Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

37-аңгеме: Сыйынууга арналган чатыр

37-аңгеме: Сыйынууга арналган чатыр

СҮРӨТТӨ эмне тартылганын билесиңби? Бул — Жахабага сыйынууга арналган чатыр. Ал жыйын чатыры деп да аталат. Ысрайылдыктар аны Мисирден чыкканына бир жыл болгондо курушкан. Чатыр кимдин көрсөтмөсү боюнча жасалганын билесиңби?

Жыйын чатыры

Жахабанын көрсөтмөсү боюнча. Муса Синай тоосуна чыкканда, Жахаба ага чатырды кантип жасоо керектигине байланыштуу көрсөтмө берген. Кудайдын айтканы боюнча, чатыр бөлүктөргө оңой бөлүнгүдөй, башка жакка алып барып кайра тиксе болгудай кылып жасалган. Ошондуктан ысрайылдыктар чөлдө бир жерден экинчи жерге көчкөндө чатырды кошо ала жүрүшкөн.

Чатырдын төр жагындагы кичинекей бөлмөнү карасаң, ал жактан сандыкты көрөсүң. Ал — келишим сандыгы. Анын эки жагына алтындан жасалган эки периште (керуп) орнотулган. Муса мыйзам жазылган эки жалпак ташты талкалагандыктан, Кудай башка эки жалпак ташка Он осуятты кайра жазып берет. Ал таштар келишим сандыгында сакталчу. Анда манна салынган идиш да турчу. Манна эмне экени эсиңдеби?

Жахаба Мусанын биртууганы Арунду башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындайт. Ал ысрайылдыктарды Жахабага сыйынууда жетектейт. Анын балдары да ыйык кызмат кылуучулар.

Эми чатырдын чоң бөлмөсүн карасаң. Ал кичинекей бөлмөдөн эки эсе чоң. Андагы түтүн чыгып жаткан кутуну же сандыкты көрдүңбү? Ал — курмандык чалынуучу жай, ага ыйык кызмат кылуучу жыпар жыттуу зат деп аталган нерсени түтөтчү. Ал жерде жети шамчырагы бар шамана да турат. Үчүнчү буюм — үстөл. Анын үстүндө дайыма 12 нан турчу.

Жыйын чатырынын короосунда суу толтурулган чоң идиш бар эле. Аны ыйык кызмат кылуучулар жуунуу үчүн колдонушчу. Андан сырткары, короодо курмандык чалынуучу жайдын чоңу турчу. Анын үстүндө Жахабага арналып союлган мал өрттөлчү. Чатыр кошуундун дал ортосунда жайгашып, ысрайылдыктар болсо анын тегерегиндеги чатырларда жашашкан.

Чыгуу 25:8—40; 26:1—37; 27:1—8; 28:1; 30:1—10, 17—21; 34:1, 2; Эврейлерге 9:1—5.



Суроолор

  • Бул сүрөттө эмне тартылган жана ал кандай максатта колдонулган?
  • Эмне себептен Жахаба жыйын чатырын бөлүктөргө оңой бөлүнгүдөй кылып жасоону буйруган?
  • Чатырдын төр жагындагы бөлмөдө турган сандык эмне деп аталган жана анын ичинде эмне бар эле?
  • Жахаба башкы ыйык кызмат кылуучу кылып кимди дайындаган жана анын милдетине эмне кирген?
  • Чатырдын чоң бөлмөсүндө сакталган үч нерсени атап бер.
  • Жыйын чатырынын короосунда кайсы эки нерсе бар эле жана алар кандай максатта колдонулган?

Кошумча суроолор

  • Оку: Чыгуу 25:8—40; 26:1—37; 27:1—8 жана 28:1.

    «Келишим сандыгынын» үстүндөгү керуптар эмнени билдирип турган? (Чыг. 25:20, 22; Сан. 7:89; 2 Пад. 19:15)

  • Оку: Чыгуу 30:1—10, 17—21; 34:1, 2 жана Эврейлерге 9:1—5.

    Эмне себептен Жахаба жыйын чатырында кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулардын таза болушу керектигин баса көрсөткөн жана бул бизге кандай таасир этиши керек? (Чыг. 30:18—21; 40:30, 31; Эвр. 10:22)

    Элчи Пабыл эврейлерге кат жазганда жыйын чатыры менен Мыйзам келишими мурункудай мааниге ээ болбой калганын кантип көрсөткөн? (Эвр. 9:1, 9; 10:1)