Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

93-аңгеме: Ыйса көп элди тойгузат

93-аңгеме: Ыйса көп элди тойгузат

ЖҮРӨКТҮН үшүн алган окуя болду. Эми эле Чөмүлдүрүүчү Жакан өлтүрүлдү. Падышанын аялы Иродия аны жек көрчү. Ошондуктан ал күйөөсүн Жакандын башын алдыртууга аргасыз кылат.

Ыйса бул жөнүндө укканда абдан кайгырат. Ал жалгыз ээн жерге кетет. Бирок эл артынан ээрчип барат. Аларды көргөндө Ыйсанын боору ооруйт. Ошондуктан Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып, оорулууларды айыктырат.

Кеч киргенде, шакирттери ага келип: «Кеч болуп кетти, бул ээн талаа экен. Элди тарат, жакын жердеги айылдарга барып тамак-аш сатып алышсын»,— дешет.

Ыйса элди тойгузат

«Алар эч жакка барбай эле коюшсун, аларга тамак-ашты силер бересиңер»,— дейт Ыйса. Анан Филипке кайрылып: «Элди тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алсак болот?» — деп сурайт.

«Ар бирине бир аздан бергенде да, аларга нан сатып алыш үчүн көп акча керек»,— дейт Филип. Андрей болсо: «Ушу жерде бир балада беш нан жана эки балык бар. Бирок ал ушунча көп кишиге жетмек беле?» — дейт.

Ыйса: «Элди жерге отургузгула»,— деп айтат. Анан Кудайга тамак үчүн ыраазычылык билдирген соң нан менен балыкты бөлө баштайт. Шакирттер болсо аны элге таратып беришет. Ал жерде 5000 эркек жана миңдеген аялдар менен балдар болгон. Баары тойгуча жешет. Аягында шакирттер калган тамак-ашты чогултканда, дагы 12 себет толот!

Анан Ыйса шакирттерине кайыкка отуруп Галилея деңизинин аркы өйүзүнө өтүүнү айтат. Түн ичинде катуу шамал болуп, толкундар кайыкты ары-бери чайпагандыктан, шакирттер аябай коркушат. Таң атарга жакын алар суунун үстү менен келе жаткан бирөөнү көрүшөт. Ал ким экенин түшүнбөй корккондорунан кыйкырып киришет.

«Коркпогула, бул менмин!» — дейт Ыйса. Бирок алар ишене алышпайт. Анда Петир: «Эге! Эгерде бул сен болсоң, буйрук бер, мен сага суунун үстү менен басып барайын»,— дейт. Ыйса ага: «Кел!» — дейт. Петир кайыктан түшүп, суунун үстү менен басат! Бир кезде ал коркуп кетип, чөгө баштайт. Бирок Ыйса аны сактап калат.

Кийинчерээк Ыйса дагы миңдеген адамдарды жети нан жана бир нече кичинекей балык менен тамактандырат. Анда да ашып калат. Ыйса адамдарга кандай гана сонун кам көргөн, чынбы? Ал Кудайдын дайындалган падышасы катары башкарганда, биз эч нерседен кам санабайбыз!

Матай 14:1—32; 15:29—38; Жакан 6:1—21.



Суроолор

  • Чөмүлдүрүүчү Жакан эмне болот жана бул Ыйсага кандай таасир этет?
  • Ыйса артынан ээрчип келген адамдарды кантип тойгузат жана канча азык ашып калат?
  • Түн ичинде шакирттер эмнеден коркушат жана Петир эмне болот?
  • Ыйса дагы бир жолу миңдеген адамдарды кантип тойгузат?
  • Ыйса падыша катары башкара баштаганда эмне үчүн жашоо сонун болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 14:1—32.

    Матай 14:23—32-аяттардан Петирдин кандай адам болгону тууралуу эмнени биле алабыз?

    Ыйык Жазмадан Петирдин бара-бара өзгөрүп, токтоо адам болуп калганы кандайча көрүнүп турат? (Мт. 14:27—30; Жкн. 18:10; 21:7; Элч. 2:14, 37—40; 1 Пет. 5:6, 10)

  • Оку: Матай 15:29—38.

    Ыйса Атасынын материалдык жактан көргөн камкордугун баалаганын кантип көрсөткөн? (Мт. 15:37; Жкн. 6:12; Кол. 3:15)

  • Оку: Жакан 6:1—21.

    Ыйсанын жолдоочулары бийликтегилерге урмат көрсөтүү жагынан аны кандайча туурай алышат? (Жкн. 6:15; Мт. 22:21; Рим. 12:2; 13:1—4)