Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

42-аңгеме: Эшек сүйлөйт

42-аңгеме: Эшек сүйлөйт

ЭШЕКТИН сүйлөгөнүн уктуң беле? «Жок, айбанаттар сүйлөй албайт да»,— деп жооп береттирсиң. Бирок Ыйык Китепте бир эшектин сүйлөгөнү жөнүндө айтылат. Кел, анын кандайча болгонун окуп көрөлү.

Периште

Ысрайылдыктар Канаан жерине кирүүгө дээрлик даяр турган. Маап падышасы Балак алардан абдан коркот. Ошондуктан Билам аттуу куу адамды ысрайыл элин каргап берүүгө чакыртат. Балак көп акча убада кылгандыктан, Билам эшегин минип жолго чыгат.

Жахаба өз элин, ысрайылды, Биламдын каргашын каалабайт. Ошондуктан анын жолун тосуп, токтотуу үчүн, колуна кылыч кармаган периштесин жиберет. Билам периштени көрбөйт, эшек болсо көрөт. Эшек периштеден качууга аракеттенип, акыр-аягы жолго жатып алат. Биламдын каары кайнап, эшегин таягы менен сабап кирет.

Ошондо Жахаба Биламды эшегинин сүйлөгөнүн уккудай кылып коёт. Эшек: «Мен эмне кылдым, мени эмнеге сабайсың?» — деп сурайт.

Эшек үстүндөгү Билам

— Мени шылдыңдаганың үчүн. Эгер колумда кылыч болсо, өлтүрүп салмакмын! — дейт Билам.

— Мурда ушундай кылчу белем? — деп сурайт эшек.

— Жок,— деп жооп берет Билам.

Анан Жахаба Биламдын көзүн ачканда, ал жолун тосуп турган периштени көрөт. Периште: «Эмне үчүн эшегиңди сабадың? Мен сенин жолуңду тосуш үчүн чыктым, анткени сен ысрайылдыктарды каргабашың керек. Эшегиң менден бурулуп кетпегенде, мен сени өлтүрмөкмүн да, эшекке эч зыян кылмак эмесмин»,— дейт.

Билам: «Мен күнөө кылдым. Сенин жолдо турганыңды билген жокмун»,— дейт. Периште Биламды коё берет, ал Балакка карай жолун улантат. Билам баштагыдай эле ысрайылдыктарды каргоого аракеттенет, бирок Жахаба аны ысрайылдыктарга үч ирет алкыш айтууга мажбур кылат.

Сандар 21:21—35; 22:1—40; 23:1—30; 24:1—25.



Суроолор

  • Балак деген ким жана ал Биламды эмнеге чакыртат?
  • Эмне үчүн Биламдын эшеги жолго жатып алат?
  • Эшек Биламга эмне деп айтат?
  • Периште Биламга эмне дейт?
  • Билам ысрайыл элин каргоого аракеттенгенде, эмне болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Сандар 21:21—35.

    Эмне үчүн ысрайылдыктар Амор падышасы Сихонду жана Башан падышасы Огду жеңип алышкан? (Сан. 21:21, 23, 33, 34)

  • Оку: Сандар 22:1—40.

    Билам Ысрайылды кандай максат менен каргоого аракеттенген жана мындан кандай сабактарды алсак болот? (Сан. 22:16, 17; Накыл 6:16, 18; 2 Пет. 2:15; Жүй. 11)

  • Оку: Сандар 23:1—30.

    Билам Жахабага сыйынган кишидей сүйлөсө да, чындыгында андай адам болбогону иш-аракетинен кандайча көрүнгөн? (Сан. 23:3, 11—14; 1 Шем. 15:22)

  • Оку: Сандар 24:1—25.

    Ыйык Китептеги бул билдирүү Жахабанын ой-ниеттери сөзсүз аткарыларына болгон ишенимибизди кандайча бекемдейт? (Сан. 24:10; Ыш. 54:17)