Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

45-аңгеме: Иордан дарыясынан өтүү

45-аңгеме: Иордан дарыясынан өтүү

КАРАЧЫ, ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өтүп жатышат! Бирок суусу кана? Бир нече мүнөт мурун эле дарыянын суусу жээгинен ашып-ташып турган, анткени жылдын ушу мезгили жаан-чачындуу келет. Азыр болсо ал какшып, ысрайылдыктар, Кызыл деңизден өткөндөй, кургак жер менен өтүп жатышат! Суунун баары эмне болгон? Кел, окуп көрөлү.

Иордан дарыясынан өтүп жаткан ысрайылдыктар

Ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өтө турган убакыт келгенде, Жахаба Жашыяга: «Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын алып, элдин алдында жүрүшү керек. Алар Иордан дарыясын кечери менен, суу токтойт»,— деп элге айтууну буйрат. Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүп элдин алдында жөнөшөт. Алар Иорданга жетери менен сууну кечишет. Дарыя аябай ташкындап жаткан жана терең эле. Бирок алардын буту сууга тиер замат, суу тартыла баштайт. Бул керемет эле! Жахаба дарыянын башатын бөгөп коёт. Ошондуктан дарыя тез эле соолуп калат.

Келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар какшыган дарыянын дал ортосуна токтошот. Аларды сүрөттөн көрүп жатасыңбы? Алар ошол жерде турганда, ысрайылдыктар Иордан дарыясынын кургак түбү менен өтүп кетишет.

Бардыгы өтүп бүткөндөн кийин, Жахаба Жашыяга 12 күчтүү эркекке мындай деп айт дейт: «Келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар турган жерге баргыла. Ал жерден 12 таш алып, түнөөчү жерге койгула. Кийин балдарыңар бул таштар эмнени билдирет деп сураганда, Жахабанын келишим сандыгын Иордан аркылуу алып өткөндө дарыянын суусу соолуп калган деп жооп бересиңер. Бул таштар ошол кереметти эсиңерге салып турат!» Жашыя дарыянын ыйык кызмат кылуучулар турган жерине да 12 таш коёт.

Жашыя

Акырында Жашыя келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучуларга: «Иордандан чыккыла»,— дейт. Алар чыгары менен, дарыя мурдагыдай эле ага баштайт.

Жашыя 3:1—17; 4:1—18.



Суроолор

  • Ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өтө алышы үчүн, Жахаба кандай керемет жасаган?
  • Иордан дарыясынан өтүү үчүн ысрайылдыктардан эмне үчүн ишеним талап кылынган?
  • Эмне үчүн Жахаба Жашыяга дарыядан 12 чоң таш чогултууну буйруган?
  • Ыйык кызмат кылуучулар Иордандан чыгар замат эмне болгон?

Кошумча суроолор

  • Оку: Жашыя 3:1—17.

    Бул билдирүүдөн көрүнүп тургандай, Жахабадан жардам жана бата алыш үчүн, эмне кылышыбыз керек? (Жаш. 3:13, 15; Накыл 3:5; Жкп. 2:22, 26)

    Ысрайылдыктар Убадаланган жерге кириш үчүн Иордан дарыясын кечкенде, ал эмне болгон жана бул окуяда Жахабанын ысымы кандайча даңкталган? (Жаш. 3:15; 4:18; Заб. 65:5—7)

  • Оку: Жашыя 4:1—18.

    Иордан дарыясынан алынган 12 таш Гилгалга кандай максат менен коюлган? (Жаш. 4:4—7, 19—24)