Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

72-аңгеме: Кудай Хиския падышага жардам берет

72-аңгеме: Кудай Хиския падышага жардам берет

БУЛ кишинин Жахабага эмне үчүн тиленип жатканын билесиңби? Эмне себептен ал курмандык чалынуучу жайдын алдына каттарды жайып койгон? Анын аты — Хиския. Ал Ысрайылдын эки уруудан турган түштүк падышалыгын башкарат. Азыр анын эли чоң коркунуч алдында турат. Эмне үчүн?

Хиския падышанын тилениши

Анткени ашурлуктар мурун он уруудан турган түндүк падышалыгын талкалашкан болчу. Буга Жахаба өзү жол берген, себеби он уруунун эли көптөгөн жаман иштерди жасаган. Эми ашурлуктар эки уруудан турган падышалыкка кол салганы жатышат.

Хиския жаңы эле алардын падышасынан бир нече кат алды. Мына ошол каттарды ал Кудайдын алдына жайып койду. Аларда Жахабага акарат келтирилип, Хискияга багынып берүү буйрук кылынган экен. Ошон үчүн Хиския: «Жахаба, бизди Ашур падышасынан сактай көр, ошондо Сенин жалгыз Кудай экениңди бардык элдер билишет»,— деп тиленет. Жахаба анын тиленүүсүн угабы?

Хиския, Ысрайылдын он уруусунун падышаларынан жана атасы Ахаздан айырмаланып, жакшы падыша. Ал Жахабанын бардык осуяттарын аткарат. Ошондуктан тиленип бүтөрү менен, Жахаба ага Ышайа пайгамбар аркылуу: «Ашур падышасы Иерусалимге кирбейт. Анын жоокерлеринин бири да жакын жолобойт. Шаарга бир да жебе атылбайт»,— деп айттырат.

Бул беттеги сүрөттү карасаң. Өлүп жаткан жоокерлер кимдер экенин билесиңби? Алар — ашурлуктар. Жахаба жиберген периште бир түндө алардын 185 000 жоокерин өлтүрөт. Ал эми падышасы жеңилгенин көрүп, үйүнө кайтат.

Ашурлук жоокерлердин кырылышы

Ошентип, эки уруудан турган падышалык талкаланбай, эли бир канча убакытка чейин тынчтыкта жашайт. Бирок Хиския өлгөндөн кийин, такка анын уулу Менаше отурат. Ал да, анын уулу Амон да жаман падыша болот. Ошондуктан өлкөдө зордук-зомбулук, кылмышкерлик кайрадан көбөйөт. Амон падышаны өзүнүн кулдары өлтүрөт. Андан кийин эки уруудан турган падышалыкты анын уулу Жошия башкарат.

2 Падышалар 18:1—36; 19:1—37; 21:1—25.



Суроолор

  • Сүрөттөгү киши ким жана ал кандай кыйын жагдайга туш болду?
  • Хиския Кудайдын алдына кайсы каттарды жайып койгон жана ал эмне деп тиленет?
  • Хиския кандай падыша жана Жахаба Ышайа пайгамбар аркылуу ага эмне деп айтат?
  • Сүрөттө тартылгандай, Жахабанын периштеси ашурлуктарды эмне кылат?
  • Бир канча убакыт бою тынчтыкта жашаган эки уруудан турган падышалык Хиския өлгөндөн кийин эмне болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: 2 Падышалар 18:1—36.

    Ашур падышасы жиберген Рапшак ысрайылдыктардын ишенимин алсыратуу үчүн эмне кылган? (2 Пад. 18:19, 21; Чыг. 5:2; Заб. 63:4)

    Каршылыктарга туш болгондо Жахабанын Күбөлөрү Хискиядан кандай үлгү алышат? (2 Пад. 18:36; Заб. 38:2; Накыл 26:4; 2 Тим. 2:24)

  • Оку: 2 Падышалар 19:1—37.

    Кайгыга учураганда Жахабанын эли Хискияны кантип туурайт? (2 Пад. 19:1, 2; Накыл 3:5, 6; Эвр. 10:24, 25; Жкп. 5:14, 15)

    Санхейрип падыша кандай чоң үч сокку жеген жана ал кимдин прообразы болгон? (2 Пад. 19:32, 35, 37; Аян 20:2, 3)

  • Оку: 2 Падышалар 21:1—6, 16.

    Эмне үчүн Менашени Иерусалимде башкарган падышалардын эң жаманы болгон деп айта алабыз? (2 Жылн. 33:4—6, 9)