Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

57-аңгеме: Кудай Дөөттү тандайт

57-аңгеме: Кудай Дөөттү тандайт
Дөөт козуну куткарууда

КАРАСАҢ, бул бала козуну сактап калды. Аюу аны жегени алып кетип бараткан. Бирок бала аны кууп жетип, козуну оозунан жулуп алат. Аюу эки аяктап тура калганда, бала аны жыгып, өлтүрүп салат. Дагы бир жолу ал койду арстандан куткарып калат. Эржүрөк бала бекен? Анын ким экенин билесиңби?

Ал — Бейт-Лехем деген шаарда жашаган Дөөт. Анын чоңатасы — Обейт. Ал Бууз менен Руттун баласы болгон. Алар тууралуу окуганыбыз эсиңдеби? Ал эми Дөөттүн атасынын аты — Жышай. Дөөт атасынын койлорун кайтарат. Ал Жахаба Шабулду падыша кылып шайлагандан 10 жыл өткөндөн кийин төрөлөт.

Бир күнү Жахаба Шемуелге: «Өзгөчө майдан алып, Бейт-Лехемдеги Жышайдын үйүнө бар. Анын уулдарынын бирин падыша кылууга тандадым»,— дейт. Шемуел Жышайдын тун уулу Элийапты көргөндө: «Жахаба тандаган адам ушул»,— деп ойлойт. Бирок Кудай ага: «Анын өңүнө, боюна караба. Падыша кылууга аны тандаган жокмун»,— деп айтат.

Жышай Шемуелге Аминадап деген баласын алып келет. Бирок Шемуел: «Жахаба муну тандаган жок»,— дейт. Анан Шаманы алып келет. «Жахаба муну да тандаган жок»,— дейт Шемуел. Ошентип, Жышай ага жети уулун алып келет, бирок Жахаба алардын бирин да тандабайт. Анда Шемуел: «Балдарыңдын баары ушул жердеби?» — деп сурайт.

«Дагы эң кичүүсү бар. Ал кой кайтарып жүрөт»,— дейт Жышай. Дөөттү чакырып келишкенде, Шемуел анын сүйкүмдүү экенин көрөт. Жахаба: «Мына ушуну майла»,— дейт. Шемуел айтканды аткарат. Ошентип, убагы келгенде Дөөт Ысрайылга падыша болот.

1 Шемуел 17:34, 35; 16:1—13.



Суроолор

  • Сүрөттөгү баланын аты ким жана анын эржүрөк экенин кайдан билебиз?
  • Дөөт кайсы жерде жашаган, анын атасынын жана чоңатасынын аты ким болгон?
  • Эмне үчүн Жахаба Шемуелге Бейт-Лехемдеги Жышайдын үйүнө барууну буюрат?
  • Жышай Шемуелге жети уулун алып келгенде, ал эмне дейт?
  • Дөөт алынып келгенде, Жахаба Шемуелге эмне деген?

Кошумча суроолор

  • Оку: 1 Шемуел 17:34, 35.

    Бул окуялар Дөөттүн эржүрөк жана Жахабага таянган адам болгонун кандайча көрсөтүүдө?

  • Оку: 1 Шемуел 16:1—14.

    Жахабанын 1 Шемуел 16:7деги сөздөрү адамга сырткы көрүнүшүнө карап мамиле кылбоого жана беткарамалыктан качууга кандайча жардам берет? (Элч. 10:34, 35; 1 Тим. 2:4)

    Шабул менен болгон окуядан Жахаба ыйык рухун алып салганда, анын ордун жаман рух ээлеп алары, башкача айтканда, адам туура эмес иш кылууга умтула баштаары кандайча көрүнүүдө? (1 Шем. 16:14; Мт. 12:43—45; Гал. 5:16)