Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

92-аңгеме: Ыйса өлгөндөрдү тирилтет

92-аңгеме: Ыйса өлгөндөрдү тирилтет

БУЛ сүрөттөгү кыз 12 жашта. Анын колун кармап турган адам — Ыйса, ал эми бери жактагылар — ата-энеси. Алардын эмне себептен абдан сүйүнүп жатышканын билесиңби? Кел, окуп көрөлү.

Ыйса Жайырдын кызын тирилтет

Кыздын атасы — Жайыр деген кадыр-барктуу киши. Бир күнү жалгыз кызы катуу ооруп, төшөккө жатып калат. Абалы күндөн күнгө начарлай берет. Буга Жайыр да, аялы да абдан кайгырат. Ошондуктан Жайыр Ыйсаны издеп жөнөйт. Ал анын жасаган кереметтери тууралуу уккан эле.

Жайыр Ыйсаны калың топтун арасынан табат. Элди аралап өтүп, анын бутуна жыгылып: «Менин кызым катуу ооруп жатат, аны айыктыра көр»,— деп жалбарат. Ыйса макул болот.

Эл көп болгондуктан, алар араң өтүп келатышкан. Бир маалда Ыйса токтой калып: «Мага ким тийди?» — дейт. Ал өзүнөн күч чыкканын сезгендиктен ага бирөө тийгенин билет. Бирок ким? 12 жылдан бери катуу ооруп жүргөн аял. Ал Ыйсанын жанына келип, кийимине колун тийгизет да, айыгып калат!

Ыйсанын адамдарды оңой эле айыктырарын көргөндө Жайыр ого бетер сүйүнөт. Бирок бирөө келип Жайырга: «Ыйсаны убара кылбай эле кой. Кызың өлүп калды»,— дейт. Муну уккан Ыйса ага: «Коркпо, баары жакшы болот»,— деп айтат.

Алар Жайырдын үйүнө келгенде, эл боздоп ыйлап жаткан болот. Бирок Ыйса: «Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, ал уктап калды»,— дейт. Ал жердегилер Ыйсаны шылдыңдап күлүшөт, анткени кыздын өлүп калганын билишкен.

Ыйса кыз жаткан бөлмөгө анын ата-энесин жана үч элчисин алып кирет. Анан колунан алып: «Ордуңан тур!» — деп айтат. Ошондо, сүрөттөн көрүнүп тургандай, кыз тирилет. Ал туруп, ары-бери басат. Мына ушул себептен анын ата-энеси аябай сүйүнүп жатат.

Ыйса буга чейин да адамдарды тирилткен. Алардын биринчиси Наин шаарындагы жесир аялдын уулу болгон. Кийинчерээк Марта менен Мариямдын биртууганы Лазарды тирилтет. Ал эми Кудай дайындаган падыша катары башкарганда Ыйса көптөгөн адамдарды өлүм уйкусунан ойготот. Бул бизди кубандырбайбы?

Лука 8:40—56; 7:11—17; Жакан 11:17—44.



Суроолор

  • Сүрөттөгү кыздын атасы ким жана ал аялы менен эмнеге абдан кайгырат?
  • Жайыр Ыйсаны тапканда эмне кылат?
  • Ыйса Жайырдын үйүнө баратканда, кандай окуя болот жана Жайыр жолдон кандай кабар угат?
  • Эмне үчүн Жайырдын үйүндөгү адамдар Ыйсаны шылдыңдашат?
  • Кыз жаткан бөлмөгө ата-энесин жана үч элчисин алып киргенден кийин Ыйса эмне кылат?
  • Ыйса дагы кимди тирилтет жана бул эмнени көрсөтүп турат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Лука 8:40—56.

    Кан агуудан кыйналган аялга жасаган мамилесинде Ыйса кантип боорукердик менен эстүүлүк көрсөткөн жана жыйналыштагы аксакалдар мындан эмнеге үйрөнө алышат? (Лк. 8:43, 44, 47, 48; Леб. 15:25—27; Мт. 9:12, 13; Кол. 3:12—14)

  • Оку: Лука 7:11—17.

    Ыйсанын Наиндеги жесир аялга айткан сөздөрү жакынынан айрылгандарга кандай сооротуу берет? (Лк. 7:13; 2 Кор. 1:3, 4; Эвр. 4:15)

  • Оку: Жакан 11:17—44.

    Ыйса каза болгон жакыныбызды жоктоп ыйлоо табигый экенин кантип көрсөткөн? (Жкн. 11:33—36, 38; 2 Шем. 18:33; 19:1—4)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кыздын тирилиши

Иса пайгамбар өлгөн кызды уктап жатат деп айтканда, эл шылдыңдап күлгөн. Алар эмнени билген эмес?

Жесир аялдын уулун тирилтиши

Иса пайгамбардын жигитти тирилткенин көргөндөр маанилүү бир нерсени түшүнүшкөн.

Лазардын тирилиши

Ушул окуядагы эки нерседен улам Иса пайгамбардын каршылаштары кереметти жокко чыгара алышкан эмес.