Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

35-аңгеме: Жахаба мыйзамдарын берет

35-аңгеме: Жахаба мыйзамдарын берет

МИСИРДЕН чыгышканына эки айдай болгондо, ысрайылдыктар Синай (Хореп деп да аталган) тоосуна келишет. Ушул жерден Жахаба күйүп турган бадалдын ичинен Мусага сүйлөгөн болчу. Ысрайылдыктар ал жерге чатырларын тигип, бир канча убакыт жашашат.

Эл тоонун этегинде калат, Муса болсо тоого чыгат. Ал жактан Жахаба ага ысрайылдыктардын Өзүнө баш ийишин жана өзгөчө эли болушун каалаарын билдирет. Тоодон түшүп келген соң Муса элге Жахабанын эмне дегенин айтып берет. Ысрайылдыктар Жахабанын эли болууну каалашарын айтып, ага баш ийүүнү убада кылышат.

Жахаба андан кийин адаттан тыш бир нерсе жасайт. Ал тоонун чокусун түтөтүп, жаңырган үн чыгарат. Анан элге: «Мен Жахабамын, силерди Мисир кулчулугунан чыгарган Кудайыңармын»,— дейт. Ошондой эле: «Менден башка кудайларга сыйынбашыңар керек»,— деп айтат.

Эки жалпак таш

Кудай мындан тышкары дагы тогуз осуят, башкача айтканда, мыйзам берет. Элдин үрөйү учуп, Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, себеби бизге Кудай сүйлөсө өлүп калабызбы деп коркуп жатабыз»,— дешет.

Кийинчерээк Жахаба Мусага мындай дейт: «Мага тоого чыгып кел. Мен сага эки жалпак ташка жазылган мыйзамдарды берем. Элим ошол мыйзамдарга карманышсын». Муса тоого дагы чыгып, 40 күн, 40 түн ошол жерде болот.

Кудай өз элине көптөгөн мыйзамдарды берет. Муса алардын баарын жазып алат. Кудай Мусага эки жалпак ташты да берип, аларга Өзү он осуятты жазат. Ал мыйзамдарды буга чейин Кудай элге айткан болчу. Алар Он осуят деп аталат.

Муса Синай тоосунда

Он осуят абдан маанилүү мыйзам болуп эсептелет. Бирок Кудай ысрайылдыктарга башка дагы көптөгөн мыйзамдарды берет. Алардын бири мындай: «Жахаба Кудайды чын жүрөгүң, жан-дилиң, бардык күч-кубатың менен сүй». Дагы биринде: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айтылат. Кудайдын Уулу Ыйса бул эки осуятты Жахаба ысрайылдыктарга берген мыйзамдардын эң маанилүүсү деп айткан. Кийинчерээк Кудайдын Уулу жана анын окутуулары тууралуу көбүрөөк билебиз.

Чыгуу 19:1—25; 20:1—21; 24:12—18; 31:18; Мыйзам 6:4—6; Лебилер 19:18; Матай 22:36—40.



Суроолор

  • Мисирден чыкканына эки айдай болгондо, ысрайылдыктар кайсы жерге келип токтошот?
  • Жахаба ысрайылдыктардын эмне кылышын каалаарын айткан жана алар эмне дешкен?
  • Эмне үчүн Жахаба Мусага эки жалпак таш берген?
  • Жахаба ысрайылдыктарга Он осуяттан тышкары дагы кандай мыйзамдарды берген?
  • Ыйса Машайак кайсы эки мыйзамды эң маанилүү деп айткан?

Кошумча суроолор

  • Оку: Чыгуу 19:1—25; 20:1—21; 24:12—18 жана 31:18.

    Чыгуу 19:8деги сөздөр Жахабага арналуу эмнени билдирерин түшүнүүгө кандайча жардам берет? (Мт. 16:24; 1 Пет. 4:1—3)

  • Оку: Мыйзам 6:4—6; Лебилер 19:18 жана Матай 22:36—40.

    Ыйсанын жолдоочулары Кудайга жана жакындарына болгон сүйүүсүн кантип көрсөтүшөт? (Мр. 6:34; Элч. 4:20; Рим. 15:2)