Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

65-аңгеме: Падышалык бөлүнөт

65-аңгеме: Падышалык бөлүнөт

СҮРӨТТӨГҮ кишинин эмне үчүн кийимин бөлүк-бөлүк кылып айрып жатканын билесиңби? Муну ага Жахаба буйруган. Ал — Кудайдын Акия деген пайгамбары. Пайгамбар деген ким экенин уктуң беле? Кудай андай адамга эмне болорун алдын ала айтып турат.

Акия жана Жеробам

Бул жерде Акия Жаробам менен сүйлөшүп жатат. Жаробам — Сулаймандын кызматчысы. Ал курулуш иштеринин айрымдарын жүргүзүүгө дайындалган. Акия Жаробам менен сүйлөшүп жатып таң калыштуу бир нерсе кылат. Жаңы кийимин чечип, он экиге бөлөт да, Жаробамга: «Онун сен ал»,— дейт. Акия эмне үчүн он бөлүгүн ага берет?

Пайгамбар Жаробамга Кудайдын Сулаймандан падышалыкты алып, он урууну ага берерин айтат. Демек, Сулаймандын уулу Рехабамга эки гана уруу калат.

Сулайман Акиянын эмне дегенин укканда, аябай ачуусу келет. Ал Жаробамды өлтүрүүгө аракет кылат. Бирок Жаробам Мисирге качып кетет. Көп өтпөй Сулайман көз жумат. Ал 40 жылдай башкарган соң, такка уулу Рехабам отурат. Мисирде жүргөн Жаробам Сулаймандын өлгөнүн угуп, Ысрайылга кайтып келет.

Рехабам жаман падыша болот. Ал элге атасы Сулаймандан да жаман мамиле кылат. Жаробам жана бир топ аксакал ага келип, элге аяр мамиле кылууну суранат. Рехабам аларды укмак турсун, элди ого бетер эзет. Ошондо эл Жаробамды он урууга падыша кылып шайлайт, ал эми Бенжемин менен Жүйүт уруусу Рехабамдын кол астында калат.

Жаробам элдин Жахабага сыйынуу үчүн Иерусалимдеги ийбадатканага барышын каалабайт. Ошондуктан эки алтын букачар жасайт. Натыйжада он уруу аларга сыйына баштайт. Көп өтпөй ал жер кылмышкерлик менен зордук-зомбулукка толот.

Эки уруудан турган падышалыктын эли да кыйналып жашайт. Рехабам такка отургандан беш жыл өтө электе, Мисир падышасы Иерусалимге каршы согуш ачат. Ал Жахабанын ийбадатканасындагы байлыктын көбүн алып кетет. Ошондуктан курулуп бүткөнүнөн көп өтпөй ийбадаткана баштапкы кооздугунан ажырайт.

1 Падышалар 11:26—43; 12:1—33; 14:21—31.



Суроолор

  • Сүрөттөгү эки киши ким?
  • Акия кийимин эмне кылып жатат жана бул эмнени билдирет?
  • Сулайман Жаробамды эмне кылууга аракеттенет?
  • Эмне себептен эл Жаробамды он урууга падыша кылып шайлайт?
  • Эмне үчүн Жаробам эки алтын букачар жасайт жана көп өтпөй ал жер кандай иштерге толот?
  • Эки уруудан турган падышалык жана Жахабанын Иерусалимдеги ийбадатканасы эмне болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: 1 Падышалар 11:26—43.

    Жаробам кандай адам болгон жана Жахабанын мыйзамдарын сактаса кандай бата алмак? (1 Пад. 11:28, 38)

  • Оку: 1 Падышалар 12:1—33.

    Ата-энелер менен аксакалдар бийлигин кыянат пайдаланган Рехабамдын жашоосунан кандай сабак ала алышат? (1 Пад. 12:13; 1 Пет. 5:2, 3)

    Олуттуу чечим чыгарарда жаштар ишеничтүү жетекчиликти кимден издеши керек? (1 Пад. 12:6, 7; Накыл 1:8, 9; 2 Тим. 3:16, 17; Эвр. 13:7)

    Эмне себептен Жаробам, эл сыйынышы үчүн, эки жерге букачар орноткон жана бул анын Жахабага болгон ишениминин аздыгын кандайча көрсөткөн? (1 Пад. 11:37; 12:26—28)

    Он уруудан турган падышалыктын чыныгы сыйынуудан баш тартып кеткенине ким себепкер болгон? (1 Пад. 12:32, 33)