Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

85-аңгеме: Ыйса малканада төрөлөт

85-аңгеме: Ыйса малканада төрөлөт

СҮРӨТТӨГҮ ымыркайдын ким экенин билесиңби? Ооба, ал — Ыйса. Ал жаңы эле малканада төрөлдү. Адамдар ал жерде, адатта, мал кармайт. Мариям Ыйсаны эшек менен башка малга жем-чөп берилүүчү акырга жаткырат. Жусуп менен Мариям бул жерде эмне кылып жүрөт? Малкана бала төрөлчү жай эмес да, чынбы?

Ооба, ошондой. Бирок алар бул жерге төмөнкү себептен улам токтошот. Рим башкаруучусу Август ар ким туулган шаарына барып каттоодон өтүшү керектиги жөнүндө буйрук чыгарат. Жусуп ушул Бейт-Лехем шаарында туулган. Бул жерге келгенде, жатарга жер жок болгондуктан, ал Мариям экөө малканага келишет. Так ошол түнү, сүрөттөн өзүң көрүп тургандай, Ыйса аман-эсен төрөлөт.

Жусуп, Мариям жана кичинекей Ыйса

Ыйсаны көргөнү келген койчуларды карасаң. Алар түнкүсүн мал кайтарып талаада жатышкан эле. Бир маалда айлананы жарык каптайт. Ал периште болчу. Койчулардын жүрөктөрү түшөт. Бирок периште: «Коркпогула! Менин силерге жакшы кабарым бар. Бүгүн Бейт-Лехемде Машайак Эге төрөлдү. Ал адамдарды куткарат! Силер анын жалаякка оролуп, акырда жаткан жеринен табасыңар»,— деп айтат. Күтүлбөгөн жерден көптөгөн периштелер пайда болуп, Кудайды даңкташат. Койчулар ошол замат Ыйсаны издеп жөнөшөт да, аны малканадан табышат.

Ыйса эмне үчүн өзгөчө экенин билесиңби? Ал чынында ким? Бул китептин биринчи аңгемесинде Кудайдын эң биринчи Уулу тууралуу сөз кылганыбыз эсиңдеби? Ал Жахаба менен асман, жерди жана калган бардык нерселерди бирге жараткан. Эми Ыйсанын ким экенин билдиңби?

Кийинчерээк Жахаба уулунун өмүрүн Мариямдын ичине көчүргөн. Анан ал энесинин ичинде башка балдардай эле өрчүй баштаган. Бирок бул ымыркай Кудайдын Уулу болчу. Акыры Ыйса Бейт-Лехемдеги бул малканада төрөлөт. Периштелердин эмне себептен анын төрөлгөнүн адамдарга кубаныч менен кабарлаганын эми түшүндүңбү?

Лука 2:1—20.



Суроолор

  • Сүрөттөгү ымыркай ким жана Мариям аны каякка жаткырат?
  • Эмне үчүн Ыйса малканада төрөлөт?
  • Малканага кирип келаткан кишилер ким жана периштелер аларга эмне деген?
  • Эмне себептен Ыйса өзгөчө болгон?
  • Эмне үчүн Ыйсаны Кудайдын Уулу деп атоого болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Лука 2:1—20.

    Ыйсанын төрөлүшү жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылышына Рим императору Август кандайча катышып калган? (Лк. 2:1—4; Мих. 5:2)

    Канткенде «Кудайга жаккан адамдардан» боло алабыз? (Лк. 2:14; Мт. 16:24; Жкн. 17:3; Элч. 3:19; Эвр. 11:6)

    Куткаруучунун төрөлгөнүнө кубанган момун койчуларга салыштырмалуу Кудайдын кызматчыларында кубанууга кандай зор себеп бар? (Лк. 2:10, 11; Эф. 3:8, 9; Аян 11:15; 14:6)

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Иса пайгамбар качан төрөлгөн?

Көптөр Иса пайгамбардын туулган күнүн эмнеден улам 25-декабрда белгилеп калышканын окуп көрүңүз.