Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

79-аңгеме: Даниел арстандар жаткан ордо

79-аңгеме: Даниел арстандар жаткан ордо

OЙ, КАРАСАҢ! Даниел чоң кырсыкка кабылган окшойт. Бирок арстандар ага тийген жок. Эмне үчүн экенин билесиңби? Даниелди бул орго ким салды? Кел, билели.

Бабылда азыр Дарий аттуу киши падышалык кылып жатат. Ал Даниелди аябай жакшы көрөт, себеби ал боорукер жана акылман. Дарий аны өз падышалыгында башкаруучу кылып коёт. Башкалардын буга ичи тарып, төмөндөгүдөй жаман ишке барышат.

Дарий

Алар Дарий падышага мындай дешет: «Падыша, биз бир да адам отуз күн ичинде башка кудайга же сенден башка кишиге тиленбеши керек деген мыйзам чыгарышыңды туура көрдүк. Эгер ким бул буйрукту аткарбаса, арстандар жаткан орго салынсын». Дарий алардын мындай мыйзамды эмне себептен каалап жатышканын билбейт. Анткен менен ал сунушту жактырат да, ошондой мыйзам чыгарат. Эми аны өзгөртүүгө болбойт.

Даниел бул мыйзам тууралуу билгенде, үйүнө барып адатынча эле тиленет. Баягы караниет адамдар Даниелдин Жахабага тилене берерин билишкен. Ошондуктан арам ойлору ишке ашчудай болуп жатканына кубанышат.

Дарий падыша ал адамдардын максатын билгенде абдан капаланат. Бирок бекитилген мыйзамды өзгөртө албагандыктан, Даниелди арстандар жаткан орго салдырууга аргасыз болот. Анткен менен Даниелге: «Сен кызмат кылып жүргөн Кудайың сени куткарарына үмүттөнөм»,— дейт.

Дарий абдан капалангандыктан, түнү бою уктабай чыгат. Эртеси эртең менен арстандар жаткан орго чуркап барат. Аны сүрөттөн көрүп турасыңбы? Ал: «Даниел, тирүү Кудайдын кулу! Кызмат кылган Кудайың сени арстандардан сактап кала алдыбы?» — деп кыйкырат.

Даниел арстандар жаткан ордо

Даниел: «Кудай өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду, алар мага эч зыян келтирген жок»,— деп жооп берет.

Падышанын кубанганын айтпа. Ал Даниелди ордон алып чыгууга, ал эми андан кутулгусу келген караниет адамдарды орго ыргытууга буйрук берет. Ордун түбүнө жете электе эле, арстандар аларга атырылып, сөөктөрү менен кошо чайнап салат.

Андан кийин Дарий өзүнүн падышалыгындагы бүт элине жазуу түрүндө мындай деп кайрылат: «Бардыгыңарга Даниелдин Кудайын урматтоону буйрук кылам. Ал чоң керемет жасады. Даниелди арстандардан сактап калды».

Даниел 6:1—28.



Суроолор

  • Дарий деген ким жана ал Даниелге кандай мамиле кылат?
  • Айрым ичи тар кишилер Дарийди эмне кылууга көндүрүшөт?
  • Даниел жаңы мыйзам тууралуу билгенде эмне кылат?
  • Эмне үчүн Дарий уктабай калганчалык капаланат жана эртеси эртең менен эмне кылат?
  • Даниел Дарийге эмне деп жооп берет?
  • Даниелди өлтүргүсү келген караниет адамдар эмне болот жана Дарий падышалыгындагы бүт элге кат жүзүндө кандай буйрук берет?

Кошумча суроолор

  • Оку: Даниел 6:1—28.

    Даниелге каршы чыккандардын иш-аракети Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин токтотууга умтулгандардын аракетине эмнеси менен окшош? (Дан. 6:7; Заб. 93:20; Ыш. 10:1; Рим. 8:31)

    Кудайдын кызматчылары «жогорку бийликтегилерге» баш ийүү жагынан Даниелди кантип туурай алышат? (Дан. 6:5, 10; Рим. 13:1; Элч. 5:29)

    Жахабага «дайыма кызмат кылуу» жагынан Даниелди кантип туурай алабыз? (Дан. 6:16, 20; Флп. 3:16; Аян 7:15)