Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

87-аңгеме: Кичинекей Ыйса ийбадатканада

87-аңгеме: Кичинекей Ыйса ийбадатканада

ЧОҢ кишилер менен сүйлөшүп отурган бул баланы карачы. Булар — Иерусалимдеги Кудайдын ийбадатканасындагы окутуучулар. Ал эми бала — Ыйса. Ал он экиге чыгып, эс тартып калган.

Окутуучулар Ыйсанын Кудай жөнүндө жана Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу көптү билгенине аябай таң калышууда. Бирок Жусуп да, Мариям да көрүнбөйт го? Алар кайда? Кел, окуп көрөлү.

Кичинекей Ыйса окутуучулар менен сүйлөшүп отурат

Жусуп үйбүлөсүн жыл сайын Иерусалимде өткөрүлүүчү Пасах деген өзгөчө майрамга алып барчу. Назарет Иерусалимден алыс жайгашкан. Ал убакта машине да, поезд да болгон эмес. Элдин көбү жөө жүргөн, Иерусалимге жетүү үчүн үч күн жол жүрүш керек болчу.

Жусуптун үйбүлөсү чоң эле. Ошондуктан Ыйса ата-энесине инилери менен карындаштарын кароого жардам берчү. Жусуп менен Мариям бала-бакырасын алып, кайра алыскы Назареттеги үйүн көздөй жол тартышат. Алар Ыйсаны башкалар менен келатат деп ойлошот. Бирок бир күн жол жүргөндөн кийин, эс алганы токтогондо аны таппай калышат. Туугандарынан, тааныштарынан сурашат, бирок эч ким билбейт. Ошондуктан аны издеп кайра Иерусалимге жөнөшөт.

Акыры Ыйсаны окутуучулар менен отурган жеринен табышат. Ал алардын айткандарын угуп, суроолорду берип отурган экен. Жанындагылардын баары Ыйсанын акылмандуулугуна таң калып жатышыптыр. Мариям болсо: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сарсанаа болуп, сени издеп жүрөбүз»,— деп сурайт.

«Мени эмнеге издейсиңер? Атамдын үйүндө болушум керек экендигин билген эмес белеңер?» — дейт Ыйса. Ыйса Кудай жөнүндө көп айтылган жерлерде болууну жакшы көргөн. Бизде да ошондой каалоо болушу керек эмеспи? Назаретке келгенде Ыйса сыйынуу үчүн жолугушууларга жума сайын катышып турган. Ал дайым көңүл коюп уккандыктан, Ыйык Китепти жакшы билген. Кел, биз да Ыйсадан үлгү алып, ошондой кылалы.

Лука 2:41—52; Матай 13:53—56.



Суроолор

  • Сүрөттөгү Ыйса канча жашта жана ал каякта отурат?
  • Жусуп үйбүлөсүн жыл сайын каякка алып барат?
  • Эмне себептен Жусуп менен Мариям үйүн көздөй бир күн жол жүргөндөн кийин кайра Иерусалимге кайтып барышат?
  • Жусуп менен Мариям Ыйсаны кайдан табышат жана анын жанындагылар эмнеге таң калып жатышкан?
  • Ыйса энеси Мариямга эмне дейт?
  • Кудай жөнүндө билим алуу жагынан Ыйсаны кантип туурасак болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Лука 2:41—52.

    Мыйзамга ылайык, жыл сайын өткөрүлчү майрамдарга катышуу эркектерден гана талап кылынса да, Жусуп менен Мариям эмне кылышкан жана бул ата-энелер үчүн кандай үлгү?

    Ата-энеге баш ийүү жагынан Ыйса жаштарга кандай үлгү калтырган? (Лк. 2:51; Мыйз. 5:16; Накыл 23:22; Кол. 3:20)

  • Оку: Матай 13:53—56.

    Ыйык Китепте Ыйсанын кайсы төрт биртууганынын аты айтылат жана алардын экөө кийин жыйналышта кандай кызмат аткарышкан? (Мт. 13:55; Элч. 12:17; 15:6, 13; 21:18; Гал. 1:19; Жкп. 1:1; Жүй. 1)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иерусалимге сапар тартышы

Жусуп менен Мариям Исаны таба албай айласы кетет. Бирок Иса ата-энесинин анын каякта экенин билбегенине таң калат.