Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

91-аңгеме: Ыйса тоодо окутат

91-аңгеме: Ыйса тоодо окутат

БУЛ сүрөттү карасаң. Ыйса Галилеядагы бир тоонун бооруна отуруп алып элди окутуп жатат. Ага жакын отургандар — шакирттери. Алардын он экисин ал элчи кылыш үчүн тандаган. Элчилер — Ыйсанын өзгөчө шакирттери. Алардын аттарын билесиңби?

Ыйса элди окутуп жатат

Алар: Шымон Петир жана анын биртууганы Андрей, ага-инилер Жакып менен Жакан. Булардан башка дагы бир Жакып жана Шымон деген элчилер бар. Экөөнүн аты — Жүйүт. Алардын бири — Жүйүт Искариот, экинчисин болсо Тадай деп коюшчу. Калгандарынын аттары — Филип, Натанаел (Барталамей деп да аташчу), Матай жана Томас.

Самариядан келгенден кийин Ыйса биринчи жолу: «Асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабар айта баштайт. Ал эмне болгон падышалык экенин билесиңби? Ал — Кудай түзгөн өкмөт. Кудай ал падышалыктын падышасы кылып өзүнүн Уулун дайындаган. Ыйса асмандан башкарып, жерге тынчтык орнотот. Кудайдын падышалыгы бүт жер жүзүн кооз бейишке айландырат.

Ыйса бул жерде адамдарга ошол Падышалык тууралуу айтып жатат. «Мындай деп тиленгиле,— дейт ал элге.— Асмандагы Атабыз! Сенин ысмың ыйык тутулсун. Сенин Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын». Көп адамдар бул тиленүүнү «Эгенин тиленүүсү» же «Асмандагы Атабыз» деп да коюшат. Ушул тиленүүнү жатка айта аласыңбы?

Ыйса адамдарды бири-бирине кандай мамиле жасоо керектигине да үйрөтөт. «Адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— дейт ал. Башкалар сага жакшы мамиле кылганда кубанбайсыңбы? Анда Ыйса айткандай, биз да башкаларга жакшы мамиле жасашыбыз керек. Бейишке айланган жер бетинде адамдардын баары бири-бирине ушундай мамиле кылганда кандай сонун болот ээ?!

Матай 5—7-бөлүмдөр; 10:1—4.



Суроолор

  • Сүрөттө Ыйса элди каякта окутуп жатат жана ага жакын отургандар кимдер?
  • Он эки элчинин аты ким?
  • Ыйса кайсы Падышалык тууралуу кабар айткан?
  • Ыйса элге эмне жөнүндө тиленүүнү үйрөтөт?
  • Ыйса адамдардын бири-бирине кандай мамиле жасашы керектиги жөнүндө эмне деген?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 5:1—12.

    Рухий муктаждыгыбызды сезерибизди кантип көрсөтө алабыз? (Мт. 5:3; Рим. 10:13—15; 1 Тим. 4:13, 15, 16)

  • Оку: Матай 5:21—26.

    Матай 5:23, 24-аяттар башкалар менен болгон мамилебиз Жахаба менен болгон мамилебизге таасир этерин кандайча көрсөтүп турат? (Мт. 6:14, 15; Заб. 132:1; Кол. 3:13; 1 Жкн. 4:20)

  • Оку: Матай 6:1—8.

    Ыйсанын жолдоочусу өзүнө өзү ыраазы болууда эмнелерден качат? (Лк. 18:11, 12; 1 Кор. 4:6, 7; 2 Кор. 9:7)

  • Оку: Матай 6:25—34.

    Материалдык муктаждыктарыбызга кам көрүүдө Жахабага таянуу керектигин Ыйса кандайча баса белгилеген? (Чыг. 16:4; Заб. 36:25; Флп. 4:6)

  • Оку: Матай 7:1—11.

    Матай 7:5теги көрсөтмөлүү мисалда эмне баса белгиленген? (Накыл 26:12; Рим. 2:1; 14:10; Жкп. 4:11, 12)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Тоодо айтылган белгилүү насаат

Иса пайгамбардын тоодо айтылган насаатынын негизги ойлору жөнүндө окугула.

Жашоонун маңызы жөнүндө ал эмне деген?

Иса пайгамбардын айткандарына ылайык иш кылгандардын жашоосу маңыздуу болорун тастыктаган жашоодон алынган мисалдар.