Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

68-аңгеме: Тирилтилген эки бала

68-аңгеме: Тирилтилген эки бала

ЭГЕР өлүп калып, кайра тирилсең, апаң кандай сезимде болот эле? Албетте, аябай сүйүнмөк! Бирок өлгөн адам тирилиши мүмкүнбү? Мурда ушундай болду беле?

Сүрөттөгү кишини, аялды жана баланы карасаң. Бул киши — Илияс пайгамбар. Берки экөө — Сарепат шаарында жашаган жесир аял менен анын уулу. Бир күнү бала ооруп калат. Абалы начарлагандан начарлап отуруп, акыры ал өлүп калат. Ошондо Илияс аялга: «Баланы мага бер»,— дейт.

Илияс жана жесир аял тирилтилген баласы менен

Ал баланы үстүнкү бөлмөгө алып чыгып, өзүнүн төшөгүнө жаткырат. Анан: «О, Жахаба, баланы тирилтип берчи»,— деп тиленет. Бала дем ала баштайт. Илияс аны көтөрүп апасына алып келип: «Карачы! Балаң тирүү!» — дейт. Мына ошондуктан апасы аябай сүйүнүп жатат.

Жахабанын дагы бир белгилүү пайгамбары болгон. Ал Илиястын жардамчысы Элиша эле. Жахаба ал аркылуу да керемет жасайт. Бир күнү Элиша Шунем шаарына келет. Ал жерден бир аял ага көп жакшылык кылат. Кийин ал аял уулдуу болот.

Бала чоңоюп, күндөрдүн биринде талаада иштеп жаткан атасына барат. Бир маалда ал: «Башым! Башым!» — деп ыйлайт. Үйүнө алып келгенде, ал өлүп калат. Апасы катуу кайгырып, Элишаны издеп жөнөйт.

Элиша келип, бала жаткан бөлмөгө кирет. Анан Жахабага тиленип, баланын үстүнө жатат. Бир аздан кийин баланын денеси жылып, ал жети жолу чүчкүрөт. Апасы бөлмөгө кирип, баласынын тирилгенин көргөндө аябай кубанат.

Биздин убакка чейин канчалаган адамдар өлдү. Алардын үйбүлөлөрү, достору кандай гана кайгырышты. Албетте, биз өлгөндөрдү тирилте албайбыз. Бирок Жахаба тирилте алат. Анын миллиондогон адамдарды кантип тирилтери жөнүндө кийинчерээк окуйбуз.

1 Падышалар 17:8—24; 2 Падышалар 4:8—37.


Суроолор

  • Сүрөттөгүлөр кимдер жана кичинекей бала эмне болгон?
  • Илияс бала жөнүндө эмне деп тиленет жана андан кийин эмне болот?
  • Илиястын жардамчысынын аты ким?
  • Эмне үчүн шунемдик аял Элишаны үйүнө чакырат?
  • Элиша эмне кылат жана өлгөн бала эмне болот?
  • Илияс менен Элиша тууралуу билдирүүлөрдөн Жахабанын кандай күчкө ээ экени көрүнүп турат?

Кошумча суроолор

  • Оку: 1 Падышалар 17:8—24.

    Илиястын тилалчаактыгы жана ишеними кантип сыналган? (1 Пад. 17:9; 19:1—4, 10)

    Эмне үчүн Сарепаттагы жесир аялдын ишеними күчтүү болгон деп айта алабыз? (1 Пад. 17:12—16; Лк. 4:25, 26)

    Сарепаттык жесир аял менен болгон окуя Ыйсанын Матай 10:41, 42деги сөздөрүнүн калетсиздигин кандайча көрсөтүп турат? (1 Пад. 17:10—12, 17, 23, 24)

  • Оку: 2 Падышалар 4:8—37.

    Меймандостук көрсөтүү жагынан шунемдик аялдан эмнеге үйрөнө алабыз? (2 Пад. 4:8; Лк. 6:38; Рим. 12:13; 1 Жкн. 3:17)

    Кудайдын кызматчыларына кандай жолдор менен жакшылык кылсак болот? (Элч. 20:35; 28:1, 2; Гал. 6:9, 10; Эвр. 6:10)