Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

50-аңгеме: Эржүрөк эки аял

50-аңгеме: Эржүрөк эки аял

ООР жагдайга кабылганда ысрайылдыктар Жахабага жалынып-жалбарып кайрылышат. Ошондо Жахаба аларга эржүрөк башчыларды жардамга жиберет. Ыйык Китепте алар башкаруучулар деп аталат. Алардын биринчиси — Жашыя. Андан кийинки башкаруучулардын айрымдары Отниел, Эйут жана Шамгар болгон. Бирок ысрайылдыктарга жардам бергендердин арасында аялдар да бар эле, алардын экөө — Дебора жана Жаел.

Дебора Барак менен сүйлөшүп жатат

Дебора — пайгамбар аял. Жахаба ага келечекте эмне болорун билдирип турат, ал эми Дебора аны элге айтат. Дебора башкаруучу да болот. Ал дөңдөгү курма дарагынын түбүндө отурат, эл ага жардам сурап келет.

Ошол убакта Канаанда Жабин падышалык кылып турат. Анын 900 майдан арабасы бар эле. Жабиндин аскери абдан күчтүү болгондуктан, көптөгөн ысрайылдыктар ага кызмат кылууга аргасыз болушат. Анын аскер башчысынын аты — Сисра.

Бир күнү Дебора Барак деген башкаруучуга киши жиберип, мындай деп айттырат: «Жахаба: "Он миң адам ал да, Табор тоосуна чык. Ал жакка Сисраны алып келем. Аны жана анын аскерин жеңесиң“,— деп айтты».

Барак Деборага: «Эгер сен мени менен барсаң, анда барам»,— дейт. Дебора макул болот, бирок Баракка: «Жеңиш үчүн сен даңкталбайсың, себеби Сисраны Жахаба аялдын колуна салып берет»,— деп айтат. Анан так ошондой болот.

Барак Сисра менен салгылашуу үчүн Табор тоосунан түшүп келет. Күтүүсүздөн Жахаба суу каптатып, душмандардын көбү чөгүп өлөт. Бирок Сисра майдан арабадан түшүп, жөө качып жөнөйт.

Дебора, Жаел жана Сисра

Бир нече убакыттан кийин ал Жаел деген аялдын чатырына келет. Жаел аны ичкери киргизип, сүт берет. Аны ичкенден кийин Сисра катуу уктап калат. Ошондо Жаел чатырдын казыгын алып, ал жаман кишинин башына кагып салат. Кийинчерээк Барак келгенде, аял Сисранын өлүгүн көрсөтөт. Мына ушинтип, Деборанын айткандары аткарылат.

Акыр-аягы Жабин падыша да өлтүрүлөт. Натыйжада ысрайыл эли бир канча убакытка чейин коопсуз жашайт.

Башкаруучулар 2:14—22; 4:1—24; 5:1—31.



Суроолор

  • Башкаруучулар деген кимдер жана алардын айрымдарынын аттары ким?
  • Дебора кандай өзгөчө кызматты аткарган жана ага эмне кирген?
  • Жабин падыша менен аскер башчысы Сисра Ысрайылга коркунуч туудурганда, Жахаба Барак башкаруучуга Дебора аркылуу кандай кабар берген жана ал аял душмандар кимдин колуна салынып берилет деп айткан?
  • Жаел эржүрөктүү аял экенин кандайча көрсөткөн?
  • Жабин падыша өлгөндөн кийин эмне болгон?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башкаруучулар 2:14—22.

    Эмне себептен ысрайылдыктар Жахабанын каарына калышкан жана мындан кандай сабак алсак болот? (Башк. 2:20; Накыл 3:1, 2; Жез. 18:21—23)

  • Оку: Башкаруучулар 4:1—24.

    Дебора менен Жаелдин үлгүсүнөн Ыйсаны жолдогон аялдар ишеним жана эржүрөктүк көрсөтүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнө алышат? (Башк. 4:4, 8, 9, 14, 21, 22; Накыл 31:30; 1 Кор. 16:13)

  • Оку: Башкаруучулар 5:1—31.

    Барак менен Деборанын жеңиш ырын кандайча Армагедон согушуна байланыштуу тиленүү катары колдонсок болот? (Башк. 5:3, 31; 1 Жылн. 16:8—10; Аян 7:9, 10; 16:16; 19:19—21)