Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

49-аңгеме: Күн токтойт

49-аңгеме: Күн токтойт

ЖАШЫЯНЫ карасаң. Ал: «Күн токто!» — деп айтып жатат. Күн токтойт. Ал эртеден кечке жылбай, асмандын ортосунда тура берет. Муну Жахаба кылган! Бирок Жашыяга жарыктын эмне үчүн керек болгонун билели.

Күн

Канаан жериндеги беш жаман падыша гибондуктарга каршы согушка чыкканда, алар жардам сурап Жашыяга киши жиберишет. «Тезирээк келгиле! — дейт чабарман.— Бизди сактап калгыла! Тоолуу өлкөнүн падышалары силердин кулдарыңар менен согушууга келди».

Жашыя жоокерлери менен ошол замат жолго чыгат. Түнү бою жол жүрүп Гибонго келишкенде, беш падышанын аскерлери алардан коркуп, кача баштайт. Жахаба асмандан таш жаадырат, ошондо ысрайылдыктар өлтүргөнгө караганда таштан көбүрөөк адам өлөт.

Жашыя

Жашыя күндүн батарына аз калганын көрөт. Эгерде караңгы кирсе, душмандар качып кетет. Ошондуктан ал Жахабага тиленет да, анан: «Күн токто!» — деп айтат. Натыйжада күн токтоп тургандыктан, ысрайылдыктар душманын аягына чейин жеңет.

Канаанда Кудайдын элин жек көргөн дагы көп падышалар бар. Ал жердеги 31 падышаны Жашыя жана анын аскерлери алты жылдай убакыттын ичинде жок кылат. Андан кийин Жашыя жери жок урууларга Канаандан жер бөлүштүрүп берет.

Арадан көп жылдар өтүп, Жашыя 110 жашка чыгып өлөт. Ал жана анын достору тирүү кезде, эл Жахабага баш иет. Ал эми бул жакшы адамдар өлгөндөн кийин, эл жаман иштерди кыла баштайт да, кыйынчылыктарга дуушар болот. Ошондо алар Кудайдын жардамына чындап муктаж болушат.

Жашыя 10:6—15; 12:7—24; 14:1—5; Башкаруучулар 2:8—13.



Суроолор

  • Бул сүрөттө Жашыя эмне деп жатат жана эмне үчүн?
  • Жахаба Жашыя менен анын жоокерлерине кантип жардам берет?
  • Жашыя канча падышаны жок кылат жана канча убакыттын ичинде?
  • Эмне үчүн Жашыя Канаан жерин бөлүштүрүп берет?
  • Жашыя канча жашында өлөт жана эл эмне болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Жашыя 10:6—15.

    Жахабанын ысрайылдыктар үчүн күн менен айды токтотуп койгонун билүү бизди эмнеге ишендирет? (Жаш. 10:8, 10, 12, 13; Заб. 17:4; Накыл 18:10)

  • Оку: Жашыя 12:7—24.

    Канаандагы 31 падышаны чынында ким жок кылган жана муну билүү эмне себептен маанилүү? (Жаш. 12:7; 24:11—13; Мыйз. 31:8; Лк. 21:9, 25—28)

  • Оку: Жашыя 14:1—5.

    Убадаланган жер Ысрайыл урууларынын ортосунда кандайча бөлүштүрүлгөн жана бул бейиштеги жер бөлүштүрүү жөнүндө эмнени көрсөтүп турат? (Жаш. 14:2; Ыш. 65:21; Жез. 47:21—23; 1 Кор. 14:33)

  • Оку: Башкаруучулар 2:8—13.

    Жашыяга окшоп, бүгүн кимдер бизди чындыктан чегинүүчүлүктөн коргойт? (Башк. 2:8, 10, 11; Мт. 24:45—47; 2 Тес. 2:3—6; Тит. 1:7—9; Аян 1:1; 2:1, 2)