Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

64-аңгеме: Сулайман ийбадаткана курат

64-аңгеме: Сулайман ийбадаткана курат

ДӨӨТ өлөр алдында Сулайманга Жахабанын ийбадатканасынын чиймесин берет. Аны ага Кудай берген болчу. Сулайман башкаруусунун төртүнчү жылында ийбадаткананы кура баштап, жети жарым жылдан кийин бүтүрөт. Курулуш ишине он миңдеген адамдар катышат. Аны курууда көп алтын жана күмүш сарпталгандыктан, ийбадаткана абдан кымбат имараттардан болот.

Жыйын чатырындай эле, ийбадаткана да эки негизги бөлмөдөн турат. Бирок андагы бөлмөлөр жыйын чатырындагылардан эки эсе чоң. Сулайман ийбадаткананын ички бөлмөсүнө келишим сандыгын, ал эми сырткы бөлмөсүнө жыйын чатырында сакталып келген буюмдарды коёт.

Ийбадаткана курулуп бүткөндө, чоң майрам уюштурулат. Ошондо, бул сүрөттө тартылгандай, Сулайман ийбадаткананын алдында тизелеп алып, тиленет. Ал Жахабадан: «Сени мен курган бул ийбадаткана эмес, асман да, асмандын асманы да батыра албайт. Ошентсе да элиң ушул жайда сыйынганда, кулагыңды сала көр»,— деп суранат.

Сулайман тиленип жатат

Падыша тиленип бүтөрү менен, асмандан от түшүп, курмандыкка чалынган малды жалмап кетет. Андан кийин ийбадаткана Жахабадан келген жарыкка толот. Бул Жахабанын тиленүүнү угуп, ийбадаткананы жана Сулаймандын суранычын жактырганын көрсөтөт. Эми эл Жахабага жыйын чатырында эмес, ийбадатканада сыйына баштайт.

Көп жылдар бою Сулайман акылдуу падыша болуп, эл бактылуу жашайт. Бирок ал Жахабага сыйынбаган, бөтөн жерлик көптөгөн аялдарга үйлөнөт. Алардын бири бурканга сыйынып жатканын көрүп турасыңбы? Акыр-аягы аялдары Сулайманды башка кудайларга сыйынууга азгырып кетет. Анын кесепетинде эмне болгонун билесиңби? Сулайман ташбоор падыша болуп, элди кууратат.

Сулайман бурканга сыйынып жатат

Жахаба ага каарданып: «Сенден падышалыкты алып, башкага берем. Бирок аны сенин көзүң тирүү кезде эмес, уулуң башкарган убакта кылам. Анткен менен падышалыкты андан толугу менен тартып албайм»,— деп айтат. Кел анда, Жахаба айткандарын кандайча аткарганын көрөлү.

1 Жылнаама 28:9—21; 29:1—9; 1 Падышалар 5:1—18; 2 Жылнаама 6:12—42; 7:1—5; 1 Падышалар 11:9—13.



Суроолор

  • Сулайман Жахабанын ийбадатканасын канча жыл курган жана эмне үчүн ал абдан кымбат имарат болгон?
  • Ийбадаткана канча негизги бөлмөдөн турган жана ички бөлмөсүнө эмне коюлган?
  • Ийбадаткана курулуп бүткөндө, Сулайман эмне деп тиленген?
  • Сулаймандын тиленүүсүн жактырганын Жахаба кантип көрсөткөн?
  • Сулаймандын аялдары аны эмне кылууга азгырган жана ал эмне болгон?
  • Эмне үчүн Жахаба Сулайманга каарданган жана ага эмне деген?

Кошумча суроолор

  • Оку: 1 Жылнаама 28:9, 10.

    Дөөттүн 1 Жылнаама 28:9, 10догу сөздөрүнө ылайык, күн сайын эмне кылышыбыз керек? (Заб. 18:15; Флп. 4:8, 9)

  • Оку: 2 Жылнаама 6:12—21, 32—42.

    Адам курган бир да имарат Эң Жогорку Кудайды батыра албаарын Сулайман кантип билдирген? (2 Жылн. 6:18; Элч. 17:24, 25)

    Сулаймандын 2 Жылнаама 6:32, 33төгү сөздөрү Жахаба жөнүндө эмнени айтып турат? (Элч. 10:34, 35; Гал. 2:6)

  • Оку: 2 Жылнаама 7:1—5.

    Жахабанын даңкын көргөндө аны даңазалоого түрткү алган ысрайылдыктарга окшоп, биз Жахабанын өз элине берип жаткан баталарын көргөндө эмне кылышыбыз керек? (2 Жылн. 7:3; Заб. 21:23; 33:2; 95:2)

  • Оку: 1 Падышалар 11:9—13.

    Аягына чейин ишенимдүү болуу маанилүү экени Сулаймандын жашоосунан кандайча көрүнүп турат? (1 Пад. 11:4, 9; Мт. 10:22; Аян 2:10)