Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

43-аңгеме: Жашыя жолбашчы болот

43-аңгеме: Жашыя жолбашчы болот

MУСА ысрайыл эли менен Канаан жерине киргиси келет. Ошондуктан ал: «Жахаба, мага Иордан дарыясынан өтүп, жакшы жерди көрүүгө уруксат берчи»,— деп суранат. Жахаба: «Жетишет! Бул жөнүндө экинчи айтпа»,— дейт. Жахабанын эмне үчүн минтип жооп бергенин билесиңби?

Буга Муса асканы таягы менен чапканда болгон окуя себеп эле. Ошол учурда Арун экөөнүн Жахабаны даңктабай койгонун эстесең. Алар ысрайылдыктарга аскадан сууну Жахаба чыгарарын айтышкан эмес. Ошондо Жахаба Мусага ысрайылдыктарды Канаан жерине ал алып кирбей турганын айткан.

Арундун өлгөнүнө бир нече ай болгондон кийин, Жахаба Мусага: «Жашыяны ыйык кызмат кылуучу Элазардын жана элдин алдына тургуз. Анан мындан ары Жашыя жолбашчы болорун бардыгына жарыяла»,— дейт. Сүрөттөн көрүп турганыңдай, Муса Жахаба айткандай кылат.

Муса Жашыяны жолбашчы кылып жарыялады

Анан Жахаба Жашыяга мындай дейт: «Кайраттуу бол, коркпо. Мен ысрайылдыктарга убада кылган Канаан жерине аларды сен алып барасың, мен сени менен болом».

Кийинчерээк Жахаба Мусага Маап жериндеги Ныбо тоосуна чыгууну буйрат. Муса ал тоонун чокусунан Иордан дарыясынын ары жагындагы эң сонун Канаан жерин көрөт. Жахаба: «Мен Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын балдарына берем деп убада кылган жер — ушул. Аны көрдүң, бирок ал жерге кирбейсиң»,— дейт.

Муса ошо Ныбо тоосунун чокусунда көз жумат. Ал 120 жашта болчу. Бирок дагы эле алдуу-күчтүү, көзү курч эле. Эл абдан кайгырып, Мусаны жоктоп ыйлайт. Ошол эле учурда, алардын жаңы жолбашчысы Жашыя болгонуна кубанышат.

Сандар 27:12—23; Мыйзам 3:23—29; 31:1—8, 14—23; 32:45—52; 34:1—12.



Суроолор

  • Сүрөттө Мусанын жанында турган эки киши ким?
  • Жахаба Жошияга эмне деген?
  • Эмне үчүн Муса Ныбо тоосуна чыгат жана Жахаба ага эмне дейт?
  • Муса канча жашында өлөт?
  • Эл эмнеге кайгырат, бирок ошол эле учурда эмнеге кубанат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Сандар 27:12—23.

    Жахаба Жашыяга кандай тапшырма берген жана Кудай өз элине бүгүн кантип кам көрүп келет? (Сан. 27:15—19; Элч. 20:28; Эвр. 13:7)

  • Оку: Мыйзам 3:23—29.

    Эмне себептен Жахаба Муса менен Арунга Убадаланган жерге кирүүгө уруксат бербей койгон жана мындан кандай сабак алсак болот? (Мыйз. 3:25—27; Сан. 20:12, 13)

  • Оку: Мыйзам 31:1—8, 14—23.

    Мусанын Жахаба Кудайдын жазасын момундук менен кабыл алганы ысрайыл элине айткан керээзинен кандайча көрүнүп турат? (Мыйз. 31:6—8, 23)

  • Оку: Мыйзам 32:45—52.

    Кудайдын Сөзү бизге кандай таасир этиши керек? (Мыйз. 32:47; Леб. 18:5; Эвр. 4:12)

  • Оку: Мыйзам 34:1—12.

    Муса Жахабаны эч качан көрбөсө да, анын Жахаба менен болгон мамилеси тууралуу Мыйзам 34:10до эмне айтылат? (Чыг. 33:11, 20; Сан. 12:8)