Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

47-аңгеме: Ысрайылдагы ууру

47-аңгеме: Ысрайылдагы ууру
Ахан уурдаган нерселерин катууда

БУЛ киши чатырынын ичине эмнени катып жатат? Жакшынакай кийимди, уютулган алтынды жана бир нече күмүш дилдени. Ал буларды Жерихо шаарынан алган. Бирок Жериходогу буюмдарды эмне кылыш керек эле, эсиңдеби?

Алтын менен күмүштү Жахабанын жыйын чатырынын казынасына берип, калган нерселердин баарын өрттөп салыш керек болчу. Демек, бул сүрөттөгү адамдар Кудайдын тилин албай коюшкан. Алар Кудайга таандык нерсени уурдап алышкан. Бул кишинин аты — Ахан, ал эми жанындагылар — анын үйбүлөсү. Кел, андан ары эмне болгонун көрөлү

Ахан буларды уурдап алгандан кийин, Жашыя бир топ кишисин Ай шаарынын тургундары менен согушууга жиберет. Бирок алар жеңилип калышат. Бир нечеси өлүп, аман калгандары качып келишет. Жашыя абдан кайгырып, жерге көмкөрөсүнөн түшүп, Жахабага: «Мындай болушуна эмне үчүн жол бердиң?» — деп кайрылат.

Жахаба: «Тур! Ысрайыл күнөө кылды. Өрттөп жок кылынчу жана Менин жыйын чатырыма тиешелүү нерселерди алышты. Жакшынакай кийимди уурдап, катып коюшту. Ал буюмдарды жана уурдаган кишини жок кылбасаңар, батамды бербейм»,— деп жооп берет. Жахаба Жашыяга уурунун ким экенин көрсөтүп берерин убада кылат.

Жашыя элдин баарын чогултат, анан Жахаба жаман кишини, Аханды, көрсөтөт. Ахан: «Мен күнөө кылдым. Жакшынакай кийим, уютулган алтын жана күмүш дилде көрдүм. Анан аларды алгым келип, алып алдым. Аларды чатырыма катып койгом»,— дейт.

Буюмдар табылып, Жашыяга алынып келгенде, ал Аханга: «Эмнеге биздин башыбызга мүшкүл түшүрдүң? Ошон үчүн Жахаба өзүңдүн башыңа кайгы салат!» — дейт. Ушул сөздөрдөн кийин бүт эл Аханды үйбүлөсү менен ташбараңга алып өлтүрөт. Бул окуя башкалардын буюмун алуу туура эмес экенин көрсөтүп турган жокпу?

Ушундан кийин ысрайылдыктар Ай менен согушууга дагы барат. Бул жолу Жахаба жардам бергендиктен, алар жеңишке ээ болушат.

Жашыя 7:1—26; 8:1—29.



Суроолор

  • Жерихо шаарынан алынып келген баалуу буюмдарды катып жаткан киши ким жана ага кимдер жардам берип жатат?
  • Ахан менен анын үйбүлөсү жасаган бул иш эмне себептен олуттуу күнөө болгон?
  • Жашыя ысрайылдыктардын Ай шаарынын тургундарынан эмне үчүн жеңилип калганын сураганда, Жахаба эмне деп жооп берген?
  • Ахан жана үйбүлөсү Жашыяга алынып келгенде, алар эмне болгон?
  • Аханга чыгарылган өкүм бизге эмнени эскертип турат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Жашыя 7:1—26.

    Жашыянын тиленүүсүнөн анын Жараткан менен болгон мамилеси жөнүндө эмнени биле алабыз? (Жаш. 7:7—9; Заб. 118:145; 1 Жкн. 5:14)

    Ахан менен болгон окуя эмнени көрсөтүп турат жана ал билдирүүдө биз үчүн кандай эскертүү камтылган? (Жаш. 7:11, 14, 15; Накыл 15:3; 1 Тим. 5:24; Эвр. 4:13)

  • Оку: Жашыя 8:1—29.

    Ар бирибиздин жыйналышка байланыштуу кандай жоопкерчилигибиз бар? (Жаш. 7:13; Леб. 5:1; Накыл 28:13)