Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

90-аңгеме: Кудуктун жанынан аял менен сүйлөшөт

90-аңгеме: Кудуктун жанынан аял менен сүйлөшөт

САМАРИЯДАН Ыйса кудуктун жанына токтоп эс алат. Шакирттери тамак-аш алып келүү үчүн шаарга кетишет. Ал ортодо Ыйса сууга келген бул аял менен сүйлөшүп калат. Ыйса андан: «Мага суу берчи»,— деп сурайт.

Ыйса самариялык аял менен сүйлөшүп жатат

Аял абдан таң калат. Билесиңби эмнеге? Анткени Ыйса жүйүт элинен болгон, ал эми өзү самариялык эле. Жүйүттөрдүн көбү самариялыктарды жаман көрчү, атүгүл алар менен сүйлөшкүсү келчү эмес. Бирок Ыйса адамдардын баарын жакшы көргөн. Ал: «Эгерде сенден суу сураган ким экенин билсең, сен андан өзүң сураар элең, ошондо ал сага тирүү суу бермек»,— дейт.

— Мырза, суу сузуп алгандай эч нерсең жок экен, кудук болсо терең, сенде тирүү суу кайдан болсун? — дейт аял.

— Бул суудан ичсең, кайра суусайсың, бирок мен бере турган суудан ичкен адам түбөлүк жашайт,— деп түшүндүрөт Ыйса.

— Мырзам, суусабашым үчүн жана бул жерге сууга келбешим үчүн, мага ошол суудан берчи,— деп айтат аял.

Ал кадимки суу жөнүндө сөз жүрүп жатат деп ойлойт. Бирок Ыйса Кудай жана анын Падышалыгы жөнүндөгү чындык тууралуу айтып жаткан. Ал чындык тирүү суудай. Анткени ал адамга түбөлүк өмүр берет.

Эми Ыйса аялга: «Барып, күйөөңдү бул жерге чакырып кел»,— дейт.

— Менин күйөөм жок,— дейт ал.

— Чындыкты айттың. Сен беш жолу күйөөгө чыккансың жана азыркың күйөөң эмес,— дейт Ыйса ага.

Аял аябай таң калат, себеби булардын баары чын болчу. Ыйса муну кайдан билген? Ал убадаланган Мессия болгондуктан, бул маалыматты ага Кудай берген. Аңгыча шакирттери келишет да, анын самариялык аял менен сүйлөшкөнүн көрүп таң калышат.

Бул жерде айтылгандардан эмнеге үйрөнө алабыз? Ыйса бардык улуттарга бирдей мамиле кылган. Биз да ошентишибиз керек. Айрым улуттарды жаман деп эсептеген адамдардай болбошубуз керек. Ыйса түбөлүк өмүргө алып баруучу чындыкты бардык адамдардын билишин каалаган. Биз дагы башкаларга чындык жөнүндө айтып берүүгө ынтызар болушубуз керек.

Жакан 4:5—43; 17:3.



Суроолор

  • Эмнеге Ыйса Самариядагы кудуктун жанына токтойт жана сууга келген аялга эмне дейт?
  • Аял эмне себептен таң калат, Ыйса ага эмне деп айтат жана эмне үчүн?
  • Аял Ыйсаны кайсы суу жөнүндө айтып жатат деп ойлойт, бирок ал кайсы суу тууралуу сөз кылган эле?
  • Аял Ыйсанын ал жөнүндө бүт баарын билерине эмне үчүн таң калат жана Ыйса ал аял тууралуу кайдан билген?
  • Бул билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз?

Кошумча суроолор

  • Оку: Жакан 4:5—43.

    Ыйсадан үлгү алып, коомдогу абалы же улуту бөлөк адамдарга кандай карашыбыз керек? (Жкн. 4:9; 1 Кор. 9:22; 1 Тим. 2:3, 4; Тит. 2:11)

    Ыйсаны жолдогон адам рухий жактан кандай баталарды алат? (Жкн. 4:14; Ыш. 58:11; 2 Кор. 4:16)

    Билгендерин башкалар менен бөлүшүүгө ынтызар болгон самариялык аялды Кудайга ыраазычылык билдирүүдө кантип туурай алабыз? (Жкн. 4:7, 28; Мт. 6:33; Лк. 10:40—42)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Самариялык аялга кабар айтышы

Иса пайгамбар самариялык аялга, калыбы, буга чейин эч кимге ачык айта элек нерсени ачып берет.