч кандай жумуш жасашчу эмес. Сүрөттөгү аял абдан оорулуу. Ал 18 жылдан бери боюн түзөй албай кыйналып жүрөт. Ыйса ага колун койгондо, аял түзөлө баштайт. Акыры айыгып кетет.

Диний жетекчилер буга кыжырданышат. Алардын бирөө элге: «Иштей турган алты күн бар. Ишембиде эмес, ошо күндөрү келгиле!» — деп кыйкырат.

Ыйса ага: «Силер экижүздүүсүңөр. Ишемби күнү байланып турган эшегиңерди чечип, сугарганы алып барасыңар. Анда 18 жылдан бери кыйналып жүргөн байкуш бул аялды ишембиде айыктырууга эмне үчүн болбосун?» — дейт. Ыйса бул сөздөрү менен ташбоор ал адамдарды уят кылат.

Андан соң Ыйса элчилери менен Иерусалимди көздөй жол тартат. Алар Жерихо шаарынан чыккандан кийин, жол жээгинде кайыр сурап отурган эки сокур Ыйсанын өтүп баратканы тууралуу угушат да: «Ыйса, бизге жардам бер!» — деп жалбара кыйкырышат.

Ыйса аларды чакырып алып: «Силерге эмне кылып берейин?» — деп сурайт. Тигилер: «Эге, көзүбүз көрсүнчү»,— дешет. Ыйса көздөрүнө колун тийгизери менен, алар көрө баштайт. Ыйсанын ушундай укмуштуудай кереметтерди эмне үчүн жасаганын билесиңби? Ал адамдарды жакшы көрөт жана өзүнө ишенишин каалайт. Ошондуктан Ыйса падышалык кылган убакта эч ким оорубай турганына толук ишенсек болот.

Матай 15:30, 31; Лука 13:10—17; Матай 20:29—34.



Суроолор

  • Ыйса жер-жерлерди кыдырып эмне кылат?
  • Чөмүлтүлгөнүнө үч жылдай болгондо Ыйса элчилерине эмне деп айтат?
  • Сүрөттөгү кишилер ким жана Ыйса аялды эмне кылат?
  • Эмне үчүн Ыйсанын жообу диний жетекчилерди уят кылган?
  • Ыйса элчилери менен кетип баратып Жерихо шаарынын жанынан эки сокур кайырчыны эмне кылат?
  • Ыйса эмне себептен кереметтерди жасаган?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 15:30, 31.

    Ыйса аркылуу Жахабанын күчү кандайча көрсөтүлгөн жана бул анын жаңы дүйнө жөнүндөгү убадаларына болгон көзкарашыбызга кандай таасир этиши керек? (Заб. 36:29; Ыш. 33:24)

  • Оку: Лука 13:10—17.

    Ыйсанын ишемби күнү укмуштай кереметтерди жасаганы анын Миң жылдык башкаруусунда адамзат үчүн эмнелерди кыларын кандайча көрсөтүп турат? (Лк. 13:10—13; Заб. 45:10; Мт. 12:8; Кол. 2:16, 17; Аян 21:1—4)

  • Оку: Матай 20:29—34.

    Бул билдирүү Ыйсанын адамдарга жардам берүү үчүн дайым убакыт тапканын кандайча көрсөтүүдө жана мындан эмнеге үйрөнөбүз? (Мыйз. 15:7; Жкп. 2:15, 16; 1 Жкн. 3:17)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кереметтерди кимдин күчү менен кылган?

Иса пайгамбардын бир туугандары аны акылынан айнып калды деп ойлошкон.