Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

73-аңгеме: Ысрайылдын акыркы жакшы падышасы

73-аңгеме: Ысрайылдын акыркы жакшы падышасы

ЫСРАЙЫЛДЫН эки уруудан турган түштүк падышалыгында бийлик кыла баштаганда Жошия сегиз жашта болчу. Ал өтө жаш болгондуктан, элди башкарууга алгач ага улуураак адамдар жардамдашат.

Такка отурганына жети жыл болгондо, Жошия Жахабанын эркин аткарууга умтула баштайт. Ал Дөөт, Жошапат жана Хискияга окшогон жакшы падышалардын жолун жолдойт. Өспүрүм курагында эле ал эржүрөктүк менен бир иш кылат.

Жошия падыша менен анын кишилеринин буркандарды талкалашы

Ысрайылдыктардын көбү узак убакыт бою жаман жолдо жүрүшөт. Алар жалган кудайларга сыйынып, буркандарга таазим этишет. Ошондуктан Жошия кызматчылары менен өлкөнү жалган сыйынуудан тазалай баштайт. Бул оңой эмес эле, анткени элдин көбү жалган кудайларга сыйынчу. Сүрөттү карасаң, Жошия кишилери менен буркандарды талкалап жатат.

Анан ал үч адамды Жахабанын ийбадатканасын оңдоого дайындайт. Элден чогултулган акча аларга аткарган иши үчүн төлөнчү. Алар ийбадатканада иштеп жатышканда, башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия бир баалуу нерсе таап алат. Ал Жахаба көп жылдар мурун Мусага жаздырган мыйзам китеби эле. Анын жоголуп кеткенине бир топ убакыт болуп калган.

Китепти Жошияга алып келишкенде, ал аны окуп берүүнү буйрат. Анда жазылгандарды укканда падыша элдин Жахаба бекиткен мыйзамды аткарбай жүргөнүн түшүнөт. Буга аябай кайгырган Жошия, сүрөттө тартылгандай, кийимдерин айрып жиберет. Анан: «Ата-бабаларыбыз бул китепте жазылган мыйзамды аткарбай коюшкандыктан, Жахаба бизге катуу каарданып жатат»,— дейт.

Шапан менен Жошия падыша

Падыша башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга Жахабанын аларды эмне кыла турганын билүүнү буйрат. Хилкия Хулда деген пайгамбар аялга барып, бул тууралуу сурайт. Жахаба ал аял аркылуу Жошияга мындай деп айттырат: «Иерусалимди жана жалган кудайларга сыйынуу менен жерди жаман иштерге толтургандардын баарын жазалайм. Бирок, Жошия, сен туура иштерди кылгандыктан, бул жаза сен тирүү кезде келбейт».

2 Жылнаама 34:1—28.



Суроолор

  • Жошия канча жашында такка отурат жана жети жылдан кийин эмне кыла баштайт?
  • Биринчи сүрөттө Жошия эмне кылып жатат?
  • Ийбадаткана оңдолуп жатканда башкы ыйык кызмат кылуучу эмнени таап алат?
  • Эмне үчүн Жошия кийимдерин айрып жиберет?
  • Жахаба Хулда деген пайгамбар аял аркылуу Жошияга эмне деп айтат?

Кошумча суроолор

  • Оку: 2 Жылнаама 34:1—28.

    Балачагы оор болгондор Жошиядан кандай үлгү ала алышат? (2 Жылн. 33:21—25; 34:1, 2; Заб. 26:10)

    Чыныгы сыйынууну өркүндөтүү үчүн Жошия башкаруусунун 8-, 12- жана 18-жылдарында кандай иштерди жасаган? (2 Жылн. 34:3, 8)

    Сыйынуу жайларын күтүүгө байланыштуу Жошия менен башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкиядан эмнелерге үйрөнө алабыз? (2 Жылн. 34:9—13; Накыл 11:14; 1 Кор. 10:31)