Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

89-аңгеме: Ыйса ийбадаткананы тазалайт

89-аңгеме: Ыйса ийбадаткананы тазалайт

БУЛ сүрөттө Ыйса аябай ачууланып жаткандай көрүнөт бекен? Мунун себебин билесиңби? Кудайдын Иерусалимдеги ийбадатканасында жүргөн бул кишилер абдан ачкөз. Алар Кудайга сыйынуу үчүн бул жерге келгендерден көп акча алууга умтулушат.

Ыйса үстөлдөрдү көңтөрүп, акчаларды чачат

Ары жактагы өгүз, кой жана көгүчкөндөрдү көрдүңбү? Бул кишилер аларды ийбадаткананын ичинде сатышууда. Эмне үчүн? Себеби ысрайылдыктар Кудайга мал менен канаттуулардан курмандык чалышчу.

Муса аркылуу берилген мыйзамга ылайык, ысрайылдыктар күнөө кетиргенде Кудайга курмандык алып келишчү. Андан башка учурларда да курмандык чалына турган. Буга керектелүүчү малды алар кайдан алышчу?

Айрымдарынын өздөрүнүн малы болгон. Бирок көптөрүндө мал тургай, канаттуу да жок болгон. Дагы башкалары Иерусалимден абдан алыс тургандыктан, курмандыкка чалынуучу малын ийбадатканага алып келе алышкан эмес. Ошондуктан ушул жерден сатып алышчу. Сатуучулар болсо элди алдап, абдан кымбат баа сурай турган. Андан тышкары, алар Кудайдын ийбадатканасында соода кылбашы керек болчу.

Мына ушул себептен улам Ыйса абдан ачууланып жатат. Ал үстөлдөрдү көңтөрүп, акчаларды чачат. Аркандан камчы жасап алып, ийбадатканадагы малдын баарын айдап чыгат. Ал эми көгүчкөн саткандарга: «Буларды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!» — деп буйрат.

Ошол учурда Ыйсанын кээ бир шакирттери анын жанында эле. Алар Ыйсаны көрүп таң калышат да, Ыйык Жазмадагы: «Сенин үйүңө болгон кызганыч Мени жеп жатат»,— деген сөздөрдү эстешет.

Иерусалимде ошол убакта Пасах деген майрам белгиленип жаткан. Ыйса ага катышып, көптөгөн кереметтерди жасайт. Андан кийин Жүйүттөн Галилеяга жөнөйт. Ал жакка жол тартып баратып Ыйса Самарияны аралап өтөт. Кел, анда ал жерден кандай окуя болгонун окуйлу.

Жакан 2:13—25; 4:3, 4.



Суроолор

  • Эмне үчүн ийбадатканада мал сатылчу?
  • Ыйса эмнеге ачууланат?
  • Сүрөттөн көрүп турганыңдай, Ыйса эмне кылат жана көгүчкөн саткандарга кандай буйрук берет?
  • Ыйсаны көргөн шакирттер ошол учурда эмнени эстешет?
  • Ыйса Галилеяга кайсы жер аркылуу өтөт?

Кошумча суроо

  • Оку: Жакан 2:13—25.

    Ыйсанын ийбадатканада акча алмаштыруучулардын акчасын чачканын эске алганда, Падышалык залында коммерциялык иштерди жүргүзүүгө кандай карашыбыз керек? (Жкн. 2:15, 16; 1 Кор. 10:24, 31—33)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Таза сыйынууну ынталуулук менен коргошу

Кудайдын Мыйзамы боюнча, курмандык чалууга малды Иерусалимден сатып алууга жол берилчү. Анда Иса пайгамбар ибадатканадагы соодагерлерге эмне үчүн ачууланган?