Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

100-аңгеме: Ыйса бак ичинде

100-аңгеме: Ыйса бак ичинде

ҮСТҮНКҮ кабаттагы бөлмөдөн чыгып Ыйса элчилери менен Гетсемани багына барат. Мурун алар бул жерге көп жолу келген болчу. Ыйса элчилерин уктабай, тиленип турууга чакырат. Өзү болсо арыраак барып, чөгөлөп алып тиленет.

Бир аз убакыттан кийин ал кайрылып келет. Ошондо шакирттери эмне кылып жаткан деп ойлойсуң? Алар уктап калышкан болот. Ыйса аларды сергек болууга үч жолу чакырат, бирок үч жолу тең кайра келсе алар уктап жаткан болушат. Акыркы жолу келгенде Ыйса: «Ушундай убакытта кантип уктайсыңар? Мени душмандарымдын колуна салып бергени жатышат»,— дейт аларга.

Ошол маалда жакындап келаткан сүрмө топтун добушу угулат. Карасаң, кылыч, союл көтөргөн адамдар Ыйсаны тегеректеп алышты. Жарык болушу үчүн колдоруна шаманаларды алып алышкан. Ал калың топтун ичинен бир киши чыгып, түз эле Ыйсаны көздөй басат да, сүрөттөн көрүп турганыңдай, аны өбөт. Ал — Жүйүт Искариот. Эмне үчүн Жүйүт Ыйсаны өбөт?

Жүйүт Ыйсаны сатып кетет

Ыйса андан: «Жүйүт, сен мени өөп туруп салып бересиңби?» — деп сурайт. Ооба, ал өзү менен келгендерге Ыйсаны өбүү менен көрсөтүп бермек. Ошо замат Ыйсанын душмандары аны кармаш үчүн алдыга чыгышат. Анда Петир Ыйсаны коргогусу келип, кылычты алып чыгат да, жанындагы кишини көздөй шилтейт. Кылыч анын башына тийбей өтүп, оң кулагын шылып кетет. Бирок Ыйса ал адамдын кулагына колун тийгизип айыктырып коёт.

«Кылычыңды кынына сал,— дейт Ыйса Петирге.— Атамдан мени сактап калууга түмөндөгөн периштелерин жиберүүсүн сурай албайт дейсиңби?» Ал чын эле муну кыла алат. Бирок антпейт, анткени ал душмандарынын колуна салынып бериле турган убакыттын келгенин билет. Ошондуктан каршылык көрсөтпөй, алар менен кетет. Кел, андан ары Ыйсанын эмне болорун билели.

Матай 26:36—56; Лука 22:39—53; Жакан 18:1—12.



Суроолор

  • Үстүнкү бөлмөдөн чыгып, Ыйса элчилери менен каякка барат жана ал жерден аларга эмне дейт?
  • Ыйса кайрылып келгенде элчилер эмне кылып жаткан болушат жана бул канча жолу кайталанат?
  • Бакка кимдер келет жана сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Жүйүт Искариот эмне кылат?
  • Эмне үчүн Жүйүт Ыйсаны өбөт жана Петир эмне кылат?
  • Ыйса Петирге эмне дейт жана Ыйса эмне үчүн Кудайдан периштелерди жиберүүсүн сурабайт?

Кошумча суроолор

  • Оку: Матай 26:36—56.

    Ыйса элчилерине кантип кеңеш берген жана андан жыйналыштагы аксакалдар эмнеге үйрөнө алышат? (Мт. 20:25—28; 26:40, 41; Гал. 5:17; Эф. 4:29, 31, 32)

    Ыйса адамдардын бири-бирине каршы курал колдонушуна кандай караган? (Мт. 26:52; Лк. 6:27, 28; Жкн. 18:36)

  • Оку: Лука 22:39—53.

    Гетсемани багында периштенин Ыйсаны бекемдегени анын ишеними алсырап калганын көрсөтөбү? Түшүндүр. (Лк. 22:41—43; Ыш. 49:8; Мт. 4:10, 11; Эвр. 5:7)

  • Оку: Жакан 18:1—12.

    Ыйса шакирттерин душмандарынан кантип коргогон жана биз мындан эмнеге үйрөнө алабыз? (Жкн. 10:11, 12; 18:1, 6—9; Эвр. 13:6; Жкп. 2:25)

Көбүрөөк билиңиз

Жан дүйнөсү кыйналып, жалындуу тилениши

Иса эмне үчүн: «Бул чөйчөктү менден алыстата көр»,— деп тиленген.

Жүйүт Мырзасын душмандарга салып берет

Жүйүт түн ортосу болгонуна карабай Иса Машаякты издеп тапкан?