Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

59аңгеме: Эмне үчүн Дөөт качууга аргасыз болот?

59аңгеме: Эмне үчүн Дөөт качууга аргасыз болот?

ДӨӨТ Голийатты өлтүргөндөн кийин, Ысрайылдын аскер башчысы Абенер аны Шабулга алып келет. Падыша аны аябай жактырып, аскер башчы кылып дайындайт. Ошентип, Дөөт падыша сарайында жашап калат.

Кийинчерээк ысрайыл аскерлери пелиштиликтерди жеңип келатканда, аялдар: «Шабул миңди жеңсе, Дөөт он миңди жеңди!» — деп ырдашат. Падышанын буга ичи күйөт, анткени ага караганда Дөөт көбүрөөк даңкталып жаткан. Бирок анын уулу Жонатандын ичи тарыбайт. Ал Дөөт экөө бири-бирин абдан жакшы көрөт. Ошондуктан алар дайым дос болууга ант беришет.

Шабул падыша найзасын ыргытат

Дөөт арфада абдан сонун ойночу. Шабул аны укканды жакшы көрчү. Бирок бир күнү падыша көралбастыгынын айынан жаман ишке барат. Арфада ойноп отурган Дөөткө ал: «Мен сени дубалга кадайм!» — деп, ага найзасын ыргытат. Дөөт буйтап кеткендиктен, найза тийбей калат. Кийин падыша найзасын дагы ыргытат, бирок анда да тийбейт. Дөөт сак болуу керек экенин түшүнөт.

Шабулдун убадасы эсиңдеби? Ал Голийатты өлтүргөн кишиге кызын бермек. Падыша Дөөткө Михал аттуу кызын берерин, бирок алгач ал 100 пелиштиликти өлтүрүп келиши керектигин айтат. Чынында, Шабул пелиштиликтер аны өлтүрөт деп үмүттөнөт. Бирок ою ишке ашпай калып, падыша айласыздан Дөөткө кызын берет.

Күндөрдүн биринде Шабул Жонатан менен кызматчыларына Дөөттү өлтүргүсү келип жатканын айтат. Жонатан атасына: «Ага тийбе. Ал сага эч жамандык кылган жок го. Тескерисинче, чоң жардам берип келатпайбы. Өз өмүрүн тобокелге салып, Голийатты өлтүргөнүн көрүп сен да кубанбадың беле»,— дейт.

Дөөт буйтап кетет

Шабул баласынын айтканына көнүп, Дөөткө жамандык кылбаарын убадалайт. Андыктан Дөөт падышанын үйүнө кайтып келип, мурункудай кызмат кыла баштайт. Бирок бир күнү арфада ойноп отурганда, Шабул аны көздөй найзасын дагы ыргытат. Дөөт буйтап кетип, найза тамга сайылат. Бул үчүнчү жолкусу эле. Эми Дөөт качуу керектигин түшүнөт.

Ошол түнү ал өз үйүнө кетет. Бирок Шабул аны өлтүрүүгө кишилерин жиберет. Михал атасынын мындай жаман ою бар экенин билгендиктен күйөөсүнө: «Эгер ушул түнү качпасаң, эртең өлөсүң»,— дейт. Анан түндө ага терезе аркылуу качып кеткенге жардам берет. Ошентип, Шабулдун колуна түшпөө үчүн, Дөөт жети жылдай ар кайсы жерде жашынып жүрүүгө аргасыз болот.

1 Шемуел 18:1—30; 19:1—18.



Суроолор

  • Эмне себептен Шабулдун Дөөткө ичи күйөт, бирок уулу Жонатан ага кандай мамиле кылат?
  • Бир күнү Дөөт Шабулдун көңүлүн ачыш үчүн арфада ойноп жатканда, эмне болот?
  • Кызы Михалды Дөөткө берерден мурун Шабул андан эмнени талап кылат жана эмне үчүн?
  • Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Дөөт арфада ойноп жатканда, Шабул үчүнчү жолу эмне кылат?
  • Михал Дөөткө аман калууга кантип жардам берет жана Дөөт жети жылдай эмне кылууга аргасыз болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: 1 Шемуел 18:1—30.

    Жонатандын Дөөткө болгон күчтүү сүйүүсү кандайча «башка койлор» менен «кичине отордун» ортосундагы сүйүүнүн прообразы болгон? (1 Шем. 18:1; Жкн. 10:16; Лк. 12:32, «ЖД»; Зах. 8:23)

    Жонатандын Шабулдун ордун ээлөөгө укуктуу болгонуна карабай Кудай тандаган падышаны колдогону 1 Шемуел 18:4төн кандайча көрүнүүдө?

    Шабул менен болгон окуядан көралбастыктын олуттуу күнөөгө алып барышы мүмкүн экени кандайча көрүнүүдө жана бул бизге эмнени эскертип турат? (1 Шем. 18:7—9, 25; Жкп. 3:14—16)

  • Оку: 1 Шемуел 19:1—17.

    Жонатан 1 Шемуел 19:4, 5теги сөздөрдү айтуу менен өз өмүрүнө кандай коркунуч туудурган? (1 Шем. 19:1, 6)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Дөөтү Кудайга таянган

Дөөтү жашоосунда көп ката кетирип, кыйынчылыктарга туш болсо да, Кудайга кызмат кыла берген. Анын үлгүсү силерге Кудайга берилгендигиңерди сактоого жардам берет.