Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

67-аңгеме: Жошапат Жахабага Таянат

67-аңгеме: Жошапат Жахабага Таянат

БУЛ сүрөттөгү адамдардын кимдер экенин жана эмне кылып жатканын билесиңби? Алар согушка баратышат. Алдыдагы эркектер ырдашууда. Сен: «Ырдап бараткандар эмне үчүн согушка кылычы жана найзасы жок чыгышты?» — деп сурашың мүмкүн. Кел анда, окуп көрөлү.

Ысрайылдыктар согушка чыгып бара жатышат

Жошапат Ысрайылдын эки уруудан турган падышалыгын башкарат. Ал он уруудан турган түндүк падышалыкты Ахап менен Изебел башкарган мезгилде жашаган. Бирок алардан айырмаланып, Жошапат да, атасы Аса да жакшы падышалардан болгон. Ошондуктан эки уруудан турган түштүк падышалыгындагы эл көп жылдар бою жакшы жашайт.

Бирок азыр бир нерседен улам элдин үрөйү учууда. Кабарчылар Жошапатка: «Мааптыктар, амондуктар жана Сеир тоосунда жашагандар көп аскери менен сага кол салганы келатат»,— деп билдиришет. Көптөгөн ысрайылдыктар Жахабадан жардам издеп, Иерусалимге чогулушат. Алар ийбадатканага барышат жана ал жерден Жошапат: «Кудайыбыз Жахаба, биз эмне кылууну билбей жатабыз. Мындай чоң аскерге биздин күчүбүз жетпейт. Бир гана сенден жардам сурайбыз»,— деп жалынат.

Жахаба аларга өзүнүн кызматчысы аркылуу мындай деп жооп берет: «Бул согуш силердики эмес, Кудайдыкы. Силер согушпайсыңар. Карап гана турасыңар жана Жахабанын силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр».

Эртеси Жошапат элди Жахабага таянууга чакырат. Анан куралдуу аскеринин алдына ырчыларды коёт да, Жахабаны даңктап ырдоону буйрат. Алар согуш талаасына жакындаганда эмне болгонун билесиңби? Жахаба душмандардын ыркын кетирип, ортосуна бүлүк түшүрөт. Ошондуктан ысрайылдыктар келгенде, душмандардын бири да калбай, кырылып калган болот.

Жошапат Жахабага таянуу менен акылмандык көрсөткөн, чынбы? Биз да ошентсек, акылдуулук кылабыз.

1 Падышалар 22:41—53; 2 Жылнаама 20:1—30.


Суроолор

  • Жошапат ким болгон жана ал кайсы убакта жашаган?
  • Ысрайылдыктар эмнеден коркот жана алардын көбү эмне кылат?
  • Жошапат тиленгенде, Жахаба эмне деп жооп берет?
  • Согушка чейин эле Жахаба эмне кылып коёт?
  • Жошапаттан эмнеге үйрөнө алабыз?

Кошумча суроолор

  • Оку: 2 Жылнаама 20:1—30.

    Жошапатты туурап, Кудайдын ишенимдүү кызматчылары кыйынчылыктарга дуушар болгондо эмне кылышы керек? (2 Жылн. 20:12; Заб. 24:15; 61:2)

    Жахаба өзүнүн эли менен мурун кандайча байланышчу, ал эми азырчы? (2 Жылн. 20:14, 15; Мт. 24:45—47; Жкн. 15:15)

    «Бардыгын кармап туруучу Кудайдын» согушу башталганда, биз, Жошапатка окшоп, эмне кылабыз? (2 Жылн. 20:15, 17; 32:8; Аян 16:14, 16)

    Лебилерге окшоп, пионерлер менен миссионерлер жакшы кабардын дүйнө жүзү боюнча таратылышына кандай салым кошууда? (2 Жылн. 20:19; Рим. 10:13—15; 2 Тим. 4:2)