Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

48-аңгеме: Акылдуу Гибондуктар

48-аңгеме: Акылдуу Гибондуктар

КАНААНДАГЫ шаарлардын көбү ысрайылдыктар менен согушууга даярданууда. Алар жеңебиз деген үмүттө. Бирок жакын жердеги Гибон шаарынын тургундары антип ойлошпойт. Алар ысрайылдыктарга Кудай жардам берип жатканына ишенишет, ошондуктан Ага каршы чыгууну каалашпайт. Алардын эмне кылганын билесиңби?

Гибондуктар алыскы бир өлкөнүн тургундары сыяктуу болуп көрүнүүнү чечишет. Айрымдары жыртык кийимдерди, буттарына тытылган сандал кийип алышат. Эшектерине эски мүшөктөрдү артып, каткан нан салып алышат. Анан Жашыяга келип: «Биз абдан алыс жерден келдик, себеби силердин улуу Кудайыңар Жахаба жөнүндө уктук. Анын Мисирде силер үчүн кылган иштерин уктук. Ошондуктан башчыларыбыз жолго анча-мынча тамак алгыла да, барып мындай дегиле дешти: "Биз силердин кулуңарбыз. Биз менен согушпайбыз деп убада бергиле“. Карагылачы, узак жол жүргөндүктөн кийимибиз жыртылып, нандарыбыз эскирип, катып калды»,— дешет.

Жашыя жана башка башчылар гибондуктардын сөзүнө ишенишет. Ошондуктан аларга каршы согушпайбыз деп убада беришет. Бирок үч күндөн кийин алар гибондуктардын жакын эле жерде жашай турганын билишет.

— Эмне үчүн алыс жерден келдик дедиңер? — деп сурайт Жашыя.

— Силердин Кудайыңар Жахаба Канаан жеринин баарын силерге берем деп убада кылганын уктук. Ошондуктан бизди да өлтүрүп саласыңар деп корктук,— деп жооп беришет алар. Ысрайылдыктар сөзүнө туруп, гибондуктарды өлтүрүшпөйт. Аларды өздөрүнө кызматчы кылып алышат.

Иерусалимдин падышасы гибондуктардын ысрайыл эли менен келишим түзгөнүнө аябай ачууланат. Ошондуктан ал башка төрт падышага кайрылып: «Келип, мага гибондуктар менен согушууга жардамдашкыла»,— дейт. Ошентип, беш падыша гибондуктарга каршы согушууга жөнөйт. Ысрайыл эли менен келишим түзүү ушундай согушка алып келген болсо, анда гибондуктардын кылганы акылдуулук болгонбу? Кел, ошол тууралуу билели.

Жашыя 9:1—27; 10:1—5.

Жашыя жана гибондуктар


Суроолор

  • Гибондуктар кошуна жашаган канаандыктардан эмнеси менен айырмаланган?
  • Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, гибондуктар эмне кылышат жана эмне үчүн?
  • Жашыя жана ысрайыл элинин башчылары гибондуктарга кандай убада беришет, бирок үч күндөн кийин эмнени билишет?
  • Башка шаарлардын падышалары гибондуктардын Ысрайыл менен келишим түзгөнүн укканда, эмне болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Жашыя 9:1—27.

    Ысрайылдыктарга Убадаланган жердеги элдердин баарын кырууну буйруганына карабай Жахаба гибондуктарды аяп коюу менен кандай сапаттарды көрсөткөн? (Жаш. 9:22, 24; Мт. 9:13; Элч. 10:34, 35; 2 Пет. 3:9)

    Гибондуктар менен түзгөн келишимин бузбоо менен Жашыя бизге кандай үлгү калтырган? (Жаш. 9:18, 19; Мт. 5:37; Эф. 4:25)

  • Оку: Жашыя 10:1—5.

    «Эбегейсиз көп адамдар» гибондуктарды кайсы жагынан туурашууда жана натыйжада эмнеге дуушар болуп жатышат? (Жаш. 10:4; Зах. 8:23; Мт. 25:35—40; Аян 12:17)