Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

71-аңгеме: Кудай бейиш болорун убадалайт

71-аңгеме: Кудай бейиш болорун убадалайт

КУДАЙ Ышайа пайгамбарга көрсөткөн бейиш ушул сүрөттөгүдөй болсо керек. Ышайа Жунустан кийин жашаган.

Бейиштеги эл

Бейиш деген сөз «бак» же «сейилбак» дегенди билдирет. Бул китептен ушуга окшогон сүрөттү көрдүң беле? Жахаба Кудай Адам менен Обо үчүн даярдаган бейиш багына окшош бекен? Кийин жер бетинде кайрадан бейиш болобу?

Жахаба Ышайага өзүнүн эли келечекте бейиште жашаарын жаздырган. Ал айткандай, карышкырлар менен козулар чогуу жашайт, музоолор арстандын балдары менен бирге болот, алардын баарын жаш балдар жетелеп ойнойт. Атүгүл наристе уулуу жыландын ийининин үстүндө ойносо да, эч зыян тартпайт.

«Эч качан андай болбойт. Жерде дайыма кыйынчылыктар болуп келген жана боло берет»,— дешет көптөр. А бирок эстеп көрчү, Кудай Адам менен Обону каякка жайгаштырды эле?

Бейишке. Бирок Кудайга тил албай койгондуктан алар андан ажырап калышкан. Бара-бара картайышкан, анан өлүшкөн. Алар жоготкон бейишти Кудай Өзүн жакшы көргөн адамдарга кайрадан орнотууну убада кылууда.

Келечектеги бейиште эч кандай жамандык болбойт. Бүт дүйнө жүзүнө тынчтык орнойт. Бардык адамдар денсоолугу чың, бактылуу болушат. Кудай башында кандай кааласа, бардыгы ошондой болот. Кудай өзүнүн жерге байланыштуу ой-ниетин кандайча аткарарын кийинчерээк билебиз.

Ышайа 11:6—9; Аян 21:3, 4.



Суроолор

  • Ышайа ким болгон, ал кайсы убакта жашаган жана Жахаба ага эмнени көрсөткөн?
  • «Бейиш» деген сөз эмнени билдирет жана аны укканда эмнени эстейсиң?
  • Жахаба Ышайага бейиш тууралуу эмнени жаздырган?
  • Эмне себептен Адам менен Обо кооз үйүнөн ажырап калган?
  • Жахаба өзүн жакшы көргөн адамдарга эмнени убадалоодо?

Кошумча суроолор

  • Оку: Ышайа 11:6—9.

    Кудайдын Сөзүндө жаңы дүйнөдө жаныбарлар менен адамдардын ортосунда өкүм сүрө турган тынчтык кандайча сүрөттөлөт? (Заб. 148:10, 13; Ыш. 65:25; Жез. 34:25)

    Ышайанын сөздөрү Жахабанын элинин үстүнөн рухий мааниде кандайча аткарылып жатат? (Рим. 12:2; Эф. 4:23, 24)

    Азыр болобу же келечектеби, адамдар кимдин жардамы менен гана өзгөрүлө алат? (Ыш. 48:17, 18; Гал. 5:22, 23; Флп. 4:7)

  • Оку: Аян 21:3, 4.

    Кудайдын адамдар менен түзмө-түз мааниде жашабай турганын Ыйык Жазма кандайча көрсөтүп турат? (Леб. 26:11, 12; 2 Жылн. 6:18; Ыш. 66:1; Аян 21:2, 3, 22—24)

    Эмне себептен ый-зар жана кайгы болбойт? (Лк. 8:49—52; Рим. 8:21, 22; Аян 21:4)