Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

58-аңгеме: Дөөт менен Голийат

58-аңгеме: Дөөт менен Голийат

ПЕЛИШТИЛИКТЕР кайра ысрайыл элине кол салат. Дөөттүн үч агасы — Шабулдун жоокерлери. Бир күнү Жышай Дөөттү: «Агаларыңа анча-мынча дан, нан жеткирип, ал-жайын билип келчи»,— деп жиберет.

Голийат

Аскердик кошуунга келгенде ал агаларын издеп, согуш жүрүп жаткан жерге барат. Пелиштилик Голийат аттуу балбан ысрайылдыктарды мазактоого чыгат. Ал 40 күндөн бери эртең менен жана кечинде: «Араңардан мага каршы чыга турган кишини тандагыла. Эгер ал мени жеңсе, биз силерге кул болобуз. Эгер мен жеңсем, силер бизге кул болосуңар. Мени менен согушчу кишиңерди чыгаргыла!» — деп кыйкырып келет.

«Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан арылткан адам кандай сыйлык алат?» — деп сурайт Дөөт кээ бир жоокерлерден.

«Шабул ага көп байлык жана аялдыкка кызын берет»,— дешет алар.

Бирок Голийат аябай чоң болгондуктан, ысрайылдыктардын баары андан коркот. Анын бою 3 метрдей, ал эми калканын жоокери көтөрүп жүрөт.

Жоокерлер Шабулга келип, Дөөттүн Голийат менен согушкусу келип жатканын айтышат. Бирок ал Дөөткө: «Сен бул пелиштилик менен согуша албайсың. Али жашсың, ал болсо өмүр бою согушуп келаткан жоокер»,— дейт. «Мен атамдын койлоруна тийген аюуну да, арстанды да өлтүрчүмүн. Бул пелиштиликти да өлтүрөм. Жахаба мага жардам берет»,— деп жооп берет Дөөт. Анда Шабул: «Мейли, бар. Жахаба сени менен болсун»,— дейт.

Дөөт арыктан беш жылмакай таш терип, баштыгына салат. Анан салмоорун алып, балбанга каршы чыгат. Голийат көргөн көзүнө ишенбейт. Ал Дөөттү оңой эле өлтүрөм деп ойлойт.

Дөөтү таш ыргытып жатат

«Бери кел! Денеңди куштар менен жырткычтарга салып берем»,— дейт Голийат. Дөөт болсо: «Сен мага каршы найза, кылыч жана калкан менен чыксаң, мен сага Жахабанын аты менен баратам. Бүгүн Жахаба сени менин колума салып берет, сен өлөсүң!» — деп айтат.

Дөөт Голийатты көздөй чуркайт. Баштыгынан таш алып, салмоорго салат да, болгон күчү менен ыргытат. Таш учуп барып, Голийаттын так маңдайына тиет — ал мерт кетет! Пелиштиликтер балбанынын өлгөнүн көргөндө качып жөнөшөт. Ысрайылдыктар аларды кууп барып, талкалашат.

1 Шемуел 17:1—54.



Суроолор

  • Голийат ысрайылдык аскерлерге эмне деген?
  • Голийат канчалык чоң болгон жана Шабул падыша аны өлтүргөн кишиге кандай сыйлык берүүнү убадалаган?
  • Шабул Дөөткө жаш болгондуктан Голийат менен согуша албай турганын айтканда, Дөөт эмне деген?
  • Дөөттүн Жахабага таянганы Голийатка айткан сөздөрүнөн кандайча көрүнүп турат?
  • Сүрөттөн көрүп турганыңдай, Дөөт Голийатты эмне менен өлтүргөн жана андан кийин пелиштиликтер эмне кылышкан?

Кошумча суроолор

  • Оку: 1 Шемуел 17:1—54.

    Дөөт эмне үчүн эржүрөк болгон жана аны бул жагынан кантип туурай алабыз? (1 Шем. 17:37, 45; Эф. 6:10, 11)

    Эмне үчүн Кудайдын кызматчылары ойногондо же эс алганда Голийаттыкындай маанайды чагылдыруудан качышы керек? (1 Шем. 17:8; Гал. 5:26; 1 Тим. 4:8)

    Дөөттүн Кудайдын колдооруна ишенгени айткан сөздөрүнөн кандайча көрүнүүдө? (1 Шем. 17:45—47; 2 Жылн. 20:15)

    Бул билдирүү бири-бирине душман эки аскердин ортосундагы согушту эле сүрөттөбөстөн, анын чынында Жахабанын жалган кудайларга каршы жүргүзгөн согушу болгонун кандайча көрсөтүп турат? (1 Шем. 17:43, 46, 47)

    Майлангандар Жахабага таянууда Дөөттү кандайча туурашууда? (1 Шем. 17:37; Жер. 1:17—19; Аян 12:17)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Дөөтү эр жүрөк болгон

Ушул кызыктуу окуяны окуп, Дөөтүгө эр жүрөк болгонго эмне жардам бергенин бил.