Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

52-аңгеме: Гидон жана анын 300 жоокери

52-аңгеме: Гидон жана анын 300 жоокери

КАРАСАҢ, бул сүрөттөгү адамдар эмне кылып жатышат? Булардын баары — ысрайыл элинин жоокерлери. Алар эңкейип, суу ичип жатышат. Жанында турган адам — башкаруучу Гидон. Ал жоокерлеринин сууну кантип ичип жатканын байкап турат.

Ар кимдин ар кандайча ичип жатканына көңүл бурсаң. Кээ бирлери тизелеп алып ичип жатат. Ал эми айрымдары айланада эмне болуп жатканын байкоо үчүн сууну кочуштап ичүүдө. Алардын сууну кантип ичишери маанилүү, анткени Жахаба Гидонго суу ичип жатканда айлананы байкап тургандарды гана тандоону буйруган болчу. Калгандарын болсо үйлөрүнө жөнөтүү керек эле. Кел анда, мунун себебин билели.

Жахабанын тилин албай койгондуктан ысрайыл эли кайрадан кырсыкка кабылат. Мидиандыктар аларды кысымга алып, кордук көрсөтүшөт. Ошондуктан ысрайыл эли Жахабадан жалбарып жардам сурайт жана Жахаба аларды угат.

Жахаба Гидонго аскер топтоону буйрат. Гидон 32000 жоокер чогултат. Бирок ысрайылдыктарга каршы чыккан аскердин саны 135000 адам эле. Ага карабастан Жахаба Гидонго: «Сени менен келген эл өтө көп»,— дейт. Ал эмне үчүн ушинтип айткан?

Себеби ысрайылдыктар согушта жеңсе, алар биз өз күчүбүз менен жеңдик жана бул үчүн Жахабанын жардамынын кереги тийген деле жок деп ойлошу мүмкүн эле. Ошон үчүн Жахаба Гидонго: «Ким коркок болсо, үйүнө бара берсин»,— деп элге айтууну буйрат. Гидон муну элге айтканда, 22000 киши үйүнө кетет. Душмандын 135000 жоокерине каршы чыгууга 10000 эле адам калат.

Гидон кишилерин сынап жатат

Бирок Жахаба: «Дагы эле киши көп»,— деп айтат. Ал Гидонго элди сууга алып барууну жана тизелеп алып ичкендерин үйлөрүнө жиберүүнү буйрат. «Суу ичип жатканда айлананы байкап турган 300 киши менен сени жеңишке жеткирем»,— деп Жахаба убада берет.

Согушууга убакыт келип жеткенде, Гидон 300 жоокерин үч топко бөлөт. Ар бирине сурнай жана ичинде шамы бар кумура берет. Түн ортосунда алар душмандар турган жерди курчоого алышат. Анан бардыгы бир учурда сурнайларын тартып, кумураларын талкалап: «Жахаба менен Гидондун кылычы!» — деп кыйкырышат. Душмандар ойгонуп, эмне кыларын билбей, үрөйлөрү учат. Анан баары кача баштайт, натыйжада ысрайылдыктар жеңишке ээ болот. Башкаруучулар 6—8-бөлүмдөр.

Башкаруучулар 6—8-бөлүмдөр.



Суроолор

  • Ысрайылдыктар кандай чоң кырсыкка кабылышат жана эмне себептен?
  • Эмне үчүн Жахаба Гидонго аскери аз болсо да, өтө көп деп айтат?
  • Гидон коркокторго үйлөрүнө кетүүгө уруксат бергенде, жанында канча адам калат?
  • Гидондун аскеринин санын Жахаба кантип 300 кишиге чейин азайтканын сүрөттүн жардамы менен айтып бер.
  • Гидон 300 жоокерин кантип бөлүштүрөт жана алар кандайча жеңишке ээ болушат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башкаруучулар 6:36—40.

    Жахабанын эрки аткарыларына Гидон эмнеден улам ынанган?

    Биз Жахабанын эрки эмнеде экенин кантип биле алабыз? (Накыл 2:3—6; Мт. 7:7—11; 2 Тим. 3:16, 17)

  • Оку: Башкаруучулар 7:1—25.

    Айланасына байкоо салган 300 жоокерден эмнеге үйрөнө алабыз? (Башк. 7:3, 6; Рим. 13:11, 12; Эф. 5:15—17)

    300 жоокер Гидонду карап үйрөнгөндөй эле, биз Улуу Гидонду, Ыйса Машайакты, карап кандайча үйрөнө алабыз? (Башк. 7:17; Мт. 11:29, 30; 28:19, 20; 1 Пет. 2:21)

    Башкаруучулар 7:21-аят бизге, Жахабанын уюмунда кандай тапшырма берилбесин, аны кубаныч менен аткарууга кандайча жардам берет? (1 Кор. 4:2; 12:14—18; Жкп. 4:10)

  • Оку: Башкаруучулар 8:1—3.

    Эпрайымдыктар нааразылыгын айтып келгенде, Гидон эмне кылган жана ишенимдештердин ортосунда пайда болгон келишпестиктерди чечүүдө андан эмнеге үйрөнө алабыз? (Накыл 15:1; Мт. 5:23, 24; Лк. 9:48)