Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

51-аңгеме: Рут менен Наами

51-аңгеме: Рут менен Наами

ЫЙЫК ЖАЗМАДА Рут деп аталган китеп бар. Анда ысрайыл элин башкаруучулар жетектеп турган мезгилде жашаган бир үйбүлө тууралуу баяндалат. Рут мааптык жаш келин болгон. Ал ысрайыл элинен болбосо да, чыныгы Кудай Жахаба тууралуу билгенде, Аны чын жүрөгү менен сүйө баштайт. Жахаба менен таанышууга ага Наами деген улгайган аял жардам берген.

Наами ысрайыл элинен эле. Ысрайылда ачарчылык болгондо, ал күйөөсү жана эки баласы менен Маап жерине көчүп кеткен. Күндөрдүн биринде Нааминин күйөөсү өлүп калат. Кийинчерээк эки баласы Рут жана Орпа деген мааптык кыздарга үйлөнөт. Бирок болжол менен он жылдан кийин Нааминин эки уулу да өлөт. Ал келиндери менен аябай кайгырат. Эми эмне кылат?

Бир күнү Наами өз мекенине, элине кайтууну чечет. Рут менен Орпа андан ажырагысы келбей, кошо жөнөшөт. Бир топ жол жүрүшкөндөн кийин, Наами келиндерине: «Үйүңөргө кайткыла, өз энеңерге баргыла»,— дейт.

Наами аларды өөп коштошот. Келиндери буркурап ыйлай баштайт, анткени аны аябай жакшы көрүшчү. Алар: «Жок! Биз сени менен сенин элиңе барабыз»,— дешет. Наами болсо: «Кайткыла, кыздарым. Өз үйүңөрдө калганыңар жакшы»,— деп жооп берет. Орпа үйүнө кайтат, ал эми Рут кетпей коёт.

Наами ага кайрылып: «Орпа кетти. Сен да аны менен бар»,— дейт. Бирок Рут: «Сени таштап кетүүгө мажбурлаба! Сени менен барууга уруксат бер. Сен кайда барсаң, мен да ошол жакка барам, сен кайсы жерде жашасаң, мен да ошол жерде жашайм. Сенин элиң менин элим болот, сенин Кудайың менин Кудайым болот. Сен кайсы жерде өлсөң, мен да ошол жерде өлөм, сөөгүм ошол жерге коюлат»,— дейт. Ушул сөздөрдөн кийин Наами аны үйүңө бар деп мажбурлабай калат.

Акыры ал экөө Ысрайыл жерине жетип отурукташышат. Арпа орулуп жаткан убак болгондуктан, Рут дароо эле талаада иштей баштайт. Бууз деген киши ага өз талаасынан машак терүүгө уруксат берет. Бууздун энеси ким болгонун билесиңби? Жерихо шаарында жашаган Рахап.

Бир күнү Бууз Рутка мындай дейт: «Мен сен жөнүндө жана Наамиге кандай мамиле кылганың тууралуу да уктум. Ата-энеңди, мекениңди калтырып, мурда билбеген чоочун элге келгениңди билем. Бул ишиң үчүн Жахаба сага ырайым кылсын!»

Рут: «Сен мага ырайым кылдың, мырзам. Сенин жылуу сөздөрүңдөн көңүлүм көтөрүлүп калды»,— деп жооп берет. Бууз Рутту абдан жактырып калат, көп өтпөй ага үйлөнөт. Буга Наами кандай гана кубанат! Ал эми Бууз менен Руттун Обейт аттуу биринчи уулу төрөлгөндө, Наами андан бетер сүйүнөт. Кийин Обейт Дөөттүн чоңатасы болот. Дөөт жөнүндө кийинчерээк көбүрөөк билебиз.

Рут менен Наами

Ыйык Жазмадагы Рут китеби.



Суроолор

  • Эмнеден улам Наами Маап жерине барат?
  • Рут менен Орпа кимдер?
  • Наами Рут менен Орпага өз элине кайтууну айтканда, алар эмне деп жооп беришет?
  • Бууз деген ким жана ал Рут менен Наамиге кантип жардам берет?
  • Бууз менен Руттун баласынын аты ким жана эмне үчүн биз аны унутпашыбыз керек?

Кошумча суроолор

  • Оку: Рут 1:1—17.

    Рут Наамини берилгендик менен сүйөрүн кандай сөздөр менен билдирген? (Рут 1:16,17)

    «Башка койлор» жердеги майлангандарга жасаган мамилесинде кандайча Рутту туурашат? (Жкн. 10:16; Зах. 8:23)

  • Оку: Рут 2:1—23.

    Рут кыз-келиндерге кандай мыкты үлгү калтырган? (Рут 2:17, 18; Накыл 23:22; 31:15)

  • Оку: Рут 3:5—13.

    Бууз Руттун жаш бирөөгө эмес, ага турмушка чыгууга даяр болгонуна кандай баа берген?

    Берилгендик менен сүйүү көрсөтүү жагынан Руттан эмнеге үйрөнө алабыз? (Рут 3:10; 1 Кор. 13:4, 5)

  • Оку: Рут 4:7—17.

    Ыйсаны жолдогон эркектер Буузду кандайча туурай алышат? (Рут 4:9, 10; 1 Тим. 3:1, 12, 13; 5:8)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Рут — берилген дос

Бөтөн жерлик болгонуна карабай, туруктуу сүйүү көрсөткөнү үчүн Рут Кудайдан мол бата алган.